00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Интернети жок окуучулар үйдөн кантип окушат? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековПоздравление детей в рамках проекта "Новогодняя мечта" в Бишкеке
Поздравление детей  в рамках проекта Новогодняя мечта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине акчасы жок болгондуктан провайдерлер интернетин өчүрүп салганын, мындан улам балдарын аралыктан кантип окутушту билбей жаткан ата-эне кайрылган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Интернетке акчасы жок окуучулар теледен видеосабакты угуп, үй тапшырмаларын WhatsApp, Zoom, Google Classroom тиркемелери аркылуу мугалимине жөнөтүп турат. Аталган тиркемелер MegaCom байланыш түйүнүнүн сим-картасы менен бекер болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Акылбек Орозматов билдирди.

Университеттеги профессор онлайн-сабакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл абитуриенттер окууга онлайн кабыл алынышы мүмкүн
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус кырдаалына байланыштуу окуучулар IV чейректи дистанттык тартипте окууга камынышууда.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине акчасы жок болгондуктан, провайдерлер интернетин өчүрүп салганын, мындан улам балдарын аралыктан кантип окутушту билбей жаткан ата-эне кайрылган.

Орозматовдун айтымында, интернетти кенен-кесир колдонууга мүмкүнчүлүгү жок окуучулар теле аркылуу сабак алышат. Видеосабактар 8-апрелден тарта "Баластан" КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), "Илим-Билим" ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" көрсөтүлөт.

"Интернетке акчасы жок окуучулар теледен видеосабакты угуп, үй тапшырмаларын WhatsApp, Zoom, Google Classroom тиркемелери аркылуу мугалимине жөнөтүп турат. Бул тиркемелер MegaCom байланыш түйүнүнүн сим-картасы менен бекер болот. Компания ар бир мугалимге жана окуучуга акысыз сим-карта берүүнү пландап жатат. Артыкчылыгы — баланста каражат жок болсо да окууга тиешелүү тиркемелер жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, WhatsApp тиркемеси акысыз иштейт", — деди Орозматов.

Орозматов MegaCom сим-карталары бар окуучу, мугалимдер аталган компаниянын операторлору менен байланышса, алар тиешелүү корпоративдик тарифке кошуп берет. Ал эми сим-картасы жокторго компания аны бекер таратат.

Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Чын жүрөктөн ой бөлүшкүм келди. Билим берүү министри ата-энелерге кат жолдоду
"Мындан сырткары, MegaCom компаниясы "МЕГА 24" тиркемесин иштеп чыкты. Азыркы учурда анын мазмунун толтуруу иштери жүрүп жатат. Тиркемеде oku.edu.gov.kg. порталындагы классына жана предметине бөлүштүрүлгөн видеосабактар, окуу материалдары, теледен берилчү сабактардын жадыбалы, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер болот. "МЕГА 24" тиркемесин баланста акча жок болсо колдонула берет", — деди Орозматов.

Аталган байланыш компаниясынын маалымат катчысы Жумгалбек Өмүрканов азыркы тапта акысыз сим-карталар мугалимдерге таратыла баштаганын айтты.

"Өлкө боюнча 80 миңге чукул мугалим бар экен. Азыркы тапта аларга сим-карталарды таратуу иштери башталды. Аймактагылар алып жатканын айтышты. Бирок толук таратылып бүтө элек. Мугалимдер бүткөн соң окуучуларга бериле баштайт. Өлкөдө бир миллиондон ашык окуучу бар экен. Аларды да акысыз байланыш менен камсыз кылууну жетекчилик караштырып жатат. Окуучу, мугалимдин арасында биздин абоненттер бар. Аларга кайрадан сим-карта берип отурбай, операторлор жөн гана тарифке кошуп коюшат", — деди Өмүрканов.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус катталганга чейин эле билим берүү мекемелеринин баары мөөнөтсүз каникулга тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0