Кыргызстанда дагы 10 адамдан COVID-19 аныкталды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБольница в Коммунарке для пациентов с подозрением на коронавирус
Больница в Коммунарке для пациентов с подозрением на коронавирус  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда жалпы бейтаптардын саны 94 болду. Буга чейин Жалал-Абадда үч адамдын айыкканы да айтылган болчу.

БИШКЕК, 30-мар. – Sputnik. Бүгүн, 30-мартта, Кыргызстандын аймагында COVID-19 жуктургандардын саны 10го көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Ушуну менен өлкө аймагында илдетке кабылгандардын саны 94кө жетти.

Жаңы учурдун бардыгы Жалал-Абад облусунан аныкталган.

“Эл себепсиз сыртка чыкканын токтотушу керек”, — деди Боронов.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94кө жетти

Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда — 50, Ош облусунда — 24, Чүй облусунда — 3, Баткен облусунда — 1, Ош шаарында — 8, Бишкек шаарында — 7, Нарын облусунда 1 учур катталган.  Бейтаптардын 53ү аял болсо, 41и — эркек киши. 

Бирок 30-март күнү бейтаптардын алгачкы үчөө коронавирусту жеңгени аныкталды. 

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0