20:53 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Коом
Кыскача шилтеме алуу
135400

Ушул тапта дүйнө коронавирус пандемиясынан катуу чочуп турганда Орто Азияда жашап өтүп, дүйнөлүк медицина илимине орто кылымда эле таң каларлык ачылыштарды киргизген Абу Али ибн Сина эске келет.

Биз бүгүн ошол энциклопедист окумуштуу, акын, агартуучу тууралуу 8 факт сунуштайбыз.

Толук аты-жөнү, туулган жери. Борбор Азияны дүйнөгө тааныткан жана жалпы дүйнөлүк медициналык билимге чоң салым кошкон илимпоз-энциклопедиячынын аты-жөнү Абу Али аль-Хусейин ибн Абдуллах ибн Сина. Аны Батышта Авиценна деп аташкан, ал эми жөнөкөй эл, анын ичинде кыргыздар, Улукман аким деп табыптардын пири катары санашкан. Ошол кезде Саманийлер дөөлөтүнүн борбору катары ири маданий, илимий, соода очогу болгон Бухаранын четиндеги азыр Өзбек Республикасына караган Афшана кыштагында туулган. Бул ошол кездеги жыл санак боюнча хижиранын 370-жылы эле. Азыркы биздин эсеп боюнча 980-жыл.

Билим алган кези жана ханзааданы айыктырышы. Бала эрте жетилет, беш жашында анчалык алыс эмес ал кездеги илимдин, билимдин, ислам дининин борбору болгон Бухара шаарына ата-энеси менен көчүп келет. Ал жерден окууга кирет жана абдан жөндөмдүү бала катары тез эле куранды жатка айтууга жетишет. Анын устаттары атасы, улуу ойчулдар Абу Абдуллах Натили, Исмаил Захит болгон. Ошол кездеги Борбор Азиянын гана эмес, араб, перс, грек философиясын, илимий билимдерин үйрөнөт. Он жети жашында атактуу дарыгер катары оозго алына баштап, Кордово калыйпалыгынын өкүмдары Мансур шахты оор оорудан айыктырып алат. Ошондон кийин 1002-жылдан Үргөнч шаарында Хорезм, 1012-жылдан Иран падышаларынын сарайларында жеке дарыгери жана увазири катары иш алып барат. Ошол шаарлардын атактуу китепканаларынан пайдалануу укугуна ээ болот.

Медицина жаатындагы эмгектери. Анын негизги энциклопедиялык эмгегинин бири, 1020-жылы жазылган "Тиб канону" (El-Kanun fi't-Tıb, "Медицина канону") Европада медициналык окуу жайларында окуулук катары колдонулган. Анда ооруган адамдын дарт белгисин аныктоодон тартып, эмне үчүн ошол кесел пайда болгондугу, жугуштуу жана жукпаган оорулар, ар кандай ооруларды айыктыруунун жолдору, дарылар жана алардын жасалыш жолдору ж.б. түшүнүктөр илимий маалымат, жаңы ачылыш катары айтылган. Айыккыс деп эсептелип келген суу чечек, кызамык деген ооруларды айыктыруунун дарыларын таап, боор оорусунда мүнөздөп тамак ичүүнүн жолдорун сунуш кылган. Сары оору, кулгуна, көтөн жара, кагын, менингит, ашказан жарасы ж.б. ооруларды сакайтуунун эрежелерин сунуш кылат. Адамдын анатомиясын аябай так аныктаган, байыркы Гиппократтын окуусун уланткан.

Энциклопедист-аалым. Ал илимдин 29 тармагында 450 эмгек жазган, ошолордун ичинен бизге 274ү гана жетти. Анын атактуу эмгеги "Шыпаа китеби" (Kitabü'ş-Şifa) 4 бөлүмдөн турат: логика, физика-математикалык илимдер, метафизика. "Билимдер китеби", "Нускоо жана насаат китеби" анын философиялык ойлорун камтыйт. Философ, математик, метафизик, астроном, музыка таануучу, ботаник, зоолог, минералог, логик, дин үйрөтүүчү, медицина тармагындагы ири изилдөөлөрдү бизге калтырды. Аларда Жердин абалы, климат, фауна жана флора дүйнөсү, алардын өсүп-өнүгүш диалектикасы, тоолордун пайда болушу, минералдардын түрлөрү жана касиеттери тууралуу да илимий пикирлер айтылган.

Улуу педагог. Ибн Сина аалым жана акын болуу менен бирге ошол эле кезде педагогиканын классиги катары да көптөгөн баалуу сунуштарды айтып, адам баласын адептүүлүккө тарбиялоонун теориясын иштеп чыккан. Инсандын эң башкы адептик сапаты – адилет, чынчыл, ак ниет болуу деп, ал адамды гармониялуу: акыл-эс, дене-бой, эмгек, адеп тарбиясында бирдей өнүктүрүп баруу зарылдыгын белгилеген. Анын этикалык концепциясы гуманизмге, адамды барктап-баалоого жана сүйүүгө негизделген. Ал мугалим-тарбиячы тууралуу да бир топ ойлорду айтат. Анын башкы өзгөчөлүгү – ар тараптан окуткан, тарбиялаган балдарына үлгү, өрнөк болушу, окутуу жана тарбиялоо усулдарынын байлыгы жана майнаптуулугу. Ибн Синанын "Үй тиричилиги жөнүндөгү трактат" деген китеби кичинекейлерге тарбия берүүчүлөрдүн колунан түшпөгөн колдонмо болду. Анда тарбиялоодогу атанын орду, эненин ролу, алар балдарга кайсыл учурда кандай тарбия берүү керектиги айтылат. Эгер бала билимдүү, ак көңүл, ар тараптан калыптанган инсан болсо гана ал адамзатка пайдалуу, жалпы элге керектүү болот деген. Бөбөккө туулганда ак ниеттүү, уккулуктуу ат коюу, аны терметип туруу, маңдайынан сылоо идеясы да ушул аалымга таандык. Анын "Билим китеби" ("Даныш-наме") аттуу эмгеги философиялык ойлорду камтып, жашоо жана анын маңызы тууралуу айтып берет. Педагогиканын дидактика бөлүмү боюнча окутуудагы себептик байланыштар принциби, тажрыйбалоо, анализдөө, синтездөө, жалпылоо, жамаатта окутуу деген идеяларга жогору маани берип, окутуунун төмөнкүдөй принциптерин сунуштайт: баланы дароо эле китепке байлап койбоо керек дейт. Андан сырткары, балдарга сунуш кылынган тапшырмалар нормага салынган жана алардын алы-күчү келген, жамаатташууга ылайыкталган, дене көнүгүүлөрү менен айкалыштырылган, баланын жөндөмдүүлүгүнө бапташкан болушу зарыл экенин айтат. Окуп-үйрөнүү жөнөкөйдөн татаалга карай акырын жүрүп отурушу кажет; көрсөтмөлүүлүк принциби; баланын индивидуалдык өзгөчөлүгүн эске алуу туурасында кеп кылган.

  • Сунуш кылган методдору: материалды ырааттуу жана биринин артынан экинчисин баяндоо;
  • логикалык иретте ой жүгүртүү;
  • теориянын практика менен байланышы;
  • жалпыдан жекеге баруу;
  • окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү;
  • жеке байкоолор;
  • эксперимент, практика ж.б.

Орто кылымдын ойчул акыны. Анын төрт саптан турган философиялык рубаилери дүйнөлүк адабиятка жаңы ыр формасын киргизгендиги менен баалуу. Бул сүйүү тууралуу трактаттары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. "Дарыгерликтин мааниси" ("Мансил фит-тиб") аттуу поэтикалык китеби 1322 сап ырдан турат да, ал дагы медициналык темага арналган, адамдардын колунан түшпөгөн китепке айланган.

Табыптыгы. Ал жугуштуу ооруларды таза адамдардан бөлүп коюу, тамыр кармоо, ысыктык жана сууктук, суу менен, чөптөр жана майлар менен дарылоо, ишендирүү менен оорулууга таасир этүү ж.б. көптөгөн ыкмаларды колдонгон.

"Табыпчылык мыйзамдары" деген эмгегинде төмөнкүчө жазат:

"Наристелер организмин жана мүнөздөрүн калыптандыруу үчүн, биринчиден, аны жеңил гана терметүү, сылоо; экинчиден, ага музыка уктуруп, ыр угузуу зарыл. Бөбөктүн буларды кандай кабыл алуусуна жараша, аларда дене көнүгүүлөрү же музыкага мамиле пайда болот. Биринчиси анын дене түзүлүшүн, экинчиси болсо рухун калыптандырат".

Ушуга карап көрсөк, биздин элдин балдарды бешикке салып, акырын терметип турушу, бала бош жатканда туугандарынын сылап коюшу, эненин бешик ырын ырдоосу – баары анын адам болуп калыптануусунда чоң мааниге ээ көрүнүштөрдөн экен.

Кыргыздар арасына уламыш катары тараган. Кыргыздар Улукман аким тууралуу көптөгөн аңыз сөздөрдү айтып келет. Анын бири мындай: өлбөстүктүн дарысын тапкан дешет, ал киши адамды тетиктерге ажыратып, бөлүк-бөлүк кылып таштап, кайра улаштырып, тикелеп, бастырып койчу экен. Анан ошол киши шакирттерине өлбөстүктүн дарысын берет, мен өлүп бара жатканда ушуну ичиргиле дейт, чын эле өлүп баратканда шакирттердин бири – кызганчаагы жана наамарты ага ошол дарыны ичирбей коёт, устаз өлөт, калган шакирттери ал дарынын кошулмаларынын бир сырын билбей кала берет деп айтылат эл ичинде.

Ал 1037-жылы 21-июнда Хамадан шаарында каза болгон.

Тема боюнча

Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги
Коронавирус менен россиялык армия кантип күрөшөт? Саресеп
Жээнбеков Абылгазиевди кабыл алып медиктерге бүт шартты түзүп берүүгө чакырды
Белгилер:
тарых, коронавирус, аалым, кызамык

ЭҢ МААНИЛҮҮ