00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда үй карантинине алынгандар үчүн 9 эреже

© AFP / CRISTINA QUICLERАял диванда отуруп жаткан убакытта
Аял диванда отуруп жаткан убакытта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдын билдиришинче, учурда Кыргызстандагы обсервация жайларында 321 адам кармалууда. Ал эми үй карантининде 1229 адам бар.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги үй карантинине алынган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү вирустун таралышына жол бербөө үчүн кандай эрежелерди сактоосу керектигин айтып берди.

Мекеменин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору үй карантининдеги адамдарга бир нече эрежелерди сунуштайт:

  • үйдөн чыкпоо зарыл;
  • өзүнчө, жакшы желдетиле турган, эшиги жабылуучу бөлмөдө болуу кажет. Бөлмөдөн зарылчылыкка жараша гана (даараткана, жуунуучу бөлмө) жана кыска убакытка чыгууга уруксат берилет. Ошол эле учурда ооз жана мурун бет кап менен жабылууга тийиш;
  • жөтөлүп же чүчкүрүп жаткан учурда ооз менен мурунду бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жапкан жакшы. Колдонулган кагаз бет аарчыларды оозу жабылуучу таштанды челекке таштоо керек. Мындан соң колду самындап жууп же аларды спирт камтылган антисептикалык каражат менен дезинфекциялоо зарыл;
  • колду тамак даярдаганга чейин жана даярдагандан кийин, тамактанаардын алдында, дааратканага баргандан кийин 20 секунддан кем эмес убакытта самындап жууп туруу сунушталат. Колду аарчыш үчүн бир жолу колдонулуучу кагаз майлыктарды колдонгон жакшы;
  • тамак-ашты өз бөлмөсүндө жалгыз ичүүсү керек;
  • жеке буюмдарды — идиш-аяк, сүлгү, шейшеп жана башкаларды пайдалануу зарыл;
  • өзүнүн бөлмөсүндөгү эмеректердин беттерин жана көп колдонулуучу буюмдарды күн сайын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, дезинфекциялоо керек;
  • температура, респиратордук симптомдор же башка медициналык көйгөйлөр болсо 103 номерине байланышсын. Сөзсүз түрдө үй карантиндеги адам кайрылып жатканын белгилөөсү керек;
  • дарылоо мекемесине өз алдынча барууга тыюу салынат.

Ал эми үй карантининдеги адамдын жакындары төмөнкү эрежелерди сакташы керек:

  • карантин бөлмөсүнө ашыкча адамдарды киргизбөө. Өнөкөт оорусу жок бир гана адам үй карантининдеги адам менен байланышта болгону жакшы;
  • үйгө сырттан бөтөн адамдар келбеши керек;
  • үй-бүлө мүчөлөрү колдорун тез-тезден жууп турууга тийиш;
  • бөлмөлөрдү бат-баттан желдетип, тазалап туруу керек;
  • карантин бөлмөсүнө кирген учурда ооз жана мурунду жаап турган, жылчыксыз тартылган медициналык бет кап тагынуу зарыл. Масканын аркасындагы резинкасын кармап чечип жана оозу жабылуучу таштанды чакага таштоо керек. Колдонуп жаткан учурда бет капка кол тийгизүүдөн сак болуу сунушталат;
  • карантиндеги адамдын бөлмөсүндөгү буюм-тайымдарды, кийим, шейшептерин жана башка нерселерин кармоодо бир жолу колдонула турган кол каптарды пайдалануусу шарт;
  • карантиндеги адамдын кир кийимдерин жууганга чейин өз бөлмөсүндө баштыктын ичинде кармоо керек;
  • ал адамдын идиш-аяк, кийим-кечесин кадимки каражаттар менен жууганга болот.

Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штаб оору жайылган кооптуу өлкөлөрдү эки категорияга бөлдү. Биринчиси вирус жуктургандардын саны 1000ден ашкан мамлекеттер болуп эсептелинип, ал жактан келгендер 14 күндүк карантинден өтөт.

Ал эми экинчи категорияда оорулуулары 1000ге чейинки өлкөлөр кирип, ал жактан келгендер 14 күн үй карантининде болушат.

Учурда Кыргызстанда обсервация жайларында 321 адам кармалууда. Ал эми үй карантининде 1 229 адам бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0