09:21 26 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.6468
  • EUR80.2603
  • RUB1.0246
Коом
Кыскача шилтеме алуу
884 0 0

Учурда териштирүү иштери башталды. Күбөнүн айтымында, балалуу аялдын коляскасы эч кимге жолтоо болгон эмес, себеби бүктөлүп бурчта турган. Жүргүнчү өзү дагы орундукта отурбай, туруп турган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте балалуу аялды жулкулдаткан №185 маршрутканын айдоочусу иштен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эске салсак, кечээ, 5-мартта, күбө маршруткага коляскасы менен кирген балалуу аялды айдоочу "көп орунду ээлеп жатасың" деп транспорттон жулкулдатып түшүрүп салганын айтып, видеосун жиберген. Анын айтымында, аныгында коляска эч кимге жолтоо болгон эмес, себеби бүктөлүп бурчта турган. Аял өзү дагы орундукта отурбай, туруп турган.

"Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуну тапты. Учурда айдоочу жана "ТрансГруппКоммуникейшн" фирмасынын жетекчилери менен териштирүү иштери жүрүүдө. Тергөө амалдары аяктаганча айдоочу иштен четтеп турат", — дешти мэриядан.

Коомдук транспорттун иши боюнча маселе жаралса, шаар тургундары төмөнкү номерлер аркылуу кабарлай алышат:

  • Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы — 0703075727;
  • Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы — 0559733866;
  • Бишкек шаардык жүргүнчү ташуу автотранспорттук ишканасы — 0553 022 753, 0772 173 743 (WhatsApp).

Тема боюнча

Жолтандабас кагып, маршрутканын ичиндеги кишилер ыргып кеткен видео
Белгилер:
аял, бала, маршрутка, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ