Дача СУга кулаган учак. Каргашанын себеби айтылган отчёт чыкты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектин четиндеги Дача Су айылынгады авиакырсык. Архив
Бишкектин четиндеги Дача Су айылынгады авиакырсык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакырсыктан Дача СУнун 35 тургуну жана экипаждын төрт мүчөсү каза тапкан. Бир жылдан соң каргаша болгон жерге мемориал тургузулуп, набыт кеткендердин аты-жөнү чегилген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Мындан үч жыл мурда Бишкектин четиндеги Дача Су айылына жүк ташуучу учак экипаждын кетирген катачылыгынан улам кулаган. Бул тууралуу Мамлекеттер аралык авиация комитетинин акыркы отчётунда айтылды.

"Boeing 747-412F TC-MCL учагынын кырсыкка учурашына түн ичинде конуу учурунда самолёттун кыймылынын траекториясы эске алынган эмес. Экипаждын экинчи айлампага чыгуу боюнча өз убагында чара көрбөгөнүнөн улам кыйроого учураган", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан

Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Үйү сейил бакка, баласы топуракка айланып... Авиакырсыктан көз жумгандар эскерилди
Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Учурда бардык каза болгон адамдардын жакындары менен жабыркагандарга компенсация төлөнүп бүткөн.

Кийинчерээк Boeing Гонконг — Стамбул каттамы менен учуп баратканы белгилүү болгон. Бишкекке май куюу үчүн конмок. ACT Airlines компаниясына таандык учак Turkish Airlines тарабынан ижарага алынган.

Бир жылдан соң каргаша болгон жерге мемориал тургузулуп, набыт кеткендердин аты-жөнү чегилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0