08:30 26 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.6468
  • EUR80.2603
  • RUB1.0246
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1259 0 0

25 жаштагы Чыңгыз Оморов Вашингтондо киберкоопсуздук жаатында билим алат. Акыры бир күн Кыргызстанга кайтып, салтка ылайык, ата-энеси менен бирге турарын айтат.

Чыңгыз Оморов — болочоктогу программист. Түркиянын мыкты университетин аяктап гана тим болбой, америкалык окуу жайга тапшырган. Жаш мекендешибиз чет өлкөдө билим алуунун оош-кыйышынан кеп салды.

— Өзүңүз туурасында билсек...

— Үч бир тууганбыз, эки эжем бар, мен ата-энемдин көкүрөк күчүгүмүн. 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Чыңгыз Оморов: Жергиликтүү кызды табууга аракет кылам. Мага кыргызстандык кыздардын үй-бүлө курганга чейин эле турмушка бышып калганы жагат. Турмушка чыкканда үй тиричилигин оңой эле эптештирип кетишет.

— Кыргыздын салты боюнча кенже уул ата-энеси менен жашайт эмеспи. Буга кандай карайсыз?

— Мен дагы салтты улайм, апам кенедейимден алар менен бирге жашоого тийиш экенимди кулакка куюп келген. Азыр 25 жашта элемин, жакынкы эки-үч жылда үйлөнбөйм.

— Кыргызстандык кызга үйлөнгүңүз келеби же Түркия менен Америкадан колукту издеп жүрөсүзбү?

— Жергиликтүү кызды табууга аракет кылам. Мага кыргызстандык кыздардын үй-бүлө курганга чейин эле турмушка бышып калганы жагат. Турмушка чыкканда үй тиричилигин оңой эле эптештирип кетишет.

Түркияда окуп жүргөнүмдө көп кыздардын жумуртка да кууруй албаганын байкадым. Ал жакта билим алууга аябай көңүл бөлүнүп, кыздар окуп жатканда тамак жасоого мажбурлашпайт.

Ата-энем менен бирге жашоого ниеттенгендиктен, биздин салтыбыз менен тарбияланган кыргызстандык кызга үйлөнүүгө аракет кылам. 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Фото / предоставлено Чынгызом Оморовым
Чыңгыз Оморов: Түркияны мусулмандык өлкө, аялдары үйдөн жоолуксуз чыкпайт, эркектери көчөдө намазга жыгылышат деп элестетер элем. Көрсө, Стамбул ар кандай адамдар жашаган эбегейсиз мегаполис экен.

— Чет элдик окуу жайга өтүш үчүн мектепте сөзсүз жакшы окуш керекпи?

— Башталгыч класстарда кандай окуганың анча маанилүү эмес, бирок жогорку класстарда тырышып окуш керек. Чындыгында окуучулардын убактысы кенен. Болбогон нерселерге алаксыгандан көрө кайсы бир курстарга, маселен, англис тилине жазылгыла демекчимин.

— Чет өлкөдө байлардын уул-кыздары гана окушат деген пикир бар. Мектептен кийин түрк окуу жайына өтүш канчалык оор болду сизге?

— Түркияда билим алууну пландаган эмесмин. Ар кандай өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү келген жарманкеге баргам. Түрк университетинин өкүлдөрү мага жетиштүү балл топтой алсам арзандатуу да, стипендия да берилерин айтып калышты.

Окуунун жылдык акысы 12 миң доллар экен, мен 50 пайыздык арзандатуу менен өттүм. Андан тышкары, өз адистигимди өздөштүрүү боюнча мыкты студент деп табылып, экинчи, үчүнчү, төртүнчү курстарды акысыз окудум. 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Фото / предоставлено Чынгызом Оморовым
Чыңгыз Оморов: Окуунун жылдык акысы 12 миң доллар экен, мен 50 пайыздык арзандатуу менен өттүм. Андан тышкары, өз адистигимди өздөштүрүү боюнча мыкты студент деп табылып, экинчи, үчүнчү, төртүнчү курстарды акысыз окудум.

— Стамбулдан алган алгачкы таасирлериңиз кандай болду?

— Ачыгын айтсам, адегенде дендароо болгом. Түркияны мусулмандык өлкө, аялдары үйдөн жоолуксуз чыкпайт, эркектери көчөдө намазга жыгылышат деп элестетер элем. Көрсө, Стамбул ар кандай адамдар жашаган эбегейсиз мегаполис экен.

— Биздин группада Кытайдан келген жигит окучу. Баары ага жакшы мамиле кылчу, бирок тил айырмачылыгынан, экинчиден, менталитеттин ар бөлөктүгүнөн улам эч ким аны менен жакын сүйлөшчү эмес. Түрк студенттери менен сиз кантип тил табышар элеңиз?

— Алар менен бирге гана окубастан, жатаканада бир бөлмөдө жашагам. Кыргыз жана түрк тилдери тектеш болсо да башта алардын тилин түк түшүнчү эмесмин, ошондуктан жаңсап сүйлөшүүгө туура келген. Тамак-аш сатып алууга сыртка чыгыштан да айбыкчумун.

Үч ай өткөндөн кийин гана бири-бирибизди түшүнө баштадык. Түркиялык көп балдар менен достоштум. Аларды жаштайынан түрк тилдүү элдерге жакындыгыбызды айтып тарбиялашат экен. Кыргызстандан экенимди укканда дайым жардамдашууга аракет кылышчу. Түрктөр бизге бөтөнчө мамиле кылышат. 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Чыңгыз Оморов: Бош убактым көп, болбогон нерселер менен алек боло баштаганымды аңдадым. Кынык алып алган кырдаалдан чыгайын дедим да АКШга магистратурага тапшырдым.

— Окуу татаал беле?

— Ооба, алардын мектеп программасы татаалыраак, андыктан алгач артта калдым. Англис тилим да жогорку деңгээлде эмес эле. Жаңы бир предмет башталганда, адегенде орусча сайттарды карап чыгып, анан гана англис тилинде окуй баштачумун.

Ал жактан дароо эки диплом алып чыктым: бир адистигим электроника жаатында, экинчиси — программалоо боюнча инженер. Ошондуктан убактымдын баарын окууга гана жумшачумун.

— Түркияда программист болуп иштөөгө да үлгүрүпсүз?..

— Ооба, мага маянасы миң долларлык жумуш сунушташкан. Түркияда экономикалык кырдаал оңой эмес, лиранын куну улам алмаша берет, ошондуктан мындай айлык мага жетчү.

Ишимди жеңил эле аткарып койчумун. Жети сааттык иш күнү, аптада эки күн дем алыш. Бош убактым көп, болбогон нерселер менен алек боло баштаганымды аңдадым. Кынык алып алган кырдаалдан чыгайын дедим да АКШга магистратурага тапшырдым. 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Фото / предоставлено Чынгызом Оморовым
Чыңгыз Оморов: америкалыктар мыйзамды катуу сыйлашат. Эгер мыйзам бузсаң, дароо полицияга кабар бериши ыктымал. Ошондуктан абдан этият болуп, эрежелерди жана каадаларын сактоого тийишсиң.

— Билишибизче, Америкада билим алуу оголе кымбат.

— Ооба, жылына болжол менен 30-40 миң доллардын тегереги, бирок мага 75 пайыз арзандатуу беришти. Окууга эч ким эч кимди мажбурлабайт. Эгер бир предметтен кулап калсаң, анда келерки жылы кайра ошол предметти аласың. Бирок 4,5 миң доллар төлөйсүң.

Экзаменди 10 студенттен бир-эки гана киши тапшыра албай калат. Билим алуу үчүн ошончо каражат сарптап жаткан соң андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо зарыл!

— Сиз окуган университет Вашингтондо жайгашкан экен. Америка Кошмо Штаттарынын борбор шаарындагы турмуштан кеп салсаңыз.

— Бул Бишкектей болгон чакан калаа. Калкы — 1 миллион киши. Мага архитектурасы жагат: имараттар Капитолийден бийик болбосун деген эрежелер сакталат, ошондуктан үйлөр 10 кабаттан ашык курулбайт.

Чындап эле Бишкек сымал, бирок таза, тынч жана абдан кымбат шаар. Мисалы, үч дос эки бөлмөлүү батирди ижаралайбыз, ар бирибиз айына 800 доллардан чыгарабыз.

Кафеде (ресторан дагы эмес) тамактанууга 20-25 доллар кетет, бул бир жарым миң сомдун тегереги. Коомдук транспортко жол кире студенттерге айына 40 доллардай чыгат (2 800 сом). 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Фото / предоставлено Чынгызом Оморовым
Чыңгыз Оморов: АКШга тил билбей барсаң өтө кыйын. Жөнөкөй эле тамак буюртма кылууга же шаар ичинде жүрүүгө деле англис тили керек. Мурда мен тилди билем, андан көйгөй жаралбайт деп ойлочумун, Америкага келгенден кийин элдин тилин түшүнбөй кыйналгам.

— АКШда жашаган россиялык блогерлердин көбү сатыкта тамак-аштын кичине таңгагы жок, чоң таңгакта гана сатылат деп нааразы болушат. Мындай азыктануудан улам америкалыктар ашыкча салмактын азабын тартышат. Сиз ушундай көйгөйдү байкай алдыңызбы?

— Ооба, жергиликтүү кафелерде да табакка тамакты толтура салышат. Мисалы, Түркиядагы "МакДональдста" Америкадагысына караганда порциялар алда канча кичине. Ал эми айрым тамактануучу жайларда газдалган суусундуктарды каалашыңча иче берсең болот.

Супермаркеттерде улам ар кандай акцияларды өткөрө беришет, мисалы, үч баштык чипсы алсаң, төртүнчүсү сага белек. Сатып алуучуларды ушинтип кызыктырып жатып, америкалыктардын дүкөндө түрткөн арабасы азык-түлүккө толуп чыгат.

Ошону менен катар эле сергек жашоо мүнөзү да кеңири жайылган. Эгер этикеткасында "органик" деп жазылуу болсо, демек, дал ошол азыкты сатып алууга аракет кылышат.

— Биздин мектептерде сабакта көчүрүп же сабакка келбеген досторун мугалимге сатышпайт. АКШда андай кадыресе көрүнүш, себеби бала чагынан бери бири-бирине атаандашып окушарын эшиткеним бар.

— Ооба, атаандаштык өтө күч, баары ийгиликке жеткиси келет. Кантип миллионер болуу керек деген тилеги да курч, бул ар бир америкалыктын канында бар. Ошентсе да алар мыйзамды катуу сыйлашат. Эгер мыйзам бузсаң, дароо полицияга кабар бериши ыктымал. Ошондуктан абдан этият болуп, эрежелерди жана каадаларын сактоого тийишсиң. 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Чыңгыз Оморов: Карасанатай адамдар сиздин банк карталарыңыз тууралуу маалымат алууну көздөшөт. Жеке сүрөттөрдү алгандан да артка тартышпайт, аларды шантаж кылуу үчүн пайдаланышат. Куру дегенде эле сиздин баракчаңыз аларга спам жөнөтүү үчүн керек.

— Айрым кыргызстандыктардын АКШга жер которуу кыялы бар. Англис тилин билбесең, ал жакка көчүүнүн кажети барбы?

— Тил билбей барсаң өтө кыйын. Жөнөкөй эле тамак буюртма кылууга же шаар ичинде жүрүүгө деле англис тили керек. Мурда мен тилди билем, андан көйгөй жаралбайт деп ойлочумун, Америкага келгенден кийин элдин тилин түшүнбөйм десеңиз! Анан калса, ар биринин: ак жуумалдардын, афроамерикалыктардын, кытай, индустардын өз акценти бар… Бир аз убакыт өткөндөн кийин гана көнө баштадым.

— Киберкоопсуздукту өздөштүрүп жатыпсыз, кыргызстандыктардын бул жаатта көйгөйлөрү барбы?

— Ооба, маселе негизинен адамдардын сыр сөздөрдү туура түзө албагандыгынан улам жаралат. Көпчүлүк "123456" же "qwerty" деп коюшат. Бузуп кире албагандай кылып, тамга, сан жана символдорду аралаштырып, бекем сыр сөз киргизүүгө кеңеш берет элем.

— Бир жолкусунда Facebook баракчамды бузуп киришкен. Кире албай, кайра жаңысын ачууга аргасыз болгом. Бузган кишилер эмне пайда көргөнүн азыркыга дейре түшүнө албайм!

— Карасанатай адамдар сиздин банк карталарыңыз тууралуу маалымат алууну көздөшөт. Жеке сүрөттөрдү алгандан да артка тартышпайт, аларды шантаж кылуу үчүн пайдаланышат. Куру дегенде эле сиздин баракчаңыз аларга спам жөнөтүү үчүн керек.

Мындай учурлар күн сайын кайталанат! Бир таанышым да ушундай нерсеге кабылган, ал кайсы бир сайттан буюртма кылат, бир нече күндөн кийин эсебинен 2 миң доллар алып коюшат. Себеби ал кооптуу сайтка кирген.

Программисттер даректик сапта https чыкса, коопсуз сайт экенин, эгер тек гана http болсо, көйгөйлөр болушу мүмкүн экенин билишет. 

Студент факультета кибербезопасности в американском ВУЗе Чынгыз Оморов
© Фото / предоставлено Чынгызом Оморовым
Чыңгыз Оморов: Ата-энем менен бирге жашоого ниеттенгендиктен, биздин салтыбыз менен тарбияланган кыргызстандык кызга үйлөнүүгө аракет кылам.

— Кыргызстанга качан кайтайын деп турасыз?

— Азырынча Америкада тажрыйба топтоп алгым келет. Эгер азыр Кыргызстанда калсам, жарытарлык салым кошо албайм. Адегенде өз кесибимдин чебери болгум келет, андан кийин өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуу үчүн кайтып келсем жарашат.

Тема боюнча

120 миң долларга чейин маяна алабыз. АКШдагы программист Эсен Ниязовдун маеги
Жатаканалардагы жашоо-шарт жакшыртылмай болду. Министрдин буйругу
Белгилер:
салт, Кыргызстан, программист, билим, окуу, Түркия, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ