16:16 05 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Коом
Кыскача шилтеме алуу
515810

Доктор Айсулуу Абдиева өзүн кооптондурган кош бойлуу бейтабын эч унутпайт. "Бардык көрсөткүчтөрү жайында эле, бирок  абалы бир кызык сезилди мага", — деп эскерет ал...

Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева аялдын организминин бүт сырларын билет. Ал кайсы куракта көз жарган оң, аялдын тазалыгына доктур көңүл бурабы, интернеттеги маалыматтарга таянып дарылануу эмнеге алып келери туурасында айтып берди.

— Кепти аялдардын эне болуу жөндөмүн сактап калуучу алдыңкы ыкмаңыздардан баштасак?..

— Өтө кооптуу болгон жатын моюнчасына бойго бүтүү деген патология бар, мындайда түйүлдүк жатындын моюнчасына жабышып калат. Андай эмбрион жашап кетпей турганы анык, баарынан жаманы аялды өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Капыстан кан катуу кетиши күтүлөт. Анын алдын алуу үчүн мурда аялдын жатынын алып салышчу.

Бул органды сактап калууга боло турган ыкманы таптык. Ал кезде Кыргызстанда гистерорезектоскоп аппараты жаңыдан пайда боло баштаган. Бул жатындын ичиндеги абалды текшере турган, миома же полиптерди (ыйлаакчаларды) алып коюуга мүмкүндүк берчү видеоаппаратура. Аны биз алгач ирет жатын моюнчасындагы түйүлдүктү алуу үчүн жети жыл мурда пайдаландык.

Тааныштарым мага телефон чалып, туугандарынын бири ушундай патологияга кабылганын кабарлашты. 21 жашта, мурда эки ирет боюнан алдырыптыр, бирок абдан балалуу болгусу келет экен.

Медициналык бардык адабияттарды карап чыгып, ишке кириштик. Биздин тажрыйбада биринчи ирет болгондуктан, ал келинди бир айга чукул дарыладык. Анткени капыстан кан кетип, баары бир жатынды алып салууга аргасыз болуу коркунучу бар эле. Бейтапка асма ийне коюп, эмбрионго дары куюп жаттык. Кош бойлуулук гормону ылдыйлаганда, түйүлдүктү алып салдык.

Азыр биз дарылоону алдаганча жакшырттык, кыз-келиндер бир айлап ооруканага жатышпайт. Бул өтө сейрек патология, 2012-жылдан бери 12 операция жасадык. 10 миң аялдын бири ушундай кош бойлуулукка туш келет.

— Бейтаптарыңыз кийин төрөй алыштыбы?

— Андан көйгөй жаралбайт. Бир бейтаптын гана жолу кайгылуу болуп калды, боюна бүттү, бирок 37-аптасында кесарево жолу менен төрөтүштү, тилекке каршы, перзенти чарчап калды. Мында эч кимди айыптап болбойт, ушундай экен. Ошентсе да, биздин бейтаптардын көбү эне болушту, айрымдары бир эмес, бир нече чүрпөлүү болушту.

Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева аялдын организминин көп сырларын билет

— Мындай кош бойлуулукка эмне себеп?

— Жатын моюнчасына бойго бүтүү аялдын органдары сезгенгенде, кээде катуу стресске кабылганда да болот.

Азыр илимий жетекчим Асылбек Байгазаков менен дарылоонун бул ыкмасын патенттедик.

— Иш тажрыйбаңызда кайсы учур эсиңизден түк кеткис болду?

— Бизге толгоосу келген бир аял кайрылды. Абалын текшердим, кан басымын, жүрөгүнүн кагышын текшердим. Баары эле жакшы көрүнөт, бирок бир нерседен шекшиндим. Дасыккан врачтардын бирин чакырдым, ал да карап, бардыгы жайында, бирок эмне мандем бар экенин түшүнө албады. Акыры биз жеке туюмубузга таяна кесарево жолу менен төрөтүүнү чечтик. Бала төрөлдү, ал эми жаш эне күтүүсүздөн комага түшүп калды.

Биздин врач анын туугандарын: "Тезирээк айткыла, эмне болду эле?!" – деп жарга такады. Алар болочок эне төрөт маалындагы оорудан коркконунан аябай көп арак ичип алганын моюнга алышты. Болбосо, өмүрүндө оозуна арак албаган жан экен.

Алкоголдон улам кан басымы көтөрүлүп, баш мээсиндеги тамыр жарылып, кан каптап кетет. Бир нече профессор көрдү, баары бир ооздон сактап калууга болбой турганын айтышты. Көп өтпөй көз жумду.

— Биздин врачтар бир куулук кылышарын уккам. Кош бойлуу аял келет, төрөт боюнча макулдашат. Акча алышат, анан айы-күнү жетет, ал эми врачтарда, маселен, дем алыш. Бейтап толготуп жатканда врач бир нече саат күткүсү келбей, төрөттү тездетүүчү бир нерсе саят. Кээде оң натыйжа берет, бирок айрым учурда кесепети өтө кооптуу экен.

— Азыр андайга эч ким даап барбайт. Жаңы протоколдор боюнча аял табигый жол менен көз жарууга тийиш, аны тездетүүгө тырышуунун кажети жок. Бөркүңүздөй көрүңүз, эгер дарыгер туура эмес бир нерсе кылса, эл арыз жазбай койбойт.

Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Абдиева: жаңы протоколдор боюнча аял табигый жол менен көз жарууга тийиш, аны тездетүүгө тырышуунун кажети жок

— Азыр жеке клиникада эмгектенесиз. Биздин легендарлуу хирург Эрнст Акрамовдон маек алып калган жайым бар. Ал жеке медициналык мекемелерде иштегендер кайдагы бир керексиз анализдерди көбүрөөк акча табыш үчүн тапшырта беришерин айткан эле.

— Андай бир нече дарыгерден кабарым бар. Мисалы, бейтапты анализге жиберет, үч күндөн кийин кел дейт. Ал убакыт өткөндө консультацияга келгенинде кайра: "Байкап көрөлү, буларды ичип бүткөндө келиңиз", – деп дарыларды жазып берип жөнөтүп коёт. Анан дагы барат, андан кийин да келиш керек... Ошентип, ар бир барганында анализге, консультацияга, процедураларга төлөй берет.

Мен антпейм, бейтаптарым тастыктап береттир. Көп аялдар бир жолу ири сумманы короткондон кийин кайра врачка барбайт. Эркектер айыгыш үчүн болгон акчасын жумшайт, ал эми аял: "Чыдайын. Андан көрө ушул 500 сомго балама баш кийим алып берейин", – дейт.

— Өткөндө Кыргызстандагы статистикалык маалыматтарды карап чыгып, бизде жыныстык жактан жугуучу инфекцияларга кабылгандардын саны кыскарганын көрдүм. Эмне болду? Чындап эле биз сифилис, хламидиоз жана гонореяны жеңип чыктыкпы?

— Жок, адамдар оорубай калышпады. Көп кыргызстандыктар сабаттуу боло түштү, бир белгини байкаганда дароо лабораторияга мазок тапшырышат. Анализдери ошол ооруларга оң чыкканда, дароо интернетти баракташат. Дарылануунун ыкмаларын таап, өз алдынча дарыланышат да, андай оорунун өнөкөт түрүн жаратып алышат!

Бейтап таблетка ичет, толук курс да албайт. Белгилери жоюлат, айыктым деп ойлойт, бирок оору аныгында дале бар, жөн гана ал өнөкөт стадияга өтүп кетет. Эгер ал белгилерин басып койбогондо, сөзсүз дарыгерге кайрылып, ал туура дарыламак.

— Мындай өзүм билемдик менен дарылануу канчалык кооптуу?

— Тукумсуздук. Азыр мындай өнөкөт оорулардын айынан ич көңдөйүндө спайка пайда болгон учурлар өтө көп болууда. Кээде операция маалында ошол спайканын айынан цемент куюлгандай баары бүтөлүп калганын көрөбүз.

Албетте, андай убакта биз эч кандай жардам бере албайбыз: ичеги-карынды жабыркатып алуу өтө кооптуу. Эгер аял бизге өзү басып келген болсо, анын майып болуп кетишин ким кааласын. Айтор, эгер аял кычышууну, кандайдыр ыңгайсыздык сезсе, интернетти казып отурбай, гинекологго чуркасын. Ошондой эле башамалан жыныстык катнаштан оолак болсун.

Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Гинеколог Абдиеванын айтымында, өзүм билемдик менен дарылануу тукумсуздукка алып келиши мүмкүн

— Илгери кыргыз коомчулугу үчүн кыздын 15-18 жашында турмушка чыкканы кадыресе көрүнүш болчу. Ага дейре өзүн сактап жүрүүгө тийиш болгону айтпаса да түшүнүктүү. Азыр кыздардын көбү өз түгөйүн 25, 30, ал тургай, 35 жашында жолуктурат, ага чейин өзүн айыпсыз сактап жүрөт. Мындай куракка келгенче мынчалык узак кармануу ден соолукка терс таасир этерин окуган элем, бул чынбы?

— Сөздү көз жарууга эң жакшы убак 18-25 жаш экенинен баштайлы. Ушундай учурда кош бойлуулук жана төрөт маалында абалдын оорлоп кетүү тобокелдиги төмөн, ошондой эле түйүлдүктүн да өрчүшүндө кемтик кыйла азыраак болот.

Ооба, азыр кыргызстандык кыздардын 30 жаштан кийин үй-бүлө курган учурлары арбын, арасында мурда эркек менен кошулбагандары да көп. Узакка чейин карманып жүрүү чындап эле терс таасир этет, көпчүлүгүндө айыгып кете турган шишик же эндометриоз аныкталат.

— Бир врач менен маектешкенимде Кыргызстанда тазалык эрежелерин сактабаган бейтаптарды түшүнө албаганын айтып үшкүрүндү эле. Жыттардан же жуунбаган денени көрүп, жийиркенбейсизби?

— Төрөт үйүндө иштегем да! Эмнени гана көрбөдүм, кандай гана жыттарды жыттабадым. Андайга ушунчалык көнүп калгам, этибарга да албайм. Баса, бейтап жүндөрүн кырып-кырбаганы да мага баары бир. Мен үчүн эң башкысы – анын саламаттыгы!

Тема боюнча

Акушер-гинеколог: төрөт учурунда дарыгерди угуу зарыл
Назира Айтбекова: уулума ата тарбиясы жетпей жатат
Белгилер:
кош бойлуу, дарыгер, төрөт, гинеколог, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ