Өкүнүчтүү. Абылгазиев курулбай калган логистикалык борбор боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев жаштар аймактарды өнүктүрүү жана жашоону жакшыртуу үчүн бардык ресурстарды, чет элдик инвесторлордун ресурстарын колдонуу зарылдыгын жакшы түшүнүүгө тийиш деген пикирде.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам Ат-Башыдагы логистикалык борборду сала турган компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Негизсиз ызы-чууга кабылгандардын көп бөлүгүн жаштар түзгөнү өтө өкүнүчтүү. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтканын өкмөттөн билдиришти.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестор өзүнө бир нече милдеттерди алган. Долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак.

"Долбоор айлана-чөйрө үчүн кандайдыр бир тобокелдикти алып келген жок. Алыскы облустук жана жергиликтүү бюджеттер үчүн гана эмес, жалпы эле ата мекендик экономика үчүн дагы мааниси чоң болчу", — деген ал.

Абылгазиев өкмөт пайданы жана инвестордун милдеттерин кылдаттык менен аныктап, бул долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылгандыгын айткан.

Ал мамлекеттин эркин жана толук колдоосун сезгендиктен, инвестор ири масштабдуу курулуш иштерине даярдык көрүп, долбоорду ишке ашыруунун активдүү фазасына киришкендигин түшүндүргөн.

Кыргызстандагы Токтогулдук гидроэлектростанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт Нарын дарыясына канча ГЭС курууга боло турганын айтты
"Учурда жергиликтүү эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Биз сырттан таңууланган жана нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген бул пикир жалган, ушак жана фейк маалыматтарды таратуу аркылуу активдүү жайылтылган деп ишенебиз. Негизсиз ызы-чууга кабылгандардын көп бөлүгүн жаштар түзгөнү өтө өкүнүчтүү. Ал арада дал ушул жаштар аймактарды өнүктүрүү жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн бардык ресурстарды, анын ичинде кайсы өлкөнүн болбосун чет элдик инвесторлордун ресурстарын колдонуу зарылдыгын жакшы түшүнүүгө тийиш. Бул жашоочулары жумуш издеп туулган жеринен кетип жаткандыгы байкалган дотациядагы аймактар үчүн өзгөчө мааниге ээ", — деген Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул кырдаал инвестицияны коргоо чөйрөсүндө, өзгөчө жергиликтүү эл, баарынан биринчи жаштар менен өз ара кызматташуудагы иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуунун зарылдыгы бышып жетилгенин ачык эле көрсөткөнүн айткан.

Абылгазиев өкмөт мындан ары да өлкөгө ири инвесторлорду тартууну уланта берерин кошумчалаган.

Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими былтыр жыл аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турганы маалым болгон. Логистикалык борборду кура турган "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0