Мэрия Мейрманованын эмне себептен кетип жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Билим берүү башкармалыгын мурунку жетекчиси Сауле Мейрманова. Архив
 Билим берүү башкармалыгын мурунку жетекчиси Сауле Мейрманова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Билим берүү башкармалыгын Мейрманова жетектеп турган маалда көйгөйлөр топтолуп, бирок чечилбей жатканы айтылган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкектин мэри Азиз Суракматов муниципалитеттин алдындагы Билим берүү башкармалыгын жетектеп келген Сауле Мейрманованын арызын канааттандырганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Эскерте кетсек, Мейрманова иштен кетүү боюнча арызын 13-февраль күнү жазган.

"Сауле Мейрманова өзү чарчаганын айтып, кызматтан бошотууну өтүндү. Биз суранычын канааттандырдык", — деди Түлөбаев.

Анын айтымында, ушу тапта башкармалыкты жетекчинин орун басары Наталья Никифорова башкарып турат. Ал эми жаңы жетекчи конкурстун негизинде тандалмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0