БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын кызматкерлери студенттерге автоунаага газдын колдонулушу, метан газын куюучу жайлардын өзгөчөлүгү жана транспортко газды пайдалануунун артыкчылыктарын айтып берди.
Абыкеева эмне себептен айдоочулардын көпчүлүгү метан газына өтүп жатканына токтолду:
жаратылыш газын колдонуу айдоочулардын чыгашасын азайтат. Бензинге салыштырмалуу акчаны 15 пайызга үнөмдөөгө болот;
экологияга аз зыян келтирет — метандан чыккан түтүндүн курамында коргошун такыр жок, бензинге караганда көмүр кычкыл газы бир топ эле аз чыгат. Газды пайдалануу кыймылдаткычтын иштөө мөөнөтүн узартып, майлоочу майды да үнөмдөйт;
Катышуучулар учурда өлкө аймагында "Газпром Кыргызстан" ишканасына таандык газ толтуруучу компрессордук төрт станция иштеп жаткандыгын баса белгилешти.
Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өттү.