27 метрден ат менен секирген каскадер Дикамбаев: боорум жарылып кан кусуп калгам

© Фото / Гильдия каскадеров КыргызстанаКаскадер Султанбек Дикамбаев
Каскадер Султанбек Дикамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрүн кино тармагына арнаган 61 жаштагы Султанбек Дикамбаев азыр чет элдик киночулар менен тыгыз иштешип келет. Ал 18 жашынан бери 50дөн ашык тасмага тартылып, дүйнөнү түрө кыдырып өзү сүйгөн иши менен алек.

Каскадерду алгач көргөн адам аны пайгамбар жашына таяп калган деп ойлобойт. Актер азыркыга чейин тасмаларда кооптуу жана оор трюктарды аткарып, жаштар менен теңтайлашкан мыкты чабандес.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өлкөнүн каскадерлор гильдиясынын президентин сөзгө тартып, атамекендик кино, каскадерлук өнөр жана алардын чыгармачылыгы жөнүндө маек курду.

— 18 жашыңызда алгачкы тасмага тартылган экенсиз. Каскадерлук кесипти кандайча аркалап калдыңыз?

Кыргызстандык белгилүү каскадер жана режиссер Үсөн Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты
— Негизи жети жашымда Ысык-Көлгө лагерге барган элем, ошол маалда киночулар роль аткарганга бала издеп жүрүшүптүр. Мен макул болуп, биринчи жолу ошондо тартылгам. Өзүм курактуу кичинекей кызды колунан жетелеп, көл жээгинде ат чаптырып аябай уялган элем. Кийин убакыт өтүп 1976-жылы "Емельян Пугачев" тасмасына катыштым. Ал кезде спорт менен алектенип, каскадер деген кесип бар экенин деле билчү эмесмин. Башында Үсөн Кудайбергенов жана агам Сатар менен иштеп, алардан көп нерсе үйрөндүм. Себеби каскадерлукту эч качан машыгуу залынан, окуу жайдан үйрөнө албайсың, аны иш жүзүндө жасап такшалып, тажрыйба топтошуң керек. Ат багып, аларды тазалап, башкалардын жасаган трюктарына көз салып жүрүп үйрөнөсүң. Эгер сени жетекчиң байкаса, өзүнө тартып иштешип жол көрсөтө баштайт, жыйынтыгында ылганып отуруп эки-үч гана адам чыдап калат. Спорттун чебери, дүйнө чемпиону да бул тармактан өз ордун таба албай калышы мүмкүн.

— Кырк жылдан ашык мезгилден бери кино жаатында эмгектенип келесиз. Бул убакыт аралыгында башка иш менен алектенүү ойго келген жокпу?

— Башында катышкан тасмаларымды санап калчумун, азыр анын көптүгүнөн санабай деле калдым. Кесибимди сүйсөм, адистигиме суроо-талап күч болуп жатса эмнеге алмаштырмак элем. Менин тажрыйбам, кесиптик жөндөмүм керек, жок дегенде кеп-кеңешиме бирөөлөр муктаж. Башка иш менен деле алектенип кетүүгө жол ачкан көп учур болду. Мисалы, 90-жылдары көптөгөн киночулар жумушсуз калып акча табууга мүмкүн болгон жактарга кетип калган. Айрым кесиптештерим автоунаасын, жашаган үйүн күрөөгө коюп тасма тартканга чейин барган. Азыр Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлүктөргө да керекмин. Чыгармачылыгымдын аркасында ондогон өлкөдө иштедим, иштеп дагы жатам. Жакында Россияга чакыруу менен кетип, алардын тасма тартуу ишине көмөктөшөм. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков61 жаштагы актер азыркыга чейин каскадерлук өнөрдү аркалап келет
27 метрден ат менен секирген каскадер Дикамбаев: боорум жарылып кан кусуп калгам - Sputnik Кыргызстан
61 жаштагы актер азыркыга чейин каскадерлук өнөрдү аркалап келет

— Эмгек жолуңуздагы 27 метрлик бийиктиктен ат менен секирген трюгуңуз жөнүндө сөз кылбай койбосок болбойт. Аны аткарууда жаракат алсаңыз керек?

— Анда так бийиктикти эсептеген эмеспиз, менимче 35-37 метрге чейин жетсе керек. Тажикстандагы Вахш дарыясына секиргенге чейин атты көндүрүп даярдагам. Көпчүлүк жылкыны катуу чаап келсең эле өзү секирет деп ойлойт, иш жүзүндө аттын баары эле секире бербейт. Катуу чаптырып барсаң ат секиргиси келбей, токтогондо өзүң сууга түшүп каласың. Ага чейин Үсөн Кудайбергенов "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктиктен аты менен секирип, катуу жаракат алган. Мен суучулдардын кийими менен секиргем, ага карабай оңой болгон эмес. Дарыядан чыкканда кан кусуп, кабыргаларым сынып, баш мээм чайкалып, боорум жарылып кеткен болчу, минген атым эч нерсе болгон эмес. Ден соолукту кайра калыбына келтирүүгө эки жылдай убакыт кеткен. Кийин 2013-жылы "Курманжан датка" тасмасында кайра ошол трюкту кайталап, Таш-Көмүр шаарына жакын жерде 22 метрден секирдим. Жаш балдар аны биз жасайлы деп калды. Ага көнгөн жокмун. Сууга түшкөндө андагы катуу соккуну дене туура кабыл алышы керек. Адам өзөрүп, өпкө жакшы иштебей, дем ала албай, демди чыгара албай да калат. 

© Фото / Гильдия каскадеров КыргызстанаСултанбек Дикамбаев: Кыргызстанда төрт мезгил, кооз жаратылыш жана түрдүү ландшафт бар. Ошонун негизинде өлкө укмуш акча таба алат
27 метрден ат менен секирген каскадер Дикамбаев: боорум жарылып кан кусуп калгам - Sputnik Кыргызстан
Султанбек Дикамбаев: Кыргызстанда төрт мезгил, кооз жаратылыш жана түрдүү ландшафт бар. Ошонун негизинде өлкө укмуш акча таба алат

— Кесиптик ишмердүүлүгүңүздө катуу жаракат алган учурларыңыз көп эле болгон экен да?

Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоордун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек
— 25 жашымда Тажикстанда тасма тартып жатканда бутумду сындырып алдым. Жаш кезде кошумча коргоочу каражаттарды колдонбой эле кыйын болуп ойноп жүрчү экенбиз, кийин кол-бут сынганда өзүбүз атайын жасап кие баштадык. Казакстанда абага көтөрүлгөн учакты кармап алып жерге секирген трюкту аткардым. Катуу кулаганда кийимим айрылып, ичиндеги суучулдардын костюму эч нерсе болгон эмес. Мароккодо тасма тартуу маалында да катуу жаракат алып, трюк жасап жаткан маалда чыканагымды ат тээп кеткен болчу. Анда колумдун сөөгү быркырап сынып териден чыгып калган. Ал күнү биз долбоорду аяктап бир нече күн эс алып Кыргызстанга кетмекпиз. Ошентип ал жакта операция столуна жатып калгам. Биздин жумушта өзүңдүн трюктарыңды кайра-кайра аткарып такшалуу абзел. Бирок курал-жарак колдонууда, бийиктиктен секиргенде кыймыл-аракеттерди ыгы менен жасоо керек. 

— Кесиптик ишмердүүлүгүңүздү жакындарыңыз кандай кабыл алат?

— Көнүп калышты. Жубайым үйлөнгөнгө чейин эле жумушумдун өзгөчөлүктөрүн билчү. Балдарым чоңоюп калган, түшүнүү менен кабыл алышат. Анткени жаракаттан качып кутула албайсың, спортчулар деле машыгуу маалында оор жараат алып калып жатпайбы. Болгону өзүңдү жакшы даярдап, жасай турган трюгуңду жолго салышың керек. 

© Фото / Гильдия каскадеров КыргызстанаКаскадер 18 жашынан бери 50дөн ашык тасмага тартылган
27 метрден ат менен секирген каскадер Дикамбаев: боорум жарылып кан кусуп калгам - Sputnik Кыргызстан
Каскадер 18 жашынан бери 50дөн ашык тасмага тартылган

— Чет өлкөлүк кесиптештериңиз менен иштешип жүрөсүз, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандагы каскадерлордон кыргызстандыктардын кандай айырмачылыгы бар?

— Тажикстанда жарандык согуш башталганда кино тармагы токтоп калды. Өзбекстан менен Тажикстанда каскадерлор өтө эле аз. Россиялыктар менен тыгыз иштешип жүрөбүз, аларда тиешелүү адистер арбын. Ал эми кыргызстандык каскадерлор дүйнө кезип иштеп жатат. Биз казакстандык кесиптештер менен ат үстүндө жасалчу трюктар боюнча көптөгөн өлкөлөрдү алдыга салбай келебиз.

Чындыгында Кыргызстанда төрт мезгил, кооз жаратылыш жана түрдүү ландшафт бар. Кээде россиялык киночулар бизге кино тартканга шарт түзүп бере аласыңарбы деп сурап калышат. Себеби биздин жаратылышка кызыгышат. Аларды жатакана, ашкана, көчмө ажаткана, костюмдарын ташыган унаа, башка толгон-токой техника менен камсыздап берүү зарыл. Чыгармачыл топ келип эле тасма тартууга киришкендей кылып даярдап берсек, ондогон, жүздөгөн киши катышып, жергиликтүү калк өзүнүн продукциясын сатып тыйын таап алышмак. Бул жагынан бир топ эле артта калдык, бизге караганда Казакстан менен Россия алдыга озуп кетти. Бизде тоодо жада калса жөнөкөй ажаткана да жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСултанбек Дикамбаев: дарыяга ат менен секиргенде кан кусуп, кабыргам сынып, баш мээм чайкалып, боорум жарылып кеткен
27 метрден ат менен секирген каскадер Дикамбаев: боорум жарылып кан кусуп калгам - Sputnik Кыргызстан
Султанбек Дикамбаев: дарыяга ат менен секиргенде кан кусуп, кабыргам сынып, баш мээм чайкалып, боорум жарылып кеткен

— Мындай кирешелүү ишти жолго салуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

— Эл аралык деңгээлдеги мейманканалар курулушу керек. Бизге бир жолу дүйнөгө атактуу актер келип, аны күн сайын Бишкектеги мейманканага алып келип жаткырып, кайра Ысык-Көлгө алып барып турушкан экен. Жакшы техникаларды алып, жөнөкөй адистерди даярдай башташыбыз керек. Менин оюмча, кино жөнүндө мыйзамды кабыл алуу зарыл. Мисалы, Болгарияда аталган мыйзам кабыл алынып, азыр алар ийгиликтүү иштеп, акча таап жатышат. Аларда биздегидей тоо, көл, токой бар. Киночулар салыктан бошотулуп, кызмат көрсөтүү арзан болгондуктан көп өлкөлөр ошол жактан тасма тартып жатат. Малайзия да бул тармакта укмуш киреше табууда. Анткени Голливуддун киночуларына чет өлкөдөн тасма тартуу арзан түшөт. АКШда болсо ири салыктар бар. Биз деле аракет кылсак тасмалар аркылуу өлкө таанылып, туризм тармагы жакшы жолго салынып калмак. Өзүбүздүн киночулардын деңгээли да көтөрүлүп, адистерибиз такшалмак. 

© Фото / Гильдия каскадеров КыргызстанаДикамбаев каскадер катары дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө азыркыга чейин иштейт
27 метрден ат менен секирген каскадер Дикамбаев: боорум жарылып кан кусуп калгам - Sputnik Кыргызстан
Дикамбаев каскадер катары дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө азыркыга чейин иштейт

— Кыргызстандык каскадерлор учурда кандай колдоого муктаж?

— Бийлик бизге кызматтык паспорт берсе жакшы болмок эле. Өткөндө Кытайга тасмага тартылууга чакыруу түшүп, жарым жылдай виза ала албай жүрдүм, тим эле чарчатып салды. Биздин жумуш көбүнчө чет мамлекеттерде болуп, чакыруулар менен маданият кызматкери катары көп учабыз. Качан кайда болбосун виза маселесине келип такалабыз. Ушул боюнча көмөктөшсө, калганын өзүбүз эле жасайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0