14 саат издешти! Бишкекте жоголгон окуучу табылды

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПропавший в Бишкеке девятилетний Иса Чолпонбаев найден
Пропавший в Бишкеке девятилетний Иса Чолпонбаев найден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала 22-декабрь күнү саат 11:50 чамасында борбор калаанын чок ортосунан жоголуп, түндө "Ош" базары тараптан табылган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкекте жоголуп кеткен тогуз жаштагы Иса Чолпонбаев 14 сааттан кийин табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Окуучу 22-декабрь күнү саат 11:50 чамасында Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен, жер алдындагы өтмөктөн жоголуп кеткен. Баланын энеси милицияга кайрылгандан кийин факты Бишкек шаардык Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө каттоого алынган.

Милиция түнгө чейин издөө иштерин аткарган.

"Саат 01:30да бишкектик таксисттердин бири Чүй проспектисинде жайгашкан "Кыял" соода борборунун жанынан баланы көрүп калып, дароо милицияга кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Окуучу милицияга алынып келип, ата-энесине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0