Жээнбековдун мени угушун каалайм! Сапар Исаков сотто акыркы сөзүн айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков. Архив
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы премьер өтө оор өкүм чыгарын айтып, баары бир акталбай турганын сезип жатканын билдирди.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияга тиешеси бар деп айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн сотто акыркы сөзүн сүйлөдү.

Исаков башында эле аны менен кошо камалгандардын эч кандай күнөөсү жок экенин айтты. "Баары мен үчүн отурат" деген Исаков жалгыз өзүн камоо мүмкүн болбогондуктан тобу менен отургузуу планы болгонун белгиледи.

Ошондой эле чогуу соттолуп жаткандарды 10 айдан бери далилсиз кармап отурат деп даттанды.

"Мени президент Жээнбековдун угушун каалайм. Балким, мен билбей эле аны жемелеп жаткандырмын. Аны да алдап жатышкандыр. Андыктан Жээнбеков өзү мени угушун каалайм", — деди Исаков.

Мурдагы премьер ТЭЦти реконструкциялоо долбоору Жогорку Кеңештин комитеттери, көпчүлүк коалиция тарабынан каралып, жалпы жыйында добуш берүү менен жактырылганын эске салды. Ал эми Жээнбеков премьер-министр болуп турганда эксплуатацияга берилгенин белгиледи.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковду 15 жылга кесүү сунушталды. ТЭЦ боюнча соттук иликтөө соңуна чыкты
Ошондой эле сот өтө оор өкүм чыгарарын айтып, баары бир акталбай турганын сезип жатканын билдирди.

"ТЭЦти реконструкциялаганыма сыймыктанам. Мындан башка дагы долбоорлорду ишке ашырганыма сүйүнөм. Борбор Азияда Бишкектегиден арзан курулган ТЭЦ жок. Мен тырышчаак, күчтүү адаммын, аягына чейин күрөшөм. Элдин алдында жүзүм жарык, эч нерседен уялбайм", — деп сөзүн жыйынтыктады Исаков.

Жараян Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жатат.

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар. Иликтөө аяктап, учурда сот айыпталуучулардын акыркы сөзүн угуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0