Бишкек: чак түштө асманга ок аткан айдоочу кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкек: чак түштө асманга ок атты делген айдоочу кармалды
Бишкек: чак түштө асманга ок атты делген айдоочу кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын күбөсү машинанын айдоочусу ачык айнектен курал алып чыгып, асманга атканын тартып алган. Видео интернетке тарап, милиция издөө жарыялаган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Милиция чаламандын чак түшүндө асманга ок атты деген кишини кармаганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн саат 13.42де Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинде болгон. 102 кызматына чалгандар Toyota Camry үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу ачык айнектен курал алып чыгып, асманга атканын айтышкан.

Милиция мындай факты болгонун тастыктап, унаа үлпөт кортежине чыкканын билдирди. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү
Бишкек: чак түштө асманга ок аткан айдоочу кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шектүү
"Эреже бузган адамга издөө жарыяланган. Натыйжада 1996-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалды", — деп айтылат билдирмеде.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле кармалган адамдан "МР-371" үлгүсүндөгү сигналдык тапанча алынган. Анын огу жок болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0