Бишкекте жүргөн өзгөчө автоунаа көпчүлүктүн көңүлүн бурду

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуАвтомобиль ЛУАЗ 969 М в Бишкеке
Автомобиль ЛУАЗ 969 М в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа Кыргызстанга 1996-жылы алып келинген. Андан бери төрт жолу каттоого алынган, башкача айтканда, төрт киши сатып алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкектин тургундары өзгөчө автоунаага күбө болуп, сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберишти.

Автоунаа жол тандабастардай бийик, спойлери бар. Күбө айдоочунун артынан жетүүгө аракет кылып, бирок жетпей койгонун билдирди.

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуCarсheck сайтындагы маалымат боюнча анын маркасы ЛУАЗ 969 М деп көрсөтүлгөн
Бишкекте жүргөн өзгөчө автоунаа көпчүлүктүн көңүлүн бурду - Sputnik Кыргызстан
Carсheck сайтындагы маалымат боюнча анын маркасы ЛУАЗ 969 М деп көрсөтүлгөн

Carсheck сайтындагы маалымат боюнча, анын маркасы ЛУАЗ 969 М деп көрсөтүлгөн. Автоунаа Кыргызстанга 1996-жылы алып келинген. Андан бери төрт жолу каттоого алынган. Акыркы жолу 2016-жылы майда катталган.

Кыймылдаткычынын күчү 900 куб сантиметрди түзөт. Айып пулдарды аныктаган сайттагы маалымат боюнча машина жол эрежелерин бузган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0