19:36 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Рентгенохирург Руслан Шаршебаев у входа в поликлинику

Дүйнө эчак эбин тапкан инсульттан бизде майып болуп жатышат. Врачтын ачуу чындыгы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
580901

Руслан Шаршебаев Түркияда билим алып, дарыгер болуп иштеп, жакында эле Бишкекке кайткан. Рентгенохирург Кыргызстанда инсультту дарылоонун жаңы ыкмасын киргизүүгө ниеттенүүдө. Бул ыкма өлүм санын жана майыптыкты азайта алат.

Медиктин айтымында, Түрк медициналык академиясында окуп жүргөндө ага окутуучулар өзгөчө көңүл бурган. "Окуусун аяктаган соң мекенине кайтып, алдыңкы технологияларды киргизет" деп үмүт артышкан.  Акыры Руслан алардын ишеничин актаганы турат.

— Азыр ар бир экинчи кыргызстандык жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза табууда. Маселен, менин бир топ тааныштарым инсульт алып, көз жумушту. Билишимче, Түркиядан инсультту дарылоонун жаңы ыкмасын алып келдиңиз, туурабы?

— Ооба, туура. Адегенде инсульт эмне экенин тактап алалы. Кээде биздин артерияларыбызда май бүртүкчөлөрү пайда болот, алар тамырлардын ичине жабышып калат. Кан басым жогорулаганда алар үзүлүп келип мээнин майда тамырларын бүтөйт. Ошентип мээнин белгилүү бир бөлүгүнө кан жетпей калат.

Кесепети аябай кооптуу: адам шал болуп, көзү көрбөй же кулагы укпай калышы ыктымал. Дарыгерлер ажалга арача боло албай калган учурлар да көп кездешет.

Кыргызстандык медиктер азыр дарылоонун эски ыкмасын пайдаланышат, дары куюп, күтүп турушат. Балким дары жардам берип, тромб жоюлуп кетер деп үмүттөнүшөт. Бирок көлөмү чоң болуп кала турган болсо, аягы жаман бүтөт.

Түркиялык бейтапканаларда бөлөкчө карашат. Биз ал жакта бейтаптын санындагы артериялык тамыр аркылуу стенд коёбуз, шоссе сымал мээге чейин жетип, тромбду жок кылабыз. Мындай ыкма 15 жыл мурун эле кеңири тарай баштаган. Дал ошол ыкмадан улам инсульттан өлүм жана майып болуп калуу саны бир нече эсеге кыскарган. 

Рентгенохирург Руслан Шаршебаев в своем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рентгенохирург Руслан Шаршебаев

— Бир кыргызстандык инсультка кабылды дейли, тромб болушунча чоң, бул жактагы врачтар жардам бере алышпайт. Жакындары Түркияга алып барып дарылатууга жетишеби?

— Жок. Алтургай, бизге кайсы бир чет өлкөлүк президент келип, инсультка кабылып калса да аны сактоого үлгүрүшпөйт. Себеби инсульт алган кишини сактап калууга орточо 4-5 саат гана убакыт бар, болбосо, кесепетин айтып болбойт. Ошол болжолдуу президентти учакта башка өлкөгө жеткирүүгө үлгүргөн күндө да жардам көрсөтүүгө жетише алары арсар.

Кыргызстандыктар мага чалып, тууганына бул процедураны жасап берүүнү көп суранышат. Качан инсульт алганын тактаганымда "эки күн мурун абалы начарлаган. Азыр реанимацияда, комада", – дешет. Тилекке каршы, бул баары бүттү дегенди  түшүндүрөт. Муну сиздерге так түшүндүрүү үчүн бир мисал келтирейин. Каймакты күнгө коюп койдуңуз, эки күн туруп калды. Эки күндө ал бузулуп, мурдагы калыбына кайра келбей турганы анык. Аны башында эле муздаткычка салуу керек да. Адам деле ошол, 4 саат (ал эми жаңы сунуштар боюнча 12 саат) өтүп кетсе, баары кеч болуп калат.

— Кыргызстанда сиз айткан ыкма качан ишке кирип калат?

— Азыр мен кыргыз-түрк бейтапканасына орноштум, ушул процедураны киргизели деп ниеттенип жатабыз. Бирок адегенде юридикалык жактан бардык документтерди каттоо зарыл, бул кандай машакаттуу иш экени жалпыга маалым эмеспи.

— Бейтаптын капчыгына канча күч келет?

— Азыр так баасын айта албайм, бирок бул арзан процедуралардан эмес. Албетте, Кыргызстанда ушул дартка кабылгандардын баарын сактай албайбыз, бирок жок дегенде кээ бирине көмөгүбүз тийип калар.

Түрк ооруканаларына мамлекет каралашат. Мындай процедуралар 10 миң доллар турат, бирок мунун баары бюджеттин эсебинен каржыланат, Түркияда бейтап эч нерсе төлөбөйт. Чындыгында бул туура нерсе, себеби майып адамды багууга андан көп каражат жумшалат.

Инсульт негизи адамды өлтүрбөйт, майып кылат. Киши узак жыл бою төшөктө жатып калат. Туугандары күйпөлөктөп аны багат. Андай бейтапты ары-бери жылдырып же жөн эле жуунтуу үчүн ваннага чейин көтөрүп барууга 2-3 киши керек. Бүтүндөй бир үй-бүлө үчүн бул кандай чоң трагедия! Бейтап жакындарына каржылык жагынан да, моралдык жактан да жүк болот.

Ондогон жылдар бою акча жагынан камсыздап, реабилитациялык борборлорду ачкандан көрө инсульттан айыктырып, адамдын өзү басып кетишине көмөк көрсөткөн алда канча жеңил.

Кыргызстанда жагдай таптакыр башкача. Мамлекеттик ооруканага да өзүңдүн жаздык кабыңды, дары-дармегиң менен барууң керек. Бекер эч нерсе жок, ал эми дарылоонун сапаты шек жаратат. Эгемендүүлүк алгандан берки 28 жыл ичинде бир дагы мамлекеттик оорукана курулган жок! Алтургай, Фучик көчөсүндөгү кыргыз-түрк ооруканасы да ишке кирбей турат. Акылга сыйбай турган иш: бейтаптар Түркия, Индияга учуп, ири суммада акча сарптап жатышат, ал эми бизде такыр жылыш жок. 

Рентгенохирург, специалист по медицинской радиологии Руслан Шаршебаев
© Фото / Элес Кадыркулов
Руслан Шаршебаев Анкаранын Медициналык академиясынан билим алган

— Өзүңүз тууралуу айтсаңыз, Түркияга окууга качан кеттиңиз эле?

— Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейин бүтүргөм. Анда 90-жылдар эле, ачка күндөр баштан далай өттү. Азык-түлүк көйгөйү курч эле, биз, жаш балдарбыз, улам тамак жегибиз келет.

Анкаранын Медициналык академиясына оңой эле, эч кандай пара бербестен өтүп кеттим. Түркия баарын мойнуна алган, Кыргызстандан эч кандай колдоо болгон эмес.

Алтургай, ал жактан бизге 45 доллардан стипендия беришчү, ал туура 15 күнгө жетер эле. Ата-энем колунан келишинче каралашып турду. Үй-бүлөм аябай бардар турбаса деле бизден да кыйналгандар бар экенин көрүп тобо кылчумун. Нарындык бир курсташым төрт жыл бою жакындарын көргөн эмес, Бишкекке чейин билетке акчасы жок болчу.

Түрк калкына ыраазымын, парасыз билим алдым, эч ким мени куугунтуктап же кысымга алган жок. Алтургай, окутуучулар да мага өзгөчө көңүл буруп, үйрөнгөндөрүмдү өз өлкөмдө пайдаланарыма ишенишчү. 

— Медик студенттердин көбү окуу жайды аяктаган соң ишке орношуунун татаалдыгына нааразы. Алтургай, арзыбаган айлык берген мамлекеттик ооруканаларда орун жок. Түркияда мындай көйгөй барбы?

— Жок, ал жакта бардык студенттер мамлекет кайда жөнөтсө, ошол жерде эки жыл иштеп келүүгө тийиш. Эгер алыскы аймактарга көчүүгө туура келсе, маянасы бир жарым эсеге жогорулайт. Жумушсуз калган врачтар жок Түркияда.

Бизде чала сабат, өксүгү көптөр жайнайт. Эгер бир да оорукана курулбай турган болсо, анда эмнеге окуу жайлар мынча бүтүрүүчү чыгарат? Эмнеге?

Мына бизде 120 депутаттык орун, анан бир Жогорку Кеңеш бар. Элестетип көрсөңүз, жыл сайын 300 депутат чыгып турганын. Алардын кереги эмне? Саламаттык сактоо жаатында деле ошол да. Биздин өлкөдө медицина Бишкек менен Ошту эле камтыйт. Калган аймактарда оорукана болсо деле жабдыктар жок. Ушундай кыйчалыш абал, ал эми бейтап көп, балдардын жугуштуу оорулар ооруканасын карагылачы, эмне деген будуң-чаң?!

Кээде мага Кыргызстанда медициналык билим берүү бизнеске айлангандай туюлат. Адамдар студенттердин кийин кайда иштей турганына кызыкпастан, алардан акча жасап жаткандай. Болочок врачтар кийин жумушка орношууга барганда эч ким аларды көзгө илбей коюшу үчүн жаштыгынын 10 жылын коротушабы?! 

Рентгенолог Руслан Шаршенбай, работающий в городе Стамбул
© Фото / Огузхан Мутлу
Рентгенохирург Кыргызстанда инсультту дарылоонун жаңы ыкмасын киргизүүгө ниеттенүүдө

— Жаман дартка кабылып, дарыланууга акча жыйнаган үй-бүлөлөрдү көп кезиктирем. Алардын басымдуу бөлүгү — бөйрөгү иштен чыккандар. Түркия же Индияга барып операция жасатыш үчүн алар астындагы машинасын, үстүндөгү үйүн сатышат. Айтсаңыз, эмнеге бизде бөйрөк оорулары көп? Же тукум кууйбу бул дарт?

— Жок, андай эмес. Болгону чет жактарда бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып коюшат, бизде акчасы жоктугунан айлап-жылдап гемодиализге барышат. Билишимче, өлкөдө бул операциялар анча өнүккөн эмес. Кеп бөйрөк алмаштырып салып коюуда да эмес, бейтаптын калыбына келүү мезгили өтө маанилүү.

Тилекке каршы, бизде мыйзам жеке ооруканаларда орган алмаштырууга тыюу салат. Адамдар дарылана албай өлүп калып жатышса, бийлик мамлекеттик ооруканаларды өнүктүрбөгөнү аз келгенсип, менчиктерге да жол бербейт.

— Бирок адамдарды уурдап, бөйрөктөрүн кесип алмай башталат деген кооптонуу  бар эмеспи...

— Орган — бул телефондун заряддоочу зымы эмес. Донор менен төп келиши керек, аны аныктоо оңой процесс эмес. Байкуш бирөө шаардын четинде бөйрөк тушу кесилген бойдон табылды деген кептер жөн гана жомок. Кыргызстанда андай лабораториялардын болушу да мүмкүн эмес менимче. 

Рентгенохирург Руслан Шаршебаев в поликлинике
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Руслан Шаршебаев: себеби инсульт алган кишини сактап калууга орточо 4-5 саат гана убакыт бар, болбосо, кесепетин айтып болбойт.

—  Кыргызстанга эмнеге кайттыңыз?

— Мекенчилмин, Кыргызстан мен үчүн кымбат. Албетте, сыртта шарттар кыйла жакшы, бирок кызым мекенибизде өссүн дедим. Азыр алты жашта, мектепке даярдана турган маалы. Анан да чет жерде 20 жыл жашап келдим. Менимче, бул мекенди сагынууга жетерлик убакыт.

Буга чейин "Кыргызстанда жакшы врачтар аз. Кызыма бир нерсе болсо, кайда барам?" деген суроо мени кармап келген. Мыкты дарыгерлерге көрүнүш үчүн эки айлап кезекте турушат. Андан сырткары, “акысыз медицинага” канча каражат сарптай турганың белгисиз.

Маселен, Түркияда эң башта эле бейтаптарды акысыз текшеришет, бардык анализдерди алышат. Дал ушул себептен бардык оорулар баштапкы баскычында аныкталат. Ал эми бизде таптакыр бүк түшүп калганда гана врачтарга барышат. 4-баскычтагы рактан жабыркаган кишилерди алып келишет, метастаза эбак бүт организмди талкалап бүткөн, эч кандай жардам көрсөтө албайсың. Саламаттык сактоо системасында баарын өзгөртүш керек.

Ооба, медицина дүйнө жүзүндө өнүгүү нугунда, ошону менен бирге эле зыяндуу таасирлер да күч алууда. Биздин өлкөдө эл жай турмуш кечирип, бир нерсе болсо, мамлекет жардамга келерине ишенип жашаш керек. Кейиштүүсү, андайга жете элекпиз азырынча.

Тема боюнча

Түркиядагы кыргызстандык дарыгер: бир тыйыным жок жүргөн учурлар болгон
Кыргызстандык хирург башты ачпай мээге жасалган 10 уникалдуу операцияга катышты
Белгилер:
инсульт, дарыгер, Түркия, Руслан Шаршебаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ