Ак үйдүн алдындагы митингге чыккан эл куулабы? Коопсуздук кеңешинин жообу

© Sputnik / Эркин СадыковМирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша
Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте активисттер Ак үйдүн жанында жемкорлукка жана уурулукка каршы митинг өткөрүүнү пландап жатышкан. Бирок буга чейин сот 1-декабрга чейин тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектегенин билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ак үйдүн жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынды, бирок келген адамдар куулбайт. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

Эске сала кетсек, коррупцияга жана уурулукка каршы митинг бүгүн, 25-ноябрда, саат 11:30да Ак үйдүн жанында пландалган.

Сагынбаев сот Ак үй менен өкмөт аппаратынын имаратынын жанында акция өткөрүүгө убактылуу чектегенин эскертти.

"Эгер митинг өтө турган болсо, келгендер куулбайт деп ойлойм. Биз демократиялуу өлкө болуп саналабыз. Эл чыгып өз пикирин айткысы келет. Менимче, иштейм дегендер иштеп жатат, кээ бирлер үчүн минингдерди өткөрүп, аларга катышуу жумуш болуп саналат", — деп билдирген Сагынбаев.

Митингдин себеби

Здание Государственного Комитета Национальной Безопасности  - Sputnik Кыргызстан
УКМК журналисттик иликтөөнүн фигуранттарын суракка алат
Эки ЖМКнын Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келинген товарлар жөнүндө биргеликте жасаган иликтөөсү коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Андагы маалыматка караганда, Матраимовдордун үй-бүлөсү Хабибула Абдукадыр аттуу уйгур тектүү адамдын үй-бүлөсү менен биргеликте бизнес жасап жүрүшкөн. Материал 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити берген маалыматтардын негизинде даярдалган. Иликтөөдө Саймаити өлөр алдында Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу маалыматтарды берүүгө үлгүргөнү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0