Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук акимиаты митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө сунушу менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Сот 1-декабрга чейин Бишкектин борбордук аянтында митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө тыюу салды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 13-ноябрда эле кабыл алган. 

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуСудья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан
Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери - Sputnik Кыргызстан
Судья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан

Белгилей кетсек, эртең, 25-ноябрда, Ак үйдүн алдында коррупцияга каршы тынчтык митингин өткөрүү пландалууда. Ушундай эле акция Каракол шаарында дагы уюштурулары айтылды. 

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуСудья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан
Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери - Sputnik Кыргызстан
Судья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан

Буга чейин Биринчи Май райондук акимиаты "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу деп табууну сунуштап сотко кайрылган. 

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуСудья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан
Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери - Sputnik Кыргызстан
Судья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан

Буга 14үнчү жана 19-ноябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн футбол чемпионаты, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары менен келери, ал эми 28-ноябрда ЖККУга мүчө мамлекеттердин саммити болору себеп болгон. 

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуСудья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан
Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери - Sputnik Кыргызстан
Судья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана нагиздүү деп тапкан
"Практика көрсөткөндөй, мындай акцияларды уюштурган адамдар чогулган элди башкара албай калууда. Митингге келгендер автоунаа жолуна чыгып, жөө адамдар жүрчү жолдорду тосуп тоскоолдук жаратышат. Соңку учурда болуп жаткан көп сандагы мөөнөтсүз акциялар борбордук аянтта жүргөн шаардыктардын жана коноктордун тынчын алып, кооптуулук жаратууда", — деп акимиаттын сотко кайрылуусунда жазылган.

Акимиат 1-декабрга чейин тынчтык акцияларын Щербаков жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверде өткөрүүнү сунуштаган.

Натыйжада ишти караган судья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0