Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бейшемби күнү республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 14-ноябрда аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас жергесинде +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, ал эми Ысык-Көл аймагында +4...+9 жана Нарында +3...+8 градус жылыйт.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +10...+12 жана Ошто +13...+15 градус болору маалымдалды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0