09:25 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Электромобиль. Архив

Кызматтык кымбат автоунаалар электромобилге алмашабы? Премьердин тапшырмасы

© AFP 2019 / PRAKASH SINGH
Коом
Кыскача шилтеме алуу
661 0 0

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспортторду өлкө аймагына жайылтуу жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргызстанда аларды кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын тиешелүү буйругуна жакында эле кол коюлган.

Айтылып жаткан документ электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарынын ээлери үчүн экономикалык жана социалдык жактан пайдалуу шарттарды сунуштайт. Өкмөт башчы дүйнөдө электромобилди колдонуу күн санап өсүп жатканын, Кыргызстанда дагы бул багыт жашыл экономиканынын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары каралышы керектигин белгиледи.

"Экологиялык жактан таза транспортко өтүүнүн негизги жана артыкчылыктуу себеби – бул айлана-чөйрөгө чыккан зыяндуу заттарды кыйла азайтуу, экологияга кам көрүү болуп эсептелет. Статистикалык маалыматтар боюнча, кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп көмүртек жана башка газдарды чыгарат", — деди Абылгазиев.

Премьер мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин баса белгилеп, бюджеттен кошумча каражат бөлбөй эле мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт.

Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Абылгазиев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана электромобилдер үчүн кошумча нарк салыгын төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары, транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекстик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы. Ал ошондой эле бул жаатта лизингдик программаларды ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы республикада 1 млн 173 миң транспорттук каражат катталган, анын 94,6 пайызынын чыгарылганына 10 жыл же андан ашык убакыт өткөн. Бул статистика өлкөнүн автопаркынын эскирип бара жатканын көрсөтүп турат.

Bloomberg New Energy Finance (BNEF) уюмунун эксперттик баалоолоруна караганда, 2025-жылы электромобилдерди сатуу 11 миллион даанага жетет жана 2030-жылы 30 миллион даанадан ашат. Электромобилдерди чыгаруу жана сатуу темпинин мындай өсүшү технологиялык чечимдерге жана батареялардын баасынын арзандашына (электромобилдердин баасынын 40 пайызы) жараша болот.

Тема боюнча

Кыргызстанда электромобилдер мындан ары бекер каттоого алынат
Унааны арзан сатып алуунун жол-жобосу. Машина ташып иштеген жигиттин баяны
Белгилер:
транспорт, салык, электромобиль, өкмөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ