00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Унаа чындап эле кымбаттайбы? Бажы боюнча жаңы эрежелер иштей баштайт

© AFP / Brennan LinsleyАвтосалон Volkswagen в Колорадо. США
Автосалон Volkswagen в Колорадо. США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдан тарта автону бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери күчүнө кирет. Мындан улам Кыргызстанда машиналардын кымбатташы ыктымал деген божомол бар. Өлкөгө автомобиль ташып келүүгө бажылык төлөмдөрдү азыркы көлөмүндө калтыра турууга мүмкүнбү? Буга Sputnik Кыргызстандын кабарчысы кызыгып, сураштырып көрдү.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Былтыр дал ушул айда Кыргызстанда автомобилди бажылык жол-жоболоштуруу төлөмү төмөндөтүлүп, 2014-жылдагы көлөмгө чейин түшүрүлгөн. Электромобилдерге бажы төлөмү ансыз да жок. Муну менен өкмөт жарандарды экологиялык, энергия үнөмдөө стандарттарына жооп бергидей көлүк тандоого шыктандырууну көздөгөн. Андан тышкары, бул чечим эскирген унаалардын санын азайтып, автопаркты жаңылоого жол ачат деп болжошкон.

Кандай жол эрежелери бузулганда айдоочуга катаал жаза колдонулат?  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы айдоочулар төлөгөн эң кымбат айыптар. Инфографика
Бирок эмки жылдан тарта бажы төлөмдөрүнүн чени Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдеги деңгээлге дейре жогоруламакчы.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы келерки жылы автомобилдик рынокту эмне күтөрүн, бажы төлөмдөрү канчалык жогоруларын, чендин көтөрүлүшү эмнеге алып келерин сураштырып, 2020-жылы бул азыркы эрежелерди узарта туруу ыктымалдуулугуна кызыгып Экономика министрлигине кайрылды.

Бажылык жол-жоболоштуруу эрежелери кандай өзгөрөт?

Экономика министрлигинен 2020-жылдан тарта автосүйүүчүлөр үчүн бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери ишке кирерин эске салышты.

"Кыймылдаткычтын иш көлөмүнүн бир куб сантиметрине 1,5-20 евродон кем эмес акы алына баштайт. Анын суммасы чыккан жылына жана автомобилдин наркына жараша эсептелет", — деп айтылат тийиштүү мекеменин билдирүүсүндө.

Министрликтин расмий жообунда транспорттук каражаттардын наркы юридикалык тараптар үчүн жаңы чен киргизүү бөлөк чыгымдарды кошпогондо да болжол менен он пайызга өсөт.

Азыркы төлөм ченин кармап турууга болобу?

Экономика министрлиги жарандар жеке пайдалануу үчүн ташып келген жеңил унааларга коюлган ченди көбөйтүүгө республика али даяр эместигин белгилейт.

Калктын төмөнкү жана ортоңку кирешесин эске алуу менен Экономика министрлиги жеңилдетилген мөөнөттү беш жылга узарта турууну сунуштайт. Органдын адистери тийиштүү документке өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорду иштеп чыгып, өкмөт аппаратына жөнөтүшкөн.

"Ушул тапта бул маселени ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна алып чыгууга даярдык көрүлүүдө. Өзгөртүү киргизүү үчүн аталган уюмга мүчө мамлекеттердин баарынын макулдугу зарыл", — деп жазылат билдирүүдө.

Стоянка у терминала Международного автомобильного оператора (ICO) в Зебрюгге - Sputnik Кыргызстан
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай
Саясат таануучу Денис Бердаков Экономикалык интеграциянын мүчө өлкөлөрү Кыргызстан өкмөтүнүн өтүнүчүн колдойт деген ойдо. Анын пикиринде, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге Кыргызстанда саясий кырдаалдын тынч болушу артык.

"Албетте, жеңилдетилген мөөнөттү узартуу Россия менен Казакстандын авто өндүрүшү үчүн пайдасыз. Биздин рыноктун көлөмү чакан болсо да, алардын эсебинде. Бирок ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биздин мамлекеттен күткөн эң башкы нерсеси — саясий туруктуулук. Эгер аны камсыздоо үчүн ченди азырынча жогорулатпай туруу керектигин негиздеп берсек, алар биздин сунушту четке какпаса керек", — деп боолголойт Бердаков.

Бажы төлөмдөрүнүн арзандыгы эмнеге алып келди?

Экономика министрлиги 2018-жылы бажы төлөмдөрү төмөндөтүлгөндө үчүнчү өлкөлөрдөн унаа көп ташылган. Мекеме буга айкын мисал келтирет.

"Былтыр 7 миң 177 автомобиль алып келинди, алардын көпчүлүгү жылдын экинчи жарымында ташылды. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, унаа импорттоо төлөмдөрүн азайтуу жөнүндө өкмөттүн токтому дал ошол тушта күчүнө кирген. Салыштырсак, 2018-жылдын биринчи жарымында болгону 200 авто ташылган", — деп жазылган билдирүүдө.

Водительские права гражданина КР - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо айдоочулук күбөлүк берүү мөөнөтүн беш күнгө узартууну сунуштады
Экономика министрлиги өкмөттүн чечими кыймылдаткычы электр жана гибриддик автолорду ташуу, ошондой эле өтө эски эмес машиналарды импорттоону өбөлгөлөгөн. 2018-жылдын 25-июлунан 2019-жылдын июнь айына чейин Кыргызстанга 29 электромобиль жана кыймылдаткычы гибриддик болгон 1229 унаа алып келинди.

Эски автомобилдер үчүн кыймылдаткычтын бир куб сантиметрине алты доллардан деген чектелген чен бар экенин эске сала кетели. Ошол эле учурда электрдик автотранспорттук каражат акысыз киргизилет, ал эми кыймылдаткычы гибриддик машиналар өбөлгөлөөчү чен менен, тагыраак, бир куб сантимерине 0,5-,06 доллар менен импорттолот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0