Жоголуп кеткен франциялык саякатчы аял Кеминден табылды. Сүрөт

CC0 / Pixabay / Рюкзак туриста. Архивное фото
Рюкзак туриста. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактын колдонуучуларынын бири аял менен түшкөн селфи сүрөтүн жарыялап, аны Балыкчыдан Чоң Кеминге жеткирип койгонун жазган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жоголуп кеткен франциялык 25 жаштагы саякатчы аял Кемин районундагы айылдардын биринен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЖоголуп кеткен франциялык 25 жаштагы саякатчы аял Кемин районундагы айылдардын биринен табылды
Жоголуп кеткен франциялык саякатчы аял Кеминден табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кеткен франциялык 25 жаштагы саякатчы аял Кемин районундагы айылдардын биринен табылды

Аял Оштон Бишкекке келгенден кийин жоголуп кеткен. Анын Пьер аттуу досу милицияга кайрылып, ал 9-октябрдан бери байланышка чыкпай жатканын айткан.

Аял бүгүн саат 17.25те табылды. Соцтармактын колдонуучуларынын бири аны менен түшкөн селфи сүрөтүн жарыялап, Балыкчыдан Чоң Кеминге жеткирип койгонун жазган.

Милиция аял аман-эсен табылганын маалымдады. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Франциянын жараны Кемин райондук ИИБге жеткирилди. Андан соң аны Бишкек ШИИББдин кызматкерлери алып кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0