13:57 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Кыргызстандын аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Издөө-2019 деп аталган машыгуусуна катышууда

Кыргызстандын аскерлери Белоруссияда ЖККУнун машыгуусуна катышып жатат

© Фото / пресс-служба Генштаба Вооруженных сил КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
43 0 0

"Издөө-2019" машыгуусу 14-18-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана ЖККУнун Бириккен штабынын ыкчам тобу катышууда.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин "Издөө-2019" деп аталган машыгуусуна катышууда. Бул туурасында Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.

  • 14 октября, на полигоне Обуз-Лесновский в Беларуси прошла церемония открытия специальных учений Поиск-2019
    Кыргызстандын аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин "Издөө-2019" деп аталган машыгуусуна катышууда
    © Фото / пресс-служба Генштаба Вооруженных сил КР
  • 14 октября, на полигоне Обуз-Лесновский в Беларуси прошла церемония открытия специальных учений Поиск-2019
    Кечээ, 14-октябрда, Белоруссиянын Обуз-Лесновский полигонунда иш-чаранын расмий ачылышы болгону айтылат.
    © Фото / пресс-служба Генштаба Вооруженных сил КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Генштаба Вооруженных сил КР
Кыргызстандын аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин "Издөө-2019" деп аталган машыгуусуна катышууда

Кечээ, 14-октябрда, Белоруссиянын Обуз-Лесновский полигонунда иш-чаранын расмий ачылышы болгону айтылат.

Машыгууга Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана ЖККУнун Бириккен штабынын ыкчам тобу катышууда. Жалпы жонунан 2000ге чукул аскер, 250дөн ашуун техника тартылган. Арасында авиациялык техника да бар.

"Издөө-2019" машыгуусу 14-18-октябрь күндөрү төрт полигондо эки этап менен өтөт. Анын алкагында ЖККУнун Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөр менен биргеликте операцияга даярдык көрүү жана ар кандай каражаттар менен күч колдонуу боюнча тажрыйба топтошот.

Ошондой эле жерде, абада жана башка учурларда, ошону менен бирге түнкүсүн да чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Аскерлер уюмга мүчө мамлекеттерди буктурмадан чыгаруу, куралдуу кылмышкерлердин тобун бутага алуу жана калктуу аймактарды бошотуу чараларын көрүшөт.

Тема боюнча

Канттагы "террорчулар жок кылынды". Машыгуунун сүрөттөрү
Белгилер:
машыгуу, Аскер, Белоруссия, ЖККУ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ