03:55 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе

Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12211

Иш-чаранын негизги максаты — эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун ортосундагы аракеттерди бекемдөө жана террористтик коркунуч жарала турган болсо биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бүгүн, 10-октябрда, Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан чек арасынын бириккен аймагында, тагыраагы, Баткен районундагы Чоң-Кара айылында кыргыз-өзбек чек арачылары тактикалык машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

  • Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе
    Бүгүн, 10-октябрда, Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан чек арасынын бириккен аймагында, тагыраагы, Баткен районундагы Чоң-Кара айылында кыргыз-өзбек чек арачылары тактикалык машыгуу өткөрдү
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе
    Анын биринчи этабында тараптардын чек ара ведомстволору биригип, басып кирүүгө каршы аракеттерди көрүү боюнча иш-чараларды уюштурушту
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе
    Ал эми экинчи этабында "душмандын басып киришине" каршы аракеттер көрүлдү
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе
    Иш-чаранын негизги максаты — эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун ортосундагы аракеттерди бекемдөө жана террористтик коркунуч жарала турган болсо биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Бүгүн, 10-октябрда, Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан чек арасынын бириккен аймагында, тагыраагы, Баткен районундагы Чоң-Кара айылында кыргыз-өзбек чек арачылары тактикалык машыгуу өткөрдү

Анын биринчи этабында тараптардын чек ара ведомстволору биригип, басып кирүүгө каршы аракеттерди көрүү боюнча иш-чараларды уюштурушту.

Ал эми экинчи этабында "душмандын басып киришине" каршы аракеттер көрүлдү.

Машыгуунун жүрүшүнө Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев, Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-майор Руслан Мирзаев байкоо салды.

Иш-чаранын негизги максаты — эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун ортосундагы аракеттерди бекемдөө жана террористтик коркунуч жарала турган болсо биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү.

Кыргыз тараптан машыгууга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматкерлери, ошондой эле ИИМ менен ӨКМ катышты.

Тараптар биргелешкен машыгууга жогорку баа берип, бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп туруу чек ара кызматтары үчүн потенциалдуу коркунучтарга системалуу жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатарын белгилешти.

Тема боюнча

Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылына ИИМдин ички аскеринин ротасы тартылды
Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн эл менен жүктүн көлөмү көбөйдү
Белгилер:
машыгуу, чек ара, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ