03:28 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Түрмө. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда жеке түрмө куруп берем деген ишкерлер бар. Бирок...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
414 0 0

Депутат Руслан Казакбаев учурда Кыргызстандын абактарында маалында купуя сыр болгон маалыматтар менен иштеген жогорку кызмат адамдары отурганын айтып, мындай нерсе мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирбейби деп суроо салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстанда 2014-2015-жылдары жеке түрмө салып беребиз деген ишкерлер болгонун Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш "2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Акыйкатчынын баяндамасын талкуулашты.

Депутат Руслан Казакбаев учурда Кыргызстандын абактарында маалында купуя сыр болгон маалыматтар менен иштеген жогорку кызмат адамдары отурганын айтып, мындай нерсе мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирбейби деп суроо салды.

"Сиз чекист катары жашыруун сыр, купуя сыр деген эмне экенин жакшы билесиз. Азыр мамлекеттик купуя сырды ташыган ар түрдүү саясатчылар камалып отурат. Мыйзам боюнча алар өз жазасын алат, бирок алар (мурдагы аткаминерлер – ред.) жалпы түрмөлөрдө отурат.  Өткөндө чет элдик эксперттер "силерде эч кандай шарт жок, аларды кантип кармайсыңар" деп айтты эле. Алар мамлекеттин кийинки коопсуздугуна таасир тийгизбейби?" — деди депутат.

Токон Мамытов сөзсүз таасир берерин айтты.

"Айрым купуя сырлардын жашоосу үч күн болсо, кээсиники 30 жыл же андан да ашык болот. Өзгөчө аскерий саясий сырлар бар. Ошол сырларга ээ болуп, алар менен иштеп жүргөн мурдагы жана азыркы аткаминерлердин тагдырына көңүл буруш керек", — деди ал.

Депутат бул маселени чечүү үчүн жеке менчик түрмөлөрдүн курулушуна кандай карай турганына кызыкты. Мамытов жеке абактарды курууга ою түз экенин билдирди.

"Дүйнө жүзүндө бул коммерциялык жолго коюлган жана пайдаланылып жүрөт", — деди акыйкатчы.

Эл өкүлү ички иштер министринин өкүлүнө кайрылып, ИИМдин бул жаатта кандай пландары бар экенине кызыкты.

Министрдин орун басары Памир Асанов ИИМдин андай планы жок экенин белгиледи.

Ал эми Токон Мамытов буга чейин, 2014-2015-жылдары, бир нече ишкер жеке түрмө салуу боюнча сунуш бергенин айтты.

"№1 СИЗОнун жанында 4 гектардан ашык жерге куруп берели дешкен. Бирок анын аягы эмне болуп бүткөнүн сиз жакшы билесиз. Фактылар жок, ошентсе да унчукпай эле коёлу", — деди Мамытов.

Ал эми төрага Дастан Жумабеков жеке менчик абактарды куруу боюнча өкмөттө долбоор бар экенин, №1 СИЗОну башка жерге көчүрүү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Борбордогу №47 абак тинтилди. Табылган заттардын тизмеси
Белгилер:
Токон Мамытов, Жогорку Кеңеш, түрмө, абак

ЭҢ МААНИЛҮҮ