Рак оорусундай эле... Иттен жуккан альвеококкоз дартына кабылгандар көбөйдү

© AP Photo / Anupam NathВсемирный день борьбы с туберкулезом в Индии
Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдан жылга өлкөдө эхинококкоз сыяктуу альвеококкоз оорусу да күч ала баштады. Дарыгерлер бул оору коркунучтуу экенин, дартка 14 жашка чейинки балдар көп кабыла баштаганын айтып коңгуроо кагууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коркунучтуу илдет эмнеден пайда болорун, аны алдын алуу жолдорун сураштырып, статистикага үңүлдү.

Операцияга акча издеп, айласы кеткен аялдар

Эки жыл мурун Зуура Бейшеевадан (аты өзгөртүлдү — ред.) дарыгерлер альвеококкоз дартын аныкташкан. 25 жаштагы келин бул ооруга кабылып калганын билбей жүрө берип, илдети өтүшүп кеткен. Адистерге кеч кайрылгандыктан, алар эч нерсе кыла албай турганын айтып, ооруканадан чыгарып коюшкан. Эки баланын энеси азыр өмүрү үчүн өзү күрөшүп жаткан кези.

"Турмушка чыкканыма беш жылдай болду. 29 жаштамын. Айылда чоңоюп кайра эле элетке турмушка чыктым. Азыр бир кыз, бир уулум бар. Кичинекейим бир жарым жашка чыгып калганда дене табым көтөрүлүп, алым кеткенинен дарыгерге көрүнсөм так диагноз коё албай койду. Кийин шаарга келдим. Дарыгерлер УЗИге жөнөтүп, ал жактан альвеококкоз экенин айтышты. Буга чейин мындай ооруну такыр укпаптырмын. Көрсө, ит, мышыктан жугат экен. Дарыгерлер дартым өтүшүп баратканын айтып, операция да жардам бербейт, боорду толугу менен алмаштыруу зарыл дешти. Бирок Кыргызстанда боорду толугу менен алмаштыра алышпайт экен. Азыр операцияны чет мамлекеттен жасатуу үчүн акча чогултуп жатабыз. Туугандар, кайын журтум жардам кылууда, бирок көп акча керек. Дарылары да аябай кымбат", — деди Бейшеева.

Церемония открытия Ошской городской клинической больницы - Sputnik Кыргызстан
Дарынын жытын сагынам... Доктурлар кесибин эмнеге сүйөт
Бул келинге окшоп нарындык Жамиля Аскарова (аты өзгөртүлдү — ред.) да альвеококкоз дартына кабылганын кеч билген.

"Жашым 50гө чамалап калды. Үч жыл мурун өтүмдү алдырып, өзүмө эми келе баштаганда кайра алдан тайдым. Тынбай кусуп, чарчап, жаткым эле келе берчү. Өтүмдү алдырганга ушинтип жатсам керек деп этибар албай жүрө бергем. Көрсө, боордон кармап жатыптыр. Нарындагы УЗИге түшсөм эле альвеококкоз дешти. Бир жылдан бери дарыланып жатам. Адистер оору өтүшүп кетиптир деп ичимди ачып эле жаап коюшту. Айла кеткенден элдик медицина менен дарыланып жатам...", — деди Жамиля Аскарова.

Оору иттен жугат, абайлагыла! Дарттын келип чыгуу себептери

Дарыгер-паразитолог Жумагүл Усубалиеванын айтымында, альвеококкоз илдети адамга ит, мышыктан жугат. Ал эми иттер аны талаадагы жырткыч айбанаттардан (карышкыр, түлкү жана талаа чычкандары) алып келет. Дарыгер ооруну адам кандайча жуктуруп аларын түшүндүрүп берди.

"Эхинококкоз-альвеококкоз адамга өздүк гигиенаны сактабагандан, иче турган сууну ачык көлмө, арыктардан кайнатпай ичкенден жугат. Ошондой эле мөмө-жемиштерди жуубай колдонгондон пайда болот. Мындан сырткары, үйдө мал сойгондо анын оорулуу боор, өпкөсүн итке берип салат эмеспи, аны иттер жеп, альвеококкозду жуктуруп алат. Анан иттин ичегисинде курттар өсүп, үч айдын ичинде чоң, жумурткалуу куртка айланат. Жумурткалары оорулуу иттин жүнүнө жабышып жашайт. Ал суу же бакча, айлана-чөйрөнү аралаганда ал жакка түшүп, ошол жактан адамга жугат", — деди Усубалиева.

Альвеококкоз оорусунун белгилери:

Дарыгер-паразитологдун айтымында, илдет билинбей өрчүйт. Боордун эхинококк ыйлаакчасы акырындык менен өскөндүктөн көпкө чейин адамдар аны сезбей жүрө беришет. Ыйлаакча чоңойгон кезде гана боорду чоңойтуп жиберет. Ушул мезгилде оң кабырганын, кемирчектин алды оорута баштайт. Мындан сырткары, адамдын кускусу келип, алы кетип, чарчайт. Оорулуунун өңү саргарып кетет.

Илдетти дарылоо жолу

Хирург Съездбек Айтбаевдин айтымында, оору өтүшүп кете элек болсо аны дары менен айыктырууга мүмкүн.

"Альвеококкозду эки жол менен дарылайбыз. Эгер боордогу жара үч сантиметрге жете элек болсо, дары менен айыктырууга мүмкүн. Үч сантиметрден чоңоюп кетсе, анда операция жасоого туура келет. Тилекке каршы, бул дарт билгизбей өрчүйт, ошонусу менен коркунучтуу. Өтүшүп кеткенде рак оорусундай боордун кан-тамырларына өсүп, оору мээ, өпкөгө чейин метастаз болуп өтүп кетет. Андай учурда колубуздан эч нерсе келбей калат. Боордун 30-40 пайызы таза болсо жана жүрөккө кетчү кан-тамырларга өсө элек болсо, операция жасоого мүмкүн. Бирок айрымдары бизге боорунун 10-20 пайызы эле таза болуп, калганында альвеококкоз курту чоңоюп кеткенде келишет. Бул учурда боорду толугу менен алмаштырыш керек. Кыргызстанда азырынча боор алмаштырган борбор жок. Ошондуктан чет өлкөгө жөнөтөбүз", — деди Айтбаев.

Хирург бул оору жаш балдар арасында да катталып жаткандыктан, дартты алдын алуу үчүн аймактардагы окуучулар текшерилип жатканын билдирди.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарысы эркектин бел суусуна таасир этет. Кызыл жүгүрүк дарты тууралуу маек
"Статистикадан бул дартка 18-20-25 жаштагы, жаңы эле ойноп күлө турчу убактары келгенде, балдардын бул дартка кабылганын көрүп, алдын алуу үчүн аймактардагы мектептерди кыдырууну чечтик. Жакында эле Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунан 2500дөй окуучуну текшердик. Айрымдарында дарттын кичине белгилери бар экен, аларды көзөмөлгө алдык. 3-6 ай сайын текшерип турабыз. Альвеококкоз эрте аныкталса, аны көзөмөлгө алса болот. Мындан сырткары, 14 жаштагы кыздын боорунан чоңураак жара табылды. Ага операция жасадык, азыркы тапта абалы жакшы", — деди Айтбаев.

Ооруну кантип алдын алса болот?

Ооруну алдын алуу үчүн үй жаныбарларды багууда ветеринария эрежелерин туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Ооруган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмп салуу сунуш кылынат.

Мындан сырткары, жайлоого чыгаардын алдында, адамдар иттерине сөзсүз түрдө митеге каршы дары берүүсү зарыл. Анткени көп учурда иттер жапайы чычкандарды жеп, оору жугузушат. Ошондой эле ар бир итке кожоюну чейрек сайын атайын куртту өлтүрө турган дарысын берип турушу керек. Ал дарыны бергенден кийин 72 саат күчүктү байлап койгон туура. Бул учурда иттин ичиндеги курттар заңы аркылуу сыртка чыгат. Алардын заңын ажатканага салып, ит байланып турган жерди кайнак суу менен же хлор аралашкан суу менен тазалоо зарыл.

Статистика

Дарыгер-паразитолог Жумагүл Усубалиеванын берген маалыматы боюнча, альвеококкоз дарты менен 2018-жылы 121 адамга операция жасалса, 2019-жылдын акыркы беш айында 71 адамдын ичи ачылып, бооруна бычак тийген. Оорусу өтүшүп кетип көз жумгандар да болот. Бул сан 2018-жылы 14тү түзгөн.

"Союз мезгилинде альвеококкоз оорусу менен 2-3 учур катталса, бүгүнкү күнү андай учурлар 100-200дөн ашып жатат. Бул операция жолу менен гана дарыланган адамдар, ал эми илдетке чалдыгып, дартты 10-15 жыл мурун жуктуруп алып билбей жүрө бергендер бар. Ошол себептен адамдар жылына бир жолу ички органдарын УЗИ аппаратына текшертип туруусу зарыл", — деди дарыгер.

Статистикада көрсөтүлгөн сандар ооруканага жаткырылып, операция болгондор жана көз жумгандар. Дартка чалдыгып, бирок ооруканага жатпагандар статистикага кирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0