Акыйкатчы: милиционерлер шектүүлөрдү кыйнаганын улантууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда катталган фактылар, сабоолор, кыйноолор боюнча дагы ирет текшерүү жүргүзүлүп жатат жана прокуратура органдарына тиешелүү арыздар жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Милиционерлер борбор калаадагы убактылуу кармоо жайларына киргизилгендерди кыйноосун улантып жатат. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Май айында алардын кызматкерлери бул жаатта сегиз арызды кабыл алган.

Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Токмоктук милиционер аялды муунтуп кыйнаган деп шектелип жатат
Омбудсмендин аппаратынын кызматкерлери прокуратура өкүлдөрү, эксперттер жана медиктер менен биргеликте Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайларына барып, мониторинг жүргүзүү иштерин улантууда. Буга борбор калаанын милиция бөлүмдөрү да камтылган.

Максат —  аталган жайда кармалып отургандарды кыйнап жана аларга катаал мамиле жасаган фактыларды табуу.

Эске салсак, алар 2019-жылдын жылдын апрель айынан тарта милиция кызматкерлерине, жетекчилерине алдын ала айтпай капыстан текшерип келишет. Маалыматта убактылуу кармоо жайлары эле эмес, тергөө кабинеттери, ыкчам кызматкерлердин отурган кабинеттери да каралары айтылган.

Өткөн айда аталган топ эскертүүсүз текшерүүгө 19 ирет чыккан. Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга 7, райондук ички иштер бөлүмүнө 5, шаардык милиция бөлүмдөрүнө 7 жолу барышкан. Мунун жыйынтыгында кармалгандардын ичинен 20 жаранга юридикалык тиешелүү кеп-кеңештер берилип, 8 киши милиция кызматкерлери кыйнаганы боюнча арыз жазып берген. Алардын бирине дарыгер чакырылып, эл аралык укуктук документтердин негизинде абалы кагазга түшүрүлгөн.

Акыйкатчы институту бул боюнча бир нече фактыларды санап берди. Алардын бири — 25-майда Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери уурулук кылды деп шектелген жаранды кармаган. Андан көрсөтмө алуу үчүн тартип сакчылар 25 жаштагы жигитти уруп-сабаган. Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизанын справкасы бар экени, анын жаагы жабыркап, денесинде сабалгандан кийинки тактары калгандыгы кагазга түшүрүлгөнү айтылды.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аткезчилердин 5 млн. долларын каракташмак. УКМК милиционерлер тууралуу
Андан беш күн өткөндөн кийин ушул эле райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кеч курун бир аялды кармашкан. Аны кабинетине киргизгенден кийин тергөөчү (аты Эржан) келекелеп-мазактап, андан соң көрсөтмө алыш үчүн түртүп жиберип жана уруп-сабаган деген маалымат айтылды. Бул факты боюнча жабырлануучунун травматология бөлүмүнөн алган справкасы бар. Анда оң кабыргасынын төмөн жагындагы эттери жанчылып калганы айтылган.

Мындан бир күн өткөндөн кийин, 31-майда, кечки саат сегиздерде Октябрь райондук тергөө кызматынын өкүлдөрү 23 жаштагы жаранды кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан көрсөтмө алыш үчүн сабашкан. Травматология бөлүмүнөн токмоктун изи бар экендиги туурасында справка берилген. Медициналык эксперт Стамбул протоколунун негизинде кыйноонун, жасалган катаал мамиленин белгилери байкалганы боюнча документ толтурган. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери да анын денесинде сабалгандан кийинки тактар калгандыгын сүрөткө тартып алышкан.

Маалыматта учурда катталган фактылар, сабоолор, кыйноолор боюнча дагы ирет текшерүү жүрүп жаткандыгы жана прокуратура органдарына тиешелүү арыздар жөнөтүлгөнү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0