Эл аралык уюм Кыргызстанга 2 тоннага жакын дары-дармекти бекер берди

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүИзготовление лекарств в Тамбовской детской клинической больнице
Изготовление лекарств в Тамбовской детской клинической больнице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарылар менен медициналык каражаттар чукул кырдаал болуп кеткен учурларда таратылып берилери айтылды.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм Кыргызстанга 1 тонна 951 килограмм дары-дармек берди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

2019-жылдын 3-майында Бишкек шаарындагы Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо боюнча департамент аталган дүйнөлүк уюмдан дарыларды, медициналык каражаттарды өткөрүп алган.

"Дары-дармектер уюм менен КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы түзүлгөн меморандумдун алкагында акысыз берилди. Алар чукул кырдаал болуп кеткен учурларда таратылат. Жалпы салмагы 1951 килограмм", — деп айтылган маалыматта.

Дары-дармектер Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы дарылоочу-профилактикалык мекемелерге таратылып берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0