Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги

© Sputnik / Кайрат ЖаныкуловКыргызстандыкн ишкер Мирлан Акжигитов
Кыргызстандыкн ишкер Мирлан Акжигитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Акжигитов Кыргызстандагы эң ийгиликтүү жаштардын бири. Ушул күнгө чейин өнөктөштөрү менен биргеликте үч курулуш компаниясын жана бир мейманкананы негиздеген.

Алайлык карапайым дыйкандын уулу кантип мындай ийгиликке жетишкенин Sputnik Кыргызстандын кабарчысы менен маектешип жатып айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековМирлан Акжигитов алгачкы капиталын чет өлкөдөн тапканын айтат
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Акжигитов алгачкы капиталын чет өлкөдөн тапканын айтат

— Мирлан мырза, катардагы карапайым ата-эненин уулу экенсиз. Бүгүнкүдөй ишкерликти түптөө үчүн каражатты кайдан таптыңыз?

— Алгачкы капиталды чет өлкөдөн таап келгем десем болот. 19 жашымда бир жылдык курста окуу үчүн Улуу Британиянын Брэдфорд шаарына баргам. Ал шаарда эки жыл жашап, бир дагы кыргыз менен учурашкан жокмун. Кеңешчү, сырдашчу адам болгон жок дегеним. Анүстүнө азыркыдай WhatsApp сыяктуу мессенджерлер жок эле. Ата-энем менен сүйлөшүш үчүн райондун борборунда жашаган туугандарга телефон чалып, "мен баланча күнү байланышам, силдердин үйгө келип турсун" деп алдын ала пландап атып араң сүйлөшчүмүн. Ошондо дагы жылына 2-3 гана жолу. Андыктан башымда канча суроо пайда болсо, ошонун баарына өзүм жооп табышым керек эле.

Кыргызстандык жаш ишкер, Азиянын экоазыктары компаниясынын негиздөөчүсү Дастан Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes кыргызстандык жигитти келечеги кең алдыңкы 30 ишкердин катарына кошту
Студент болуп жүрүп эле KFC тамактануу жайына тазалоочу болуп ишке орноштум. Кардар тамак жеп кеткенден кийин столун тазалап, терезелерди сүртүп, жарым саат сайын даараткана жуучумун. Бирок эки жумадан кийин эле англис тилин билгенимдин пайдасы тийип, кассага отургузушту. Жарым жылдан соң окуумду аяктап, башка шаарда өткөн сынакка катышып, өзүм иштеген жерге шеф-менеджер болдум. Бул алты ай ичинде мени жумушка алган адамдын жетекчиси болуп калдым дегенди түшүндүрөт.

Мунун баары стимул болуп, экинчи жагынан мекенден алыс жүргөн бир да мүнөттү текке кетирбейин деп күнүнө 18 сааттан иштеп жүрдүм. Калган эки саат жолго, төрт саат уктаганга кетчү. Баса, күндө үйгө келгенде эрикпестен, канча акчам бар экенин, канча киреше, канча чыгаша болуп жатканымды санап турчумун.

— Бизнеске керектүү сумманы ошол жактан чогулттуңузбу?

— Жок, кийин жомоктогудай айлыкты башка жактан алдым. KFC тармагында иштеп жүрүп, Брэдфорддон жарым сааттык жерде жайгашкан Лидс деген шаардагы бир дүкөнгө сатуучу болуп кирдим. Эртең менен KFC, түштөн кийин дүкөндө иштечүмүн. Бирок бара-бара дүкөнгө баш-отум менен өтүп кеттим. Анткени ал жакта айлык оголе жакшы болчу. Эки сатуучу, бир тазалоочунун ордуна өзүм жалгыз иштеп, айына 13-14 миң доллар алчумун. Элестетип көрсөңөр, 2004-2005-жылдары бул акчага Бишкектен ай сайын бирден батир алып турсам болмок. Бирок 2006-жылы мекенге кайтууну чечтим.

© Sputnik / Кайрат ЖаныкуловUFC мушкери Валентина Шевченко менен
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери Валентина Шевченко менен

— Кантип? Ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгардыңызбы?

— Калып иштей берсем болмок, бирок Кыргызстанга кайтам деп башынан эле максат койгом. Анүстүнө жанымда жакын адам болбогону, жалгыздык роль ойноп койду окшойт. Англиядан кетип жаткан акыркы күн жөнүндө бир окуя айтып берейин. Учак саат 11де учуп кетмек. Мен ал күнү эс алып, шашпай туруп кетсем болмок. Бирок күндөгүдөй саат алтыда жумушка барып, сегизге чейин иштеп, эки сааттык айлыгымды алып кеткем. Ошол акча Кыргызстандагы бир айлык маянам болуп калышы мүмкүн экенин түшүнгөм. Аны муктаж болгон туугандарыма берсем, керегине жарайт деп ойлогом.

— Кыргызстанга келгенде кандай сезимдер болду анан?

Предприниматели Жанболот Эламан уулу и Талгат Жаныбаев - Sputnik Кыргызстан
Айына 5 миң доллар тапчубуз! Жупуну үй-бүлөдөн чыккан эки жигиттин ийгилиги
— Келсем чындап эле досторумдун көбү 100 долларга жетпеген айлык алып иштеп жүрүшүптүр. А мен Бишкектен, Оштон батирлерди, жер тилкелерин, "Дордой" базарынан контейнерлерди алып койдум. Өзүм Unilever деген эл аралык ири корпорациянын Кыргызстандагы регионалдык менеджери болуп жумушка кирдим. Ал кызматта 2012-жылга чейин иштедим.

— Курулуш тармагына качан өттүңүз?

— 2012-жылы курулуш күч алганда өнөктөштөр менен ишкана ачканбыз. Азыр аныбыз өз-өзүнчө үч компанияга айланды. Рынокто бири-бирине атаандаш. Баса, алардын бирин АКШ рыногуна киргизгени жатабыз. Жакында Чикагодо 2-3 кабаттуу чакан үйлөрдүн курулушун баштайбыз. Сүйлөшүү иштери аяктап калды.

© Sputnik / Кайрат ЖаныкуловАкжигитов негиздеген компания жакында Чикагодо 2-3 кабаттуу чакан үйлөрдү салып баштайт
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Акжигитов негиздеген компания жакында Чикагодо 2-3 кабаттуу чакан үйлөрдү салып баштайт

— Колунда бар адамга жардам сурап же демөөрчү болуп бер деп кайрылгандар көп болот эмеспи...

— Анткендер болот, бирок мен өзүм эле жан дилим менен спорттук иш-чараларга кол кабыш кылганды жакшы көрөм. Жакында эле айтылуу спортчубуз Валентина Шевченко келип кетпедиби. Ошол иш-чарага өнөктөштөр менен демөөрчүлүк кылдык. Тааныгандардын баары эле канча сом кетти деп сурап жатат, мен ал сумманы ачыктагым келбейт. Сыр бойдон калсын (жылмайып).

Бул кылганыбыз үчүн таптакыр өкүнбөйм, Шевченко дагы бир жолу келем десе, дагы бир жолу каржылап берүүгө даярбыз. Мындай патриот адамдарды колдобогондо кимди колдойбуз?

— Эң сонун! Акчаны тапканды, көбөйткөндү жакшы өздөштүргөн адам катары кандай кеңеш бере аласыз? Канткенде чыгашаны кирешеден азыраак кылса болот же тескерисинче?

Акушер-гинеколог Бакытбубу Арынова в США - Sputnik Кыргызстан
АКШлык бөбөктөрдүн киндик энеси: Кыргызстанга бутума туруп алып кайтам
— Түрк элинде "Бутуңду жуурканыңа жараша кер" деген жакшы сөз бар. Жууркан кыскараак болуп, бут үшүп кала турган болсо, аны сунуп эмне кереги бар? Бизде керексиз чыгымдар көп. Той-топурга кошумча, достор менен кезиккенде обу жок чыгымдар дегендей. Муну кыскартыш үчүн адам иштеш керек. Бир нерсе менен алек болуп, колу бошобогон кишинин сайрандоого убактысы жок. Демек акча чөнтөктө калат, ал кийин сөзсүз керекке жарайт. Эгер такыр эле чыгымды кыскарта албайм десең, анда кирешени көбөйтүүнүн жолун ойлон, башка айла жок.

© Sputnik / Кайрат ЖаныкуловМирлан Акжигитов 2000-жылдардын башында айына 13-14 миң доллар айлык алып иштегенин белгиледи
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Акжигитов 2000-жылдардын башында айына 13-14 миң доллар айлык алып иштегенин белгиледи

— Көптөн бери ушул суроону курулуш компаниясынын кожоюнуна бергим келип жүрдү эле. Өзүңөр курган үйлөрдө жашайсыңарбы?

— Албетте. Мен эң алгачкы объектибизден батир алгам. Ал үйдө мен эле эмес, өнөктөштөр менен кызматкерлер да жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0