Руслан Казакбаев: Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугуна шек келүүдө

Жазылуу
Эл өкүлү Казакстандын ЖМКлары ал жакта соттолуп жаткан Кыргызстандын экс-депутаты, чек арадагы аткезчилик боюнча маалыматтарды берип жатканын айтты.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна, ошондой эле ички жана тышкы коопсуздугуна шек келип жатканын билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын телеканалдары учурда ал жакта соттолуп жаткан Кыргызстандын экс-депутаты, чек арадагы маселе тууралуу маалыматтарды таратып жатат.

"Бул жерде Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна, ошондой эле ички жана тышкы коопсуздугуна шек келип жатат. Кечээ Казакстандын каналдары биздин депутаттын сотун, чек ара маселесин да көрсөтүп, Кыргызстанга аткезчилик товарлардын бардыгы Кытай аркылуу өтүп жатат дешти. Кыргызстандагы бажынын иштеши боюнча күмөн жаралууда. Бажы бир чоң чатактын башы болгону турат. Бул боюнча мен өкмөт башчыга да кайрылдым эле. Керек болсо Коопсуздук кеңешинин башчысынын алдында биздин бажыны УКМК, Башкы прокуратура кошулуп комплекстүү текшериши керек. ЕЭАБге мүчө өнөктөштөрүбүз ушул эле маселени коюп жатат", — деди депутат.

Казакбаев төрага Дастан Жумабековго кайрылып, Кыргызстан парламенттик-президенттик башкарууга бара жатканын айтып, андыктан жоопкерчиликтин көбүн өзүнө алып, чек арадагы абалды чечүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0