Стриптиз барга кандай эркектер келет? Бийчи кыз менен ачык маек

© AFP / MAURICIO LIMAЯрмарка эротики в Сан-Паулу
Ярмарка эротики в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жарым жыл мурда бул кыз эротикалык бийди токтоткон. Өзү иштеген стриптиз бардын кардарына турмушка чыккан.

Мен маек алууга шашып барган кыз Бишкектин жакшы райондорунун бириндеги жапжаңы көп кабаттуу үйдө турат экен. Назик кызгылтым үй кийими менен ал мени күлүмсүрөй тосуп алды.

Үйдүн ичи абдан жайлуу экен. Далисте турган гана шиштака бул үйгө таптакыр коошпой турат, аны кийип деле баса алчудай эмессиң!

Кезекте турган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыздарыбыз үчүн жерге кирип кетким келет! Түнкү клуб сакчысын жинденткен сулуулар
"Кофе кайнаттым, бирок канттын ордуна бал коштум. Даамдуу келет", — деп сунду кожойке. Кымбат көрүнгөн столдун үстүндө ичке тамеки менен күл түшүргүч коюлган. Маектешим кебин баштады...

Ошол түнү стриптиз барда киши аябай көп эле. Мен бийлеп бүтөрүм менен телефон шыңгырап, апамдын каза болгонун угузушту. Сахнадан түшүп эле жөнөдүм. Бирок маркумду көргүм келген эмес...

Өзүм Ысык-Көлдөн болом. Биздин үй-бүлөнү кошуналардын баары жакшы билчү, апам ачуу суудан татып алып, бизди — төрт баласын тең сабап кирчү. Уямдан көргөн тарбиям тууралуу айтып берейинби? Наристе кезимде мени машина уруп кеткен. Бир нече күн ооруканада жатып, анан үйгө чыгарышкан. Апам үч күндөй мени кароого тырышты, бирок чыдабай кетти көрүнөт, анын токмогунан ооруканага кайра жатып калдым.

Кичүү бир туугандарым ач, тамак сурайт, ошол себептен эрте иштей баштагам. Апам базарда тамак сатууга мажбурлачу, айтмакчы, тамакты абдан даамдуу жасачу.

Мектепке жарытып деле барчу эмесмин. Балдар таш боор болушат, алар мага дайым апамдын ким экендигин эстетүүдөн кайра тартчу эмес. Ал эми мугалимдер мага боору ооруп, алардын аракети менен апам ата-энелик укугунан ажыратылган. Кичүүлөр камкордукка алынды, ал эми тогуз жаштагы мени бир үй-бүлө үй кызматкери кылып алган. Алар эч капа кылган жок, үй жыйнап, кир жууп, балдарды бакчумун. 60 сом топтоп алып, Караколго таежемдикине бардым.

Ал тууганым мектепке барып, тил алчаак болушумду каалаган. Бирок мен көчө көрүп, ээн жүрүп көнө түшкөн кезим... Ортодо эки жыл окубагандыгыма карабай, таежем мектептин директору менен мени 7-класска алуу тууралуу сүйлөшөт. Мектеп мага аябай жакты. Курбалдаштарымды да кууп жетип, бардык экзамендерди тапшырдым.

16 жашымда иштеп, акча табуу үчүн Санкт-Петербургга карай бет алдым. Албетте, жашы жете элек мени ата-эне же камкорчунун уруксаты жок чек арадан чыгарышпайт болчу, бирок чек арачыларга пара карматтым да маселе чечилди.

Питерде менин аталаш эжем жашачу. Ал дагы мени тил алчаак кылууну чечти көрүнөт:

Снайперлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар
"Сени бардык балдар карап жатышат, мындай жүрбө",- деди. Андан бөлүнүп, Борбордук Азиядан келген мигранттар турган батирге көчтүм. Эки бөлмөлүү батирде 35 (!) киши жашачу. Жуунуш үчүн эрте туруп, кезек алуу керек эле. Бир керебеттик орунду айына 6 миң рублге ижаралачумун. Тапканымдын калганын бир туугандарыма салчумун. Үч жылдан кийин Бишкекке кайттым.

Сахнада алгач чечингенимде 22 жашта элем. Стриптиз барга орношуу кыйынга турган жок, мени бир таанышым чакырды. Администратору башымдан бутума чейин сыдыра бир карап, анан дароо ишке алды.

Сахна кийимин, анан ушунчалык бийик шиштака беришти, андайды ага дейре кийип көргөн эмесмин! Биринчи бийлегенимде эки жолу куладым... Элдин алдында чечинүү да мага оңой болбоду... Ошондо администраторго барып, иштей албасымды айттым.

Үч айдан соң ошол барга кайра кайттым. Акчага зарылып тургандыктан, баарына чыдап, көтөрүүнү чечтим. Бишкекте орточо маяна канча? Эки жүздөй доллар, туурабы? Ал эми стриптиз барда мындай акчаны бир түндө табууга болот. Бийчи айына кеминде эки миң доллар табат. Кардар бий үчүн 200-500 сом, кээде миң таштап кетет, бул кыздын өзүнө жараша.

Стриптиз клубдагы эс алуу кымбат турат, кадимки кафеге караганда ал жакта баары кымбат. Болгону көпчүлүк кыздар акча топтой алышпайт, кебетесине кам көрүү, сулуулук салондоруна, спорт залына көп коротушат. Чач коштуруу эле 700 долларды чапчыйт. Сахна кийимдерине көп каражат жумшалат. Алардын саны 15 болушу шарт, ал эми бир эле костюмдун баасы 5 миң доллардан кем эмес. Ага кошумча атайын бут кийим, алардын наркы кээде 50 миң сомго чейин чыгат! Аны менен катар "айфон" сатып алып, ресторандарда тамактана алчубуз.

Туфличен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сойкулук менен алектенгендер үчүн айып пул жазасы киргизилиши мүмкүн
Башка кыздар менен көп тил табыша алчу эмесмин... Ушунчалык митаам кыздар эле! Карасанатайлык алар үчүн кадыресе көрүнүш болчу. Мен тез эле кардарлардын купулуна толгон бийчи болуп чыга келдим. Башка жайларга да чакыра башташты, анан кыздар жетекчибизге менин башка жактарда да бийлегеним боюнча доомат кое башташты. Ошондо ал: "Бул силердин маселеңер. Аракет кылыш керек", – деп койгон. Андан кийин мени баары жек көрө башташты. Бир-эки ирет мушташканга чейин бардык... Иштен кеткенимде ал кыздар аябай кубанган.

Үй-бүлөсүнөн алыс жүргөн чет өлкөлүк кардарлар өтө пас келишет. Алар ушунчалык ач болушат... Негизи эле меймандар ар кыл. Текеберленип, сени жогортон карап, малай катары көргөндөр бар. Көпчүлүк кыздарды күл түшүргүч менен коюп, шерменде деп аташат. Эмне кыла аласың? Кыжырланып, жинденип тынышат. Эч убакта каяша кылып, катуу айтууга болбойт, эгер мас кардарга мындай мамиле кылсаң, дароо иштен айдашат.

Стриптиз клубга келген киши кадимки эле кеңсе кызматкери. Кесиптешине ал "келчи бери, мындай кыл" деп айта албайт, ал эми бул жакта анын долуланганын, ит кыялын чыдамдуулук менен угушат. Болгону стриптиз бийчисине кол көтөрүүгө болбойт, антсе дароо күзөтчү балдарды чакырышат.

Күнүгө иччүбүз. Бул ишибиздин бир бөлүгү, ачуудан татып алып, өзүңдү эр сезип каласың. Машыгууда аткара албаган пилондогу ыкмалар кызуу кезиңде өзүнөн-өзү чыгат. Маселен, кызуу абалымда алгач шпагатка отургам.

Меймандардын ар бири сени жеке жолугууга чакырат. Бирок андайга ири көлөмдөгү айып пул каралган, андан кийин бийчини уяткарып иштен кетиришет. Кыздардын эч бири андай "даңаза" болууну каалабайт, Бишкек — чакан шаар.

Чынында кыздар стриптиз боюнча сөз кыла беришпейт. Бөбөктөрүмдүн ким болуп иштей турганымды билишине жол бере алмак эмесмин. Алар менден үлгү алат да... Ал эми башка туугандарым үчүн мен үй-бүлөнүн маскарасы элем. Жылаңач сүрөттөрүм интернетте бар, кээде бейтааныш адамдар келип, суроо беришет. Бирок бардан сырткары эч бир жерде стриптиз менен акча табарымды билдирчү эмесмин.

Жакындарынан иши тууралуу жашырбаган кыздар да бар. Мисалы, бийчилердин арасында жаш эне бар эле. Анын жолдошу үй-бүлөсүн бага албагандыктан келин бийлей баштаптыр. Күйөөсү аны түшүнүү менен кабылдап, сахнага кийилчү костюм, туфлилерин да жеткирип берип турчу.

Бийчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стриптиз бийлеп бер дешет! Бийчинин жанын кашайткан нерселер
Бул кирешелүү иш, бирок отузга жакындаганда кыздар мындай бийди токтотууга тийиш. 18 жаштагы бийчи 25 жаштагыга караганда көп табат. Бий аянтчасында да ким улуу, ким жаш экендиги байкалбай койбойт, ал эми эркектер жаш денени көргүсү келет. Мындан тышкары, биздин иштин тартиби  аябай оор эле: кечки 8ден таңкы 7ге дейре иштеп, алкоголь ичип, аз уктайт. Тери абдан бузулат, андайда эч кандай макияж да жардам бербейт.

Ушул тапта мен бийлебейм, турмушка чыктым, стриптизди токтотком. Жолдошум ал ишим тууралуу билет, алы жетсе ошол барды жардырып салмак. Түшүнүңүздөр, мен сойку болгон жокмун, кардарлар менен катнашка барган эмесмин. Мен тек гана бийлегем.

Азыр инилерим, сиңдилерим иштеп, мага кам көрүүгө аракет кылышат. Мен жеке ишимди ачкам.

Албетте, келечекте чүрпөмдү булардын баарынан оолак кармагым келет. Интернет деген гана бар, андан баарын табууга болот... Кызымдын менин жолум менен кетишин эч качан каалабайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0