Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСнайперлер. Архив
Снайперлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адамдардын жакындары алардын эмне менен алектенерин дээрлик билбейт. Кээси аркалаган кесибин кооптулуктан жашырса, айрымы уятынан сыр кылат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Социологдор адамдардын көпчүлүгү өз жетишкендиктери тууралуу ашыра мактанса, ал эми кээси иши тууралуу карандай калп айтарын белгилешет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ар кандай себептер менен аркалаган кесибин жашырып келген адамдар менен баарлашып көрдү. Маектештер ысымдарын атабоону суранышты.

Снайпер, 30 жашта

Мен башка жумушта деле иштемекмин. Бир жолу менин жакшы сүйлөй тургандыгымды, менден мыкты журналист чыкмактыгын да айтышкан. Бирок дайым спорт менен машыгып келгем, ушул нерсе баарын чечип кетти. Анда 17 жашта болчумун. Эки адам кол салган кызды куткарып калгам. Ашыкча кеткеним үчүн түрмөгө түшпөй болдум. Абактан армия, жоокердик турмуш сактап калды. Ал жакта мендейлерге муктаж экен. Бир нече жылдан кийин менин жумушум жашыруун болуп, 10 жылга чейин сырды, тагыраагы эмне иш кылаарымды ачыкка чыгарбоо боюнча документке кол койдум.

Мариинск театрынын артисти Эрнест Латыпов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мариинск театрынын бийчиси Латыпов: балет эркектин иши эмес деп ким айтты?
Менин чыныгы кесибим тууралуу жетекчилигим жана кесиптештерим гана билчү. Апам, "досторум" үчүн мен кызмат өтөп жүрдүм. Бармен, соода өкүлү деген расмий аталыштагы кесиптерим бар болчу. Жакындарым менен телефондон сүйлөшүп амандыкты сурашып турчумун. Ал эми менин кайда, эмне кылып жүргөнүмдү эч ким билчү эмес.

Кимдир-бирөөгө айтып, сырдашкың келчү беле дейсизби?.. Жок, антким келбейт, көп нерсени өзүм да унутуп койсом ыраазы болот элем…

Аскердик сырды ачыкка чыгаруудагы эң катуу жаза — бул трибунал. Андан кийин сен эч ким болбой каласың. Мен жабык аскердик бөлүктө кызмат өтөдүм. Бир нече снайпердик мектептен өттүм. Белгиленген убакыт өткүчөктү кайда жүргөнүмдү эч кимге айткан жокмун.

Бул — жумуш. Ата Мекенди коргоо деген кесип бар. Билесизби? Зуулдап ок учуп атканда өлүп калуудан, жок дегенде сенин каякта экениңди билбеген апамды кайра көрбөй калуудан коркчумун.

Сойку, 46 жашта

Баткен облусунан келгем. Үй-бүлөбүз чоң болчу. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келип, дүкөнгө сатуучу болуп орноштум. Айылга акча жөнөтүп турдум… Дүкөнгө аябай жакшы кийинген Ольга аттуу аял көп келээр эле. Достошуп кеттик. Ал сойку болуп иштей турганын айтты. Союз кулагандан кийин аны менен бирге иштей баштадым.

Биз өзүбүзчө ижарага батир алып жашачубуз. Жакшы турчубуз. Үйдөгүлөр менен кошуна-колоңго базарда кийим сатып иштейм деп койгом. 10 жылдан кийин үй сатып алдым, ал арада уулум 4кө, кызым 2ге чыгып калды. 

Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индияда сойкулукка мажбурланган кыргызстандык кыз Бишкекке алынып келди
Ар кандай болот… Кээде сабап да кетишет. Бир жолу бычак менен сайып, ага 1000 сом төлөп кетишти. Кардардын каалоосу канчалык күч болсо "кызматтын" баасы ошончо жогору болот. Корголбогон секс үчүн 300 сом кошумча акы төлөнөт. Баарынын өз тарифи бар.

Бир жолу мени сабап туруп зордуктап кетишти. Андан кийин бир айга чейин иштей албай жүрдүм. Бирок акча керек болуп, жумушка чыктым. Бирок баамды 200 сомго чейин түшүрүүгө туура келди. 

Атам-энем каза болуп калган, туугандарым менен сүйлөшпөйм деле. Балдарыма оорулуу адамды карап, түнкү кароолчу болуп иштейм деп айтып койгом. Алар мени адамдарга жардам берет деп сыймыктанып жүрүшөт.

Стриптизер, 25 жашта

Бала чагыман эле бийге кызыкчумун. 18 жашыман тарта залга бара баштап, келбетим, булчуңдарым "керектүү" деңгээлге жетти. Бийди таштаган жокмун. Досторум менен топ түзүп, ар кандай тойлорго, корпоративдерге чыгып жүрдүк. Андан кийин клубга "гоу-гоу" (бийчи — ред.) болуп орноштум. Окуу менен айкалыштырып, акча табууга абдан ыңгайлуу болду.

Бир жылдан кийин балдар менен эротикалык шоу жасоону чечтик. Баары жөнөкөй эле: бизге чалып, ким керек экенин айтышат. Бир бий 6 миң сом. Кимге бара турганыбызга көңүл бөлбөйбүз, жөн гана жумушубузду жасап кайтабыз. Менин эмне менен алектенеримди көпчүлүк билет. Ата-энем мени клубда бийлейт деп ойлошот. Балким… ойлонуп калышат чыгар… Бирок апамдын аны менен тең курбуларын "жарпын жазып" жүргөнүмдү билүүсүн каалабайт элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0