Бүгүн түнү Чүй дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды

© AP Photo / Rick BowmerГорная река в Юте. США
Горная река в Юте. США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Чүй дарыясынын Ысык-Ата районун аралап өткөн аймагынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз эркектин сөөгүн 9-январга караган түнү саат 00.09 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 30-чакырымы тарабынан табылды.

ӨКМдин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0