Мынча киреше табам деп ойлогон эмесмин. Бишкектик айымдын бизнестеги баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Лаура Жоробекова. Архив
Ишкер Лаура Жоробекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетте акча табуу, буюмдарды сатып алууда сарамжалдоо, ошондой эле дүкөн кыдырып баш оорутмайдан арылуу жолдорун ишкер Лаура Жоробекова Sputnik Кыргызстандын окурмандарына айтып берди.

Калаадагы дүкөндөрдө буюмдун анык баасынан 100дөн 300 сомго дейре ашык төлөп жүргөнүбүздү билчү белеңиз? Эгер буга нааразы болсоңуз, анда бул маекке бир көз жүгүрткөнүңүз оң.

— Бала багып үйдө отурган энелерди Интернетте окутуу долбоору туурасында айтып берсеңиз.

— Адегенде кеп башынан болсун. Пекинден Бишкекке кайтканымда аябай зерикчү болдум. Башка адамдардай эле ишке барам, бирок мага кандайдыр ыргак жетишсиздей туюла берди. Кытайда жүргөндө эле компьютердеги бир аракет менен сатып алуу канчалык ыңгайлуу экендигин түшүнгөм.

Бижутерияны башынан эле жактырып, өзүмө онлайн дүкөндөрдөн буюртма менен алчумун. 8 гана жыл мурун андай буюм- тайымдарды сатып алуу үчүн “Дордой” базарына барууга туура келчү. Ал эми бир сөйкө үчүн базарга бара берүү убакыт жагынан да, баасы боюнча да анча пайдасыз эле. Сиңдим андай кооздук буюмдарын дүңүнөн алып, шаардын өзүндө сатууну сунуштап калды.

Вице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Чемпиондун жубайы Айдарова: менин жолдошумдай эркектер аз
Үч миң сом сарптап, алты миң сом таптым. Түшкөн акчаны кайра бижутерияга салдым. Бир нече ирет ошентип айланттым. Кызыккандар келип, тагынып көргөндөй аянтча зарыл болгондо дүкөн ачтым. Абдан жакшы жүрдү, талап чоң эле, ижара акысы, кызматкерлердин маянасы жана салган акчамды эсептегенден кийинки таза киреше күн сайын 10 миң сомго жетчү.

Декретке чыкканымда үй-бүлөнү алдыңкы орунга коюп алдым, иш кожоюнсуз жүрбөстүгү белгилүү эмеспи. Дүкөндү жабууга аргасыз бодум. Бирок декретте жөн эле отура берүү мага кызыксыз экен. Анан да бир көйгөй: шаарда көпчүлүк чөнтөгүнө төп баада балдардын кооз кийимдери жок. Кайрадан онлайн сатып ала баштап, интернетте да мындан сөз козгодум. Көрсө, буга көп энелер дуушар болот экен, мага онлайн буюртма кылып берүүмдү өтүнгөн аялдар жаза баштады. Алар дагы балдарын жакшы кийинткиси келет, бирок буга көп акча сарптагылары жок.

Мындай татаалдыктарга багынгысы келбеген адамдардын арбын экендигин түшүнгөн соң балдар кийимдерин сатуучу онлайн дүкөн ачтым.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеке ишкер Лаура Жоробекова: онлайн-сатып алууда биринчи кезекте өз акчаңызды үнөмдөйсүз. Базардагы, анан калса дүкөндөрдө товарлар үч эселентип сатылат.
Частный предприниматель Лаура Жоробекова - Sputnik Кыргызстан
Жеке ишкер Лаура Жоробекова: онлайн-сатып алууда биринчи кезекте өз акчаңызды үнөмдөйсүз. Базардагы, анан калса дүкөндөрдө товарлар үч эселентип сатылат.

— Бул канчалык кирешелүү?

— Биринчи кезекте өз акчаңызды үнөмдөйсүз. Базардагы, анан калса дүкөндөрдө товарлар үч эселентип сатылат. Эми ашыкча канча акча коротуп жатканыңызды эсептеп көрүңүз.

Мындай ишмердиктин жакшы жагы — декреттик эс алууда жүрүп деле эч кыйналбай үйдөн иштөөгө болот. Ошентсе да кирешеңиз күнүгө кеңсеге барып иштеген адамдардын тапканынан кем калышпайт. Баары сиздин ишти кандай алпарганыңыз жана жарнаманын санына жараша жүрөт.

Общественный деятель, актриса Айжан Акылбекова - Sputnik Кыргызстан
Айжан Акылбекова: тилекке каршы, үч уулум тең саясатка кызыгат
Кытай — сага ылайык баада баары табыла тургандай ушунчалык кубаттуу рыногу бар эбегейсиз өлкө. Буюмдун баасына 300 пайызга чейин үстөк кошулушу мүмкүн. Менин кирешем орточо 30 миң сом болчу. Онлайн дүкөндөрдө соода кылуу боюнча үйрөт дегендердин саны аябай көбөйгөндө бул ыкма боюнча кеңири айтып бере тургандай атайын курстарды ачуу керектигин баамдадым. Кай жерден сатып алып, Инстаграмда кантип блог жазуу, сатып алуучулар менен кандай сүйлөшүү керектиги боюнча түшүндүрүп берчүмүн.

Жалпы 400 киши курстан өттү, эми бул ишке билек түрүнө киришейин деп турам. Башта Интернеттеги гана сабактар камтылчу, мындан жолугушуу, семинар, транспорттук компаниялар менен таанышуулар болмокчу.

Кызыгы, мага декреттеги гана жаш энелер келишпейт. Окуучуларымдын арасында банк кызматкерлери жана башка адистиктердин өкүлдөрү да бар. Көп аялдар бул курста акча табууну да эмес, сатып алууда үнөмдөөнү үйрөнүүнү көздөшөт.

— Кытайдан эмнеге Кыргызстанга келе бердиңиз?

— КЭРге окууга кеткем. Пекиндеги абройлуу окуу жайга эл аралык соода адистиги боюнча өткөм. Экономикалык тармакты тандап алгам, анткени ал багытка баары агылган. Баса, Кытайда 10 жыл мурун эле электрондук коммерцияны окутушчу. Профессорлор бул ыкманын келечеги кең экендигин айтышчу, анан Билл Гейтстин да: “Интернетте сиз болбосоңуз, анда дегеле сиз жоксуз” дегени бар  эмеспи. Ошол себептен бар экендигин тастыктоо үчүн дүйнөлүк компаниялар Интернетте өзү боюнча жар салып, Instagram тармагынан  баракча ачып, Tweeter социалдык медиа бутагын кызуу колдонушат.

Кытайда алты жыл жашадым. Ушул мезгил аралыгында окуу менен ишти айкалыштырып жүргөм. Үй-бүлө күтүүнү көксөгөнүмдү түшүнгөн маалда Кыргызстанга кайттым. Ойлогон оюң ордунан чыгат экен, Мекенге келгенимден көп убакыт өтпөй эле болочок жолдошумду кезиктирдим.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖоробекова: алданып калам деп кабатырлануунун кажети жок, эгер ири онлайн аянтчада соода жасасаңыз, анда тандаган товарыңыз сизге келерине 99 пайыз кепилдик бар.
Частный предприниматель Лаура Жоробекова - Sputnik Кыргызстан
Жоробекова: алданып калам деп кабатырлануунун кажети жок, эгер ири онлайн аянтчада соода жасасаңыз, анда тандаган товарыңыз сизге келерине 99 пайыз кепилдик бар.

— Кытайлыктардан эмнени үйрөнсөк болот?

— Кытай — дүйнөнүн фабрикасы, ал жакта баары бар. Качан болбосун бирөө кимгедир бир нерсе сатат. Алардын дини — акча, ар бир киши — ишкер. Пекиндин тургундары жаны тынбай иштешет. Чоңдор тургай, балдардын да ар күнү бөлүштүрүлгөн. Окуучуларды катаал атаандаштыкка даярдашат, ийгилик өзүнөн өзү келбестигин, ал үчүн көп иштөө керектигин үйрөтүшөт. Дал ошондуктан балдар бир нече тил билип, ар кыл спорттук ийримдерге катышат.

Кыргызстанга келген сайын мага Кытайдагы ошол ыкчам ыргак жетпей турчу. Мекенге биротоло келгенимде деле бир нече ишти бир алпарчумун, анткени бир канча жерде өзүмдү сынап, бир топ мүмкүнчүлүктү байкап көргүм келген.

— Келиңиз, маегибиздин пайдалуулугун арттыралы, товарды кантип издеп, кантип тандоо керек?

Дизайнер Мунара Расулова - Sputnik Кыргызстан
Миллиондорду балкондогу капаска катчубуз. Дизайнер Расулованын маеги
— Оңой эле, кайсы бир бренддин сайтына баш багасыз, эмне кааласаңыз, баарын таба аласыз. Ошондой эле онлайн дүкөндөр үчүн орун болуп берген жалпыга таанымал аянтчалар да бар, маселен, Taobao, Amazon. Издөө сабынан эмне сатып алгыңыз келгенин жазасыз да, андан ары ал өндүрүмдү тандайсыз.

Анан онлайн дүкөндүн аянтчасына катталасыз, тандаган товарды себетке саласыз. Буюм сатып алуу үчүн банкта эсебиңиз жана онлайн соода кызматы кошулган болушу шарт.

Андан кийин жеткирүүчүнүн атын көрсөтүп, белгиленген мөөнөт ичинде сизге жөнөтүлгөн буюмду күтөсүз.

Алдап коюшат деп кабатырлануунун кажети жок, эгер ири онлайн аянтчада соода жасасаңыз, анда тандаган товарыңыз сизге келерине 99 пайыз кепилдик бар.

Мурда кытай дүкөндөрү менен тыгыз иштешчүмүн, бирок азыр америкалык дүкөндөрдөн өтөрү жоктугун түшүндүм. АКШда жыл бою арзандатуулар болот, ал эми сапатынан шек саноонун деле кереги жок, себеби америкалык стандарт алда канча жогору. Лиранын куну түшкөндөн бери түрк дүкөндөрүнөн буюртма текейден арзанга түшчү болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер: билгенимди бөлүшкүм келет, менин сабактарымдан соң өз иштерин ачып кеткен көптөгөн аракетчил айымдарды билем.
Частный предприниматель Лаура Жоробекова - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: билгенимди бөлүшкүм келет, менин сабактарымдан соң өз иштерин ачып кеткен көптөгөн аракетчил айымдарды билем.

— Эмнеликтен дал ушул декреттик эс алуудагы аялдарды окутууга басым жасалат?

Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы визажист Айлин: европалык жолдошум мага калың төлөп, колдон алып кеткен
— Ар ким ар кандай үй-бүлөдө жашайт, биринин капарында тыйын табуу санаасы жок, башкалар кам көрүшөт. Эгер аялдар акча тапкысы келбесе, жок эле дегенде сарамжалдап кала алышат, ал эми бул турмушта маанилүү.

Бир орунга отура албадым, андыктан ушул ишти колго алууну чечтим. Азыр билгенимди бөлүшкүм келет, менин сабактарымдан соң өз иштерин ачып кеткен көптөгөн аракетчил айымдарды билем. Бул иш тек гана энелерге энчиленген эмес, эгер мырзалардан да кызыккандар табылса, сабагыма келиңиздер!

— Окутуу акысы канча турат?

— Эки айлык акы 6 миң сомду түзөт. Лекцияларга билгенимди бүт топтогом, азыркыга чейин ар кыл онлайн аянтчаларда дагы да болсо окуп келем. Дүкөндөрдү кыдырып күн коротуунун кажети жок чагыбызда, компьютердин баскычына бармак басуу менен тандаган товарыңызды сатып алуу ыңгайлуу. Мен ушул маданиятты жайылтуудамын.

Жаңылыктар түрмөгү
0