Чемпиондун жубайы Айдарова: менин жолдошумдай эркектер аз

© Фото / предоставлено Назирой АйдаровойВице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова
Вице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назира Айдарованы келбетүү айым, баатыр эне, чемпиондун жубайы, ишкер, коомдук ишмер, айтор көп сөз менен сүрөттөсө болчудай.

Анын жолдошу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, уулдары ата жолунда, кызы Айша Изабекова — өлкөдөгү алдыңкы гимнасттардын бири. Өзү көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти. Ошондой эле ар кыл тармактагы тренинг, семинар, иш-чараларга активдүү катышып келет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Назира Айдарова менен үй-бүлөсү жана ишмердүүлүгү тууралуу маек курду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Көркөм гимнастика федерациясынын президенти жана ишкер Назира Айдарова
Вице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Көркөм гимнастика федерациясынын президенти жана ишкер Назира Айдарова

— Назира эже, алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— Бишкек шаарында төрөлүп өстүм. Атам ар кайсы жумушта иштеп бизди бакса, апам өмүр бою балдарды карап үйдө отурду. Менден кийин иним жана сиңдим бар. Балалыгым билим менен эле өттү. Мектепти алтын медаль менен аяктадым. Боюм узун болгондуктан ата-энем баскетболго берген. Бирок спортту профессионалдуу түрдө алып кете алган жокмун.

— Мектепти аяктагандан кийин каякка тапшырдыңыз?

— Улуттук университеттин экономика факультетин кызыл диплом менен аяктадым. 4-курста турмушка чыгып, ошону менен бир топко чейин үйдө отуруп калдым. Акырындан жолдошумдун ишкерлигине жардам бере баштадым. Бул алган билимимди пайдаланууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. 

— Ишкерликтин кайсы түрү менен алектенесиздер?

— Азыр өндүрүш тармагында жана спортто иш алып барабыз. Борбордо эркин күрөш менен алектене турчу ири зал ачканбыз. Ишкерлигибиз тууралуу кенен кеп кылгым келбейт. Эң башкысы, адал эмгек менен жумуш кылганга аракет кылабыз. Үй-бүлөбүз менен беш маал намаз окуйбуз. 

© Фото / предоставлено Назирой АйдаровойАйдарованын жолдошу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, уулдары ата жолун улаган, кызы Айша Изабекова алдыңкы гимнасттардын бири
Вице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Айдарованын жолдошу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, уулдары ата жолун улаган, кызы Айша Изабекова алдыңкы гимнасттардын бири

— Жоолук салынганыңызга көп болдубу?

— 15 жылдан бери дин жолундабыз.

— Кыргызстандын шартында спорт зал менен жан баккан киши чанда. Көбү алдыңкы спортчуларды бекер же арзан машыктырат эмеспи.

Тренер по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулов с воспитанниками - Sputnik Кыргызстан
Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы агай: батирге 17 миң сом төлөйм
— Жолдошум Чынарбек Изабеков мүмкүнчүлүгү болгондо балбандарга арналган машыгуу жайын ачам деп кыялданып жүрчү. Ал меценат. Көп адамга жардам берип келет. Учурда бизде беш бала бекер жашап, тамактанып, машыгышат. Жолдошум алардын мелдештерге баруусуна жардам берип жүрөт. Айылдан келген балдарга колдоо керек. Спорт менен алектенген киши режим кармайт, кошумча жумушта иштегенге убактысы болбойт.

— Чынарбек агай эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону экендигинен коомчулук кабардар. Сүйүү баяныңыздар тууралуу кеп кылсаңыз.

— Бир окуу жайда окуганбыз, менден үч жаш улуу. Ал экономика факультетин сырттан окуду. Сабактан чыкканда Чынарбектин балдар менен турганын көп көрчүмүн. Ал мага алыстан сөз ыргыта тийишип, ышкырып койчу. Жолукканда тартынып, ачылып сүйлөчү эмес. Орусча айтканда "скромный" адам болчу. Аз сүйлөп, көп иш бүтүрчү. Үч жыл сүйлөштүк. Бирок үйлөнөлү дегенде менин ата-энем каршы чыгып, "Айылдык бала менен кантип жашайсың, кайын журттун салтына кантип көнөсүң?" деп чочулашкан. Ага көңүл бурган жокмун. Мени жолдошум мүнөзү менен арбап алды.

— Спортчунун аялы болуу кыйын болсо керек. Ар дайым машыгууда, мелдештерде жүрүп үй-бүлөгө азыраак убакыт бөлөт эмеспи.

— Биз үйлөнгөн жылдары күйөөм карьерасын жыйынтыктап жаткан. Көбү аны олимпиада чемпиону болот деп үмүт арткан экен. Бирок ден соолугуна байланыштуу спорттон четтегенге туура келди.

— Ооба, агай бизге берген маегинде жаш кезинде нормадан ашык машыкканы үчүн ден соолугун жабыркатып алганын айткан жайы бар. Анткен менен акыркы жылдары ардагерлер арасында мыкты жыйынтык көрсөтүүдө.

Обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин
— Балдары күрөшкө баргандан тарта кайрадан машыгууда. Максаты — жаштарга стимул берүү. Эки жыл мурда дүйнө чемпиону аталды. Кийинки жылдары күмүш жана коло байгеге ээ болду. Чынарбек менен абдан сыймыктанам. Мелдеш убагында бала-чакам менен түз эфирден көрүп, келгенде аэропорттон салтанат менен тосуп алабыз. Жолдошумдай адамдар өлкөдө аз. Ал жалпы кыргыз элинин сыймыгы.

— Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти болуп кандайча иштеп калдыңыз?

— Негизи ал жакка машыксын деп кызым Айшаны алып баргам. Ошол кезде федерациянын президенти, менин курбум Чолпон Султанбекова спортчуларга жардам керектигин айтып кызмат сунуштады. Ага чейин жолдошум эмгектенген Эркин күрөш федерациясынын кагаз иштерине жардам берчүмүн. Андыктан ишти жөндөп кеттим деп айта алам. 

© Фото / предоставлено Назирой АйдаровойАйдарова: кызым эки жылдан бери Москвадагы Винер-Усманованын спорт академиясында тарбияланууда
Вице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова  - Sputnik Кыргызстан
Айдарова: кызым эки жылдан бери Москвадагы Винер-Усманованын спорт академиясында тарбияланууда

— Айша Кыргызстандагы ийгиликтүү гимнасттардын бири. Учурда Москвада билим алып жатыптыр, спорттук жетишкендиктери жана пландары тууралуу айтып берсеңиз.

— Кызым гимнастиканы профессионалдуу түрдө алып кетет деп ойлогон эмесмин. Кичинекей кезинде көп нерсеге кызыкты. Бир жыл аралыгында музыкага, гимнастикага жана сүрөт тартууга баргандан кийин бирөөсүн тандаш керек болду. Ал бийлейин деп чечти. Он жашында болсо керек, спорттун түйшүгүнөн улам таштап салгысы келди эле, ал оюнан кайтарып койгом, азыр мага абдан ыраазы.

Көркөм гимнастика боюнча Россия дүйнөдө биринчи орунда турат. Айша ал жакта бир канча ирет машыгууга баргандан кийин биротоло калгысы келгендигин айтты. Атасы экөөбүз чалкабыздан кетип жибербейбиз дедик. Анүстүнө кыз балага өткөөл куракта катуу тарбия бериш керек дегендер болгон. Бир күнү кызым кезектеги мелдешинен байгесиз калып ыйлап отуруптур. Аны көрүп боорум ооруду. "Эмне анча кайгырасың?" — десем, "Силер мени жакшы жыйынтык көрсөт деп ниет кылганыңар менен мүмкүнчүлүк түзүп бербейсиңер",- деп кайгырат. Мен Россияга жибергенге макулмун, атаңа айт дегем. Чынарбек баш тартпаптыр. Андан кийин туугандар, тааныштар "Жалгыз кызыңды кантип сыртка жибердиң?" деп жемеледи. Мен Айшанын графигин саатына чейин билем. Бала жашында сөзсүз бир нерсе менен алектениши керек деп ойлойм.

Балбан Мээрим Момунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Мээрим Момунова: мен катышкан турнирге жакындарым келүүнү каалабайт
Эки жылдан бери Москвадагы Винер-Усманованын спорт академиясында тарбияланууда. Башында барганда өз алдынча жашоого көнө албай жүрдү. Анткени кир жууп, бөлмө тазалап, тамак жасаш керек да. Анын баарын үйдөн атайын кызматчылар аткарчу.

Спорт жаатында Франция, Италия жана Америкада өткөн эл аралык мелдештерде алтын медалга татыды. Үч ирет Азия чемпионатына катышты. Быйылкы Азия чемпионаты жаштар олимпиадасына тандоо турнири катары өтүп, жети мыкты гимнаст тандалып алынды. Тилекке каршы, Айшага 0,6 балл жетпей сегизинчи орунду ээлеп калды. Бул мындан ары да тажрыйба топтогондо жакшы жардам берет деп ойлойм.

Жакында эле Монголиядагы мелдеште булава менен бий көрсөтүүдө алтын тагынды. Адатта биринчи орунду алганда спортчуларды өз мамлекетинен келген делегация сыйлайт. Мен кызым мене кошо сыйлоо аземине чыкканда гимндин үнүн угуп, желектин көтөрүлгөнүн көрүп абдан толкунданып, көзүмө жаш алдым. Бул абдан маанилүү мелдеш эле.

— Гимнасттар сулуу келбет үчүн тамакты абдан мүнөздөп ичет деп айтышат.

— Айша ар дайым диетада. Тамактануусу боюнча айтсам, көк чайды лимон менен ичет. Жемиштерден банан менен жүзүм жегенге болбойт. Кечкисин тамак ичпейт, анда санда жер-жемиш менен салат жеши мүмкүн. Тооктун, үндүктүн, балыктын этин жейт. Шоколаддын ачуусунан гана даам татканга болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНазира Айдарова: 15 жылдан бери дин жолундабыз
Вице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айдарова: 15 жылдан бери дин жолундабыз

— Кызыңызды гимнастика боюнча Олимпиада оюндарына жеткирейин деген пландар барбы?

— Биздин спортто бул абдан оор. Эки жылдан кийинки Олимпиада оюндарына жетишип калышыбыз мүмкүн. Кийинки оюндарда кеч болуп калат го. Гимнасттардын спорттогу өмүрү кыска. Анүстүнө кыз бала турмуштан кеч калбашы керек деген ойдомун.

Айша атасына "Окуумду аяктап, тажрыйба топтогондон кийин гимнастика боюнча ири зал ачып бер" деп жатат. Бизде бийчилердин машыгуу залы эмдигиче жок. Ал үчүн узундугу бери дегенде 12 метр имарат, сапатуу килем, жабдыктар керек. Негизи эле гимнастика арзан спорт эмес. Мелдештеги костюмдар эле бир топ акчаны чапчыйт.

— Калган эркек балдарыңыз күрөш менен алектенсе керек?

Ардагерлер арасында эки алтын медалды багындырган спортчу Чынарбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Чынарбек Изабеков: ардагерлер арасында жеңишке жеткенимдин бир сыры бар
— Ооба. Үйдүн улуусу Нарбек 22 жашта, кийинкиси Атай 20да. Экөө тең эркин күрөш боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Жогорку окуу жайдан билим алып, ишкерликке жардам беришет. Спорт жаатында абдан жакшы пландары бар. Үчүнчү балам Бекбол 14 жашта. Башка уулдарымдан айырмаланып футболду тандады. Андан кийин алты жаштагы Исам жана үчтөгү Карим аттуу уулдарым бар.

— Балдардын спорт менен алектенүүсү сиздердин талап болдубу же өздөрүнүн каалоосубу?

— Спортко биз түрткү бердик. Бардыгы башында жөн эле залга бара берет, анан убакыт өткөндөн кийин спорттун ысык-суугунан кача башташат. Негизи эле балдарды жашынан тарта ийримдерге бериш керек. Спорт болбосо музыкага, бийге, сүрөткө жана башкага алып баруу зарыл. Баланын бош убактысы болбошу керек деп ойлойм. 

© Фото / Оймок-Арт студия / Адиль РашидовИшкер Назира Айдарова күйөөсү менен алты баланы тарбиялоодо
Вице-президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Назира Айдарова күйөөсү менен алты баланы тарбиялоодо

— Өзүңүз спорт менен алектенесизби?

— Келбет үчүн фитнеске барам. Күрөш менен гимнастиканын эрежесин чагам.

— Балдарды да карап, ишке да жетишип, ошол эле учурда өзүңдү сулуу алып жүрүү үчүн эмне кылуу керек?

— Убакытты туура бөлүштүрүү зарыл. Ар бир аялзаты өзүн караганды унутпашы керек. Маалы менен сулуулук салондоруна барып, туура тамактанып, дени сак жашоо образын карманышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0