Инсультту кантип алдын алуу керек? Түркиялык хирург менен маек

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКардиохирург Лео Бокерия удостоен награды "Орден Александра Невского"
Кардиохирург Лео Бокерия удостоен награды Орден Александра Невского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиялык кардиохирург Мустафа Үнал Кыргызстанда жашап келе жатканына бир жылдан ашты. Бул убакыт аралыгында ал бир топ өмүрдү сактап, андан сырткары, өз байкоолорун да жүргүзгөн.

Түркиядан келген мейман жүздөн ашуун кыргызстандыкты сакайтып, үч жергиликтүү медикти өзүнө шакирт кылып алган.

Жубайы экөө Ысык-Көлдөн "фазенда" сатып алып, пенсияга чыкканда ошол жакта жашоо тууралуу кыялын жашырбайт. Инсульттун алдын алуу эрежелерин кыргызстандык доктурларга үйрөтүүнү көздөп жүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Мустафа Үнал менен болгон маегин бөлүштү, ал бөтөн өлкөдөгү турмушу жана пландары тууралуу айтып берген. 

© Фото / пресс-служба Минздрава КРТүркиялык кардиохирург Мустафа Үнал: мурда биз пенсияга чыкканда Анталияда жашайбыз деп ойлочубуз, эми Ысык-Көлдөн чакан там алууну пландап калдык
Турецкий кардиохирург Мустафа Унал - Sputnik Кыргызстан
Түркиялык кардиохирург Мустафа Үнал: мурда биз пенсияга чыкканда Анталияда жашайбыз деп ойлочубуз, эми Ысык-Көлдөн чакан там алууну пландап калдык

— Кыргыз адаттарын сиңирип ала элексизби?

— Мурда менин ар бир күнгө планым бар эле, бирок Кыргызстанда эч ким бүгүнкү менен жашап, эртеңкинин санаасына батпайт экен. Менин да көңүлүм жай алып, маселелер жаралган маалында эле чечкенге өттүм. Бирок Бишкектин көчөлөрүнөн түкүрүнгөн кишилерди көргөндө ыңгайсызданам. Андай адатты эч үйрөнгүм келбейт.

— Үй-бүлөңүз Түркияга кайтууну күтүп жаткан жокпу?

— Жубайым быйыл бул жердеги Эл аралык медициналык университетке тапшырды. Мурда биз пенсияга чыкканда Анталияда жашайбыз деп ойлочубуз, эми Ысык-Көлдөн чакан там алууну пландап калдык. 

© Фото / пресс-служба Минздрава КРКардиохирург Мустафа Үнал: Кыргызстанга келгенде көптөгөн бейтаптардын дарты күчөп, өтүшүп кетерин байкадым, себеби кызматтар анча туура уюштурулган эмес, операция жасоо менен инсульттун алдын алууга болот.
Турецкий кардиохирург Мустафа Унал - Sputnik Кыргызстан
Кардиохирург Мустафа Үнал: Кыргызстанга келгенде көптөгөн бейтаптардын дарты күчөп, өтүшүп кетерин байкадым, себеби кызматтар анча туура уюштурулган эмес, операция жасоо менен инсульттун алдын алууга болот.

— Кыргызстандагы ишиңиздин ийгиликтеринен бөлүшсөңүз.

Бишкектеги Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, ортопед Сабырбек Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамакеев, Жумабеков эмне менен ооруйт? Атактуу дарыгерлердин эл билбеген дарты
— Коронардык шунтирлөө жана жүрөккө жасалма клапан коюуну жергиликтүү врачтар жакшы билишет. Бул багыт жолго салынып калганын түшүнгөн соң жүрөк клапанынын пластикасы боюнча маселелер менен алек болууну чечкем. Эгер адамдардан өлүмдөн жаман эмне бар деп сурай турган болсок, көпчүлүгү инсульт деп жооп берет, себеби өлгөндөн да анын кесепетинин азабын тартыш кыйыныраак. Клапан пластикасы өмүр бою кан суюлтуучу дары-дармек ичпей эле жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Эки багыт тең абдан маанилүү, алтургай, бири-бирине байланышкан. Эң башкысы, бул — инсульттун алдын алуу жана ага кабылган күндө да организмди анын кесепетинен сактоо.

Кыргызстанга келгенде көптөгөн бейтаптардын дарты күчөп, өтүшүп кетерин байкадым, себеби кызматтар анча туура уюштурулган эмес, операция жасоо менен инсульттун алдын алууга болот.

Менин максатым — мындай кызматтарды көрсөткөн адистин ар бир бейтапканада болушун камсыздоо. Эгер невропатолог, кан тамыр хирург жана нейрохирургдардын күчүн бириктире алсак, дарттын алдын алып, өмүрдүн узактыгы жана сапатын жакшыртууга көмөктөшө алабыз. 

© Фото / пресс-служба Минздрава КРКардиохирург Мустафа Үнал: ар бир окуучуга жеке мамиле кылуу зарыл, анткени ар кимдин көндүмү, билими, жөндөмү ар кыл болот.
Турецкий кардиохирург Мустафа Унал - Sputnik Кыргызстан
Кардиохирург Мустафа Үнал: ар бир окуучуга жеке мамиле кылуу зарыл, анткени ар кимдин көндүмү, билими, жөндөмү ар кыл болот.

— Канча окуучуңуз бар, алардын кандай жетишкендиктери болууда?

Бала жетелеп бараткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баласын тирүү алып калганым үчүн жек көрүшөт. Бишкектик педиатрдын маеги
— Азыр үч окуучум бар. Өзүм ординатор убагымда окууга болгон мамиле так эмес эле. Биринчи кезекте ассистенттин өз ишин сүйүүсү керектигин так билем, экинчи орунда — иш жүзүндөгүсүнөн кем калышпаган теориялык билим, үчүнчү — кесипкөй адистен үйрөнүү; төртүнчү — көзөмөл алдында практикадан өтүү.

Окуу ыкмалары дайым ар бөлөк. Бирине жеңил болгон нерсе башкасына татаал келет. Ар бир окуучуга жеке мамиле кылуу зарыл, анткени ар кимдин көндүмү, билими, жөндөмү ар кыл болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0