Кылмышкерлерге каршы чыгып... Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 6 факты

© Фото / Александр ФедоровКаскадер Усен Кудайбергенов
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү каскадер жана режиссер Үсөн Кудайбергеновдун туулган күнү. Эч нерседен тайманбаган чыгармачыл инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 69 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын чыгаан уулу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Окуучу чабандес. Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте билим алып жүргөн кезинде борбор калаада жаңы ачылган цирктеги чабандестердин катарына кошулат. Кийин Москвадагы Кинематография институтунда билим алып, тасмаларга тартыла баштаган. 

© Фото / Александр ФедоровҮсөн Кудайбергенов окуучу кезинде борбор калаада жаңы ачылган цирктеги чабандестердин катарына кошулат. Кийин Москвадагы Кинематография институтунда билим алып, тасмаларга тартыла баштаган.
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Үсөн Кудайбергенов окуучу кезинде борбор калаада жаңы ачылган цирктеги чабандестердин катарына кошулат. Кийин Москвадагы Кинематография институтунда билим алып, тасмаларга тартыла баштаган.

Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Елизавета IIни таң калтырган Муратбек Рыскулов тууралуу 5 факты
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Жаш талант биринчи жолу 19 жашында "Жамийла" көркөм тасмасында кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия Россия, АКШ жана Индия өлкөлөрүнүн тасмаларына актер, каскадер катары катышкан. Ошондой эле ал Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген. 1980-жылдардын башында Кудайбергенов "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган. 
© Фото / Александр ФедоровКаскадер Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген. 1980-жылдардын башында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган.
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Каскадер Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген. 1980-жылдардын башында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган.

Намыскөй актер. Үсөн Кудайбергенов менен чогуу иштешкен кесиптештери каскадер айтканынан кайтпаган, баштаган ишин таштабаган инсан болгонун эскеришет. Ал өзүнүн кесипкөйлүгүнүн аркасында чет элдик киночулар менен киностудияларды Кыргызстанга алып келип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга аракет жасаган. Ошондой эле кыргыз каскадерлорун тарбиялап, ат жалында ойногон кыргыздын жигиттерин тааныткан. Актер чыгармачылык дегенде ичкен ашып жерге коюп, жардамын аябаган жан болгонун кошумчалашат. 

© Фото / Александр ФедоровАктер чыгармачылык дегенде ичкен ашып жерге коюп, жардамын аябаган жан болгону айтылат.
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Актер чыгармачылык дегенде ичкен ашып жерге коюп, жардамын аябаган жан болгону айтылат.

Камчыга сап уул. Эч нерседен тайманбаган Кудайбергенов өлкө эгемендик алып башынан оор кыйынчылыктары өткөрүп жаткан маалда элине бел болгон. Намыскөй жаш талант "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө жигердүү катышкан, 1999-жылдагы Баткен окуясында өзүнүн чогуу иштеген балдары менен чек арачыларга жардам берген. Ал эми 2005-жылдагы Бишкектеги революция учурунда мыйзамсыз жер басып алуу, талап-тоноолорго каршы тургандардын бири болгон. 

© Фото / Александр ФедоровҮсөн Кудайбергеновдун өмүрүн алган кылмыштын бети азыркыга чейин ачыла элек...
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Үсөн Кудайбергеновдун өмүрүн алган кылмыштын бети азыркыга чейин ачыла элек...

Дүйнөнү багындырган…. Өзүнүн чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болгонго жетишкен. Ал кесибин 30 жылдан ашык аркалап дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташкан.

Кылмышкерлерге каршы чыгып… Үсөн Кудайбергенов 55 жашында белгисиз адамдар тарабынан өз үйүндө өлтүрүлгөн. Артында калган эки уулу менен келинчеги учурда чет өлкөдө жашайт. Укук коргоо кызматкерлери адам өмүрүн алган кылмыштын бетин азыркыга чейин ача элек. Айрым маалыматтар боюнча ал ишкерлерден мыйзамсыз акча доолаган кылмыштуу топко каршы чыгып, алардын курмандыгына айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0