13:04 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
ЮНИСОН Групп компаниясынын президенти жана Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын улуттук менеджери Нурзат Абдырасулова

Кыргызстанга келип башка чапкандай болдум. Сейрек кесиптин ээси менен маек

© Фото / Камила Мамытова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
378610

Көп жыл мурун Нурзат Абдырасулова Европада сунушталган иштен чечкиндүү түрдө баш тартып, мекенинде сейрек кесипке ээ адисти зарыгып күтүп жатат деген ишенимде Бишкекке кайткан. Бирок күткөнүндөй болгон жок...

Агезде экологиялык адистиктерге жаштардан кызыккандар чанда эле. Нурзат Абдырасулова ошондой тайманбастардын бири болчу.

Азыр бул бийкеч ЮНИСОН Групп компаниясынын президенти жана Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын улуттук менеджери. Өзү тамашалагандай, өзүнө өзү жумуш түзүп алган, ошол кезде андай адистерди эч ким зарыл көрбөдү.

— Кепти бала кезиңизден баштасак. Кандай өттү эле?

— Нарын облусунун Эмгек-Талаа айылында туулгам. Көп бүлөлүү үйдө чоңойдум, 8 бир тууганбыз. Атам колхоздо башкы бухгалтер, апам үч кыштакка жападан жалгыз доктур эле.

Ата-энебиз качан болсо жумушта болгондуктан, көп көрчү эмеспиз. Биз чоң энебиздин катуу көзөмөлүндө өстүк, ушунчалык күчтүү инсан эле, ал бизге көптү үйрөттү. Мектепте жакшы окугам, мугалимдер менин дараметим менен борбор калаага көчүп кетүүм керектигин айтып калышчу. 

Национальный менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в Кыргызстане Нурзат Абдырасулова во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЮНИСОН Групп компаниясынын президенти жана Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын улуттук менеджери Нурзат Абдырасулова

— Акыры баары бир Бишкекке көчүп келдим деңизчи?..

— Ооба, мугалимдердин айтканы жана ата-энемдин макулдугу менен борбор шаарга көчүп келип, мектепти ушул жерден аяктадым. Тилекке каршы, ошол убакта жогорку окуу жайына бюджеттик орунга өтүү татаал болчу. Контракттык бөлүмгө өтүп, Кыргызстандын эл аралык университетинде экология жана биотехнологияны өздөштүрө баштадым. Бул агезде өтө жаңы адистик эле. Үй-бүлөдөн оолак турмуш мага жеңил болбоду: нан үйгө өзүнөн-өзү келбейт, эт муздаткычта өзү эле пайда болбойт экен. Бишкектеги жашоомду камсыздоо ата-энеме кыйын экендигин түшүнүп, өзүм акча таба баштадым.

Күндүзү окуп, түнкүсүн интернатта тарбиячы элем. Анда айылдан окууга келген балдар жашачу. Кийин университетте лаборант да болуп иштедим.

— Сиз магистратураны Словакияда бүтүрдүңүз, туурабы? Ал жакка кандайча өтүп калдыңыз?

— Программа туурасында бир таанышымдан уктум. Сынакты жеңип алуу жеңил болду, себеби ошол маалда Борбордук Азиядан тапшырыктар абдан аз түшө турган.

Словакияда мени таң калтырган алгачкы нерсе — үйлөрдүн кызыл түстөгү чатырлары болду. Бизде алар боз да! Тоолору, токойлору да толо чакан өлкө кудум эле Кыргызстандай болуп чыкты.

Айтмакчы, жергиликтүү тургундар башка чет өлкөлүктөрдөн айырмаланып Кыргызстанды Күрдстан менен алмаштырышпайт, алар глобустан дароо эле биздин өлкөнү көрсөтүп бере алышат, советтик доор буга таасир эткендей. Окуу маалында англис тилимди да өрчүтүп, словак тилин да үйрөнүп алдым.

— Эмнеге ал жакта жашап калбадыңыз?

— Словакияда иш сунушташты, бирок мен баш тарттым. Баеолук менен мекенимде абдан керектүү адис болом деп ойлоп алыпмын. Келгенимде бардык жөндөмүмдү көрсөтөм деп учакта кыялданганым эсимде…

Кайтканымда дендароо боло түштүм. 2000-жылдардын башы эле, өлкөдө көп нерсе бүлүнүүгө учурап, адамдар көп ичип калыптыр. Кандайдыр бир боштук өкүм сүрүп турчу.

Резюмемди Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жөнөттүм. Бирок мендей адис аларга зарыл эмес өңдөндү. Иш берүүдөн баш тартканы абдан катуу тийип, Москвага кетип калдым. 

Национальный менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в Кыргызстане (KyrSEFF) Нурзат Абдрасулова
© Фото / Камила Мамытова.
Нурзат Абдырасулова: Словакияда жергиликтүү тургундар башка чет өлкөлүктөрдөн айырмаланып Кыргызстанды Күрдстан менен алмаштырышпайт, алар глобустан дароо эле биздин өлкөнү көрсөтүп бере алышат, советтик доор буга таасир эткендей

— Россиянын баш калаасында ишти оңой таба алдыңызбы?

— Ооба. Эч кыйынчылыксыз эле эл аралык ишканага котормочу болуп орноштум. Иш жөндөмүмдү баалашты, карьералык өсүштү убада кылышты. Бирок ал көңүлүмдөгү иш эмес деген сезим мени тынч койгон жок.

2001-жылдын күзүндө "Эгер мен үчүн жумуш болбосо, анда аны өзүм жаратам" деп так кесе чечип алып, Кыргызстанга кайра кайттым. Жаз чыкканда экологиялык көйгөйлөрдү чечүү менен алектене турган өз уюмумду — "Юнисон" коомдук фондусун түптөдүм.

— Каражатты кантип таптыңыз?

— Акча жок болчу. Кеңсе ижаралоого да акчам болбогондуктан, үйдөн иштечүмүн. Каражат интернетке да жетчү эмес, кат жөнөтүү үчүн мен модемди бир аз мүнөткө гана кошчумун. Адеп жалгыз иштедим, кийин жардамчы алууну чечтим.

Кызматкерлерди табуу үчүн жогорку окуу жайларына бардым. Студенттерге аларга башта акы төлөй албай турганымды жашырбай, бирок абдан жакшы тажрыйба топтой алышарын айттым. Эртеси бир нечеси келди. Баса, алардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин, 15 жылдан бери мени менен бирге иштешет.

Жаштар акцияларын өткөрүп, демөөрчүлөрдү тапчубуз. Маселен, "Биз таза шаар үчүн" иш-чарасына үч миңден ашуун киши катышкан. Азыр биз энергетика, экологиялык саясат жана климаттын глобалдуу өзгөрүшү боюнча маселелер менен да алектенебиз. 

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова
© Фото / Камила Мамытова
Нурзат Абдырасулова: экологиялык көйгөйлөрдү чечүү менен алектене турган өз уюмумду — "Юнисон" коомдук фондусун түптөдүм

— Мага дайым бир маселе кызык: Кыргызстандай чакан өлкө глобалдык жылуулукка кантип таасир эте алышы ыктымал?

— Менимче, биздин мамлекет да ушундай эле пикирде сыяктуу, анткени бул багытка аз көңүл бөлүнөт. Бизге климаттын өзгөрүшү өтө көп таасир этти. Кар аз, нөшөр жана катуу шамал көп болууда.

Биздин малчылар жайлоодо дал саратан маалында кар жааганын айтып нааразы болушат, мөңгүлөр тездик менен эрип жатат.

Дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстан климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү казынасына каржылык салым кошорун эч ким күтпөсү анык. Тескерисинче, бул маселеден жапа тартып турган өлкө катары көйгөйдү чечүүгө каражат бөлдүрө алат.

Климаттын өзгөрүшүнө тарыхый жактан күнөөкөр саналган өлкөлөр бар. Азыр алар зыян агындыларын кыскартууга аракет гана кылбастан, башка өлкөлөргө бул жаңы шарттарга көнүп кетүүгө көмөктөшүп келишет.

— Ал эми кыргызстандыктардын өздөрү буга кандайдыр бир салым кошо алышабы?

— Ооба, жок эле дегенде ашыкча көмүр жакпагыдай, үйлөрүн жылуулап алганы дурус. Кыргызстанда көп имараттар совет убагында тургузулган. Ал кезде баарын арзан турак жай менен тезинен камсыздоо милдети болгон. Энергоресурстар ошол убакта мол эле, сарамжалдоо туурасында кеп да болгон эмес.

Биздин изилдөөлөр боюнча турак жайлар жылытылган энергиянын 70 пайызы жок болот. Башкача айтканда, маңызында биз көчөнү жылытабыз. Жылуулук тешик шып, ичке дубалдар, начар терезе алкагы жана анча бекем эмес эшик аркылуу сыртка чыгып кетет.

2011-жылы кабыл алынган "Имараттардын энергонатыйжалуулугу жөнүндөгү" мыйзамдын теңата автору болгом. Ал мыйзамга ылайык, бардык жаңы салынчу имараттар жылууланууга тийиш.

Азыр бул үчүн көп каражаттар бар, замандын талабына ылайык материалдардын баарын биздин рыноктон чекесинен тандап алууга болот. Имараттарды изилдейбиз, калкка акысыз кеңеш беребиз. Биздин инженерлер айылдарды аралап, үйлөрдү кантип жылуулап, каражатты кантип үнөмдөө боюнча айтып беришет. 

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Нурзат Абдырасулова: азыр биз энергетика, экологиялык саясат жана климаттын глобалдуу өзгөрүшү боюнча маселелер менен алектенебиз

— Кантип туура жылуулаш керек?

— Биринчи кезекте жылуулуктун кайдан чыгып кеткенин аныктап алуу абзел. Андан акча аябай эле коюу оң, ишенип коюңуздар, бардык чыгымдар акталат. Маселен, терезени төрт же беш кат алкагы менен алып, кош айнектөөгө болот.

Лоджияны айнектеп, кире беришке жакшы каалга койгон дурус. Турак жайды ичинен жылуулоонун зарылдыгы жок. Технологиялык жактан бул натуура, себеби нымдуулуктан улам көгөрүп кетет.

Балким, сиз көп кабаттуу үйлөрдүн айрым батирлерин тышынан кур менен жылуулагандай аракеттерди байкаган чыгарсыз. Булар эч натыйжасыз. Дубалды жерден чатырга чейин жылуулоо керек.

— Аптаптуу Кыргызстанда күн панелин кармоо абдан пайдалуу деген кеп бар. Буга сиз макулсузбу?

— Бул технологияга азыркы чакта ишкерлер да кызыгып калышты, себеби катардагы жарандарга караганда ишканалар үчүн электр акысы кымбатыраак. Ал эми мындай тутумдардан улам электрди гана камсыздабастан, жылуу суу жана жылуулукту да алууга болот. Бул жалпы түйүндөн көз каранды болбоого шарт жаратат.

Бирок электрдин төмөн акысынан улам бул тутум өзүн көп убакытта актайт. Ал эми жылуу суу жана жылуулукту камсыз кылчу күн аптабын топтогуч болжол менен төрт жылга барып өзүн актайт. 

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова
© Фото / Роберт Мамбетказиев
Нурзат Абдырасулова: бизге климаттын өзгөрүшү өтө көп таасир этти. Кар аз, нөшөр жана катуу шамал көп болууда. Биздин малчылар жайлоодо дал саратан маалында кар жааганын айтып нааразы болушат, мөңгүлөр тездик менен эрип жатат.

— Кыргызстандын эң чоң экологиялык көйгөйү кайсы?

— Албетте, таштанды, айрыкча, желим буюмдар. Желим баштыктар ар кай жерде самсаалап жатат! Ага салынган таштанды жутуп алган мал өлүп жатканын айтып айылдык тургундар да нааразы болушууда. Желим нерселерди өрттөөгө да болбойт, андан бөлүнүп чыккан уу түтүн атмосферага көтөрүлөт.

Көйгөйдүн булагы менен күрөшүү зарыл: желим баштыктарды колдонууну кыскартканыбыз дурус. Дүйнөнүн 45 мамлекети андан таптакыр баш тарткан.

— Кыргызстанда дүкөндөрдө кошумча төлөнгөн биобаштыктар пайда болгон. Активисттердин кайсы бири андай баштыкты бир жылга жерге көөмп, бирок кайра казып көргөнүндө ошол калыбында (!) сакталганын айтып чыкканы бар.

— Ооба, эко "терисин жамынган" андай нерселер абдан арбын. Бизнестин өзү да бул маселелерде жоопкерчиликтүү болгону өтө маанилүү.

Азыр табияттын булганышына каршы күрөшүү шылтоосу менен баштыктарга акы алынчу болду. Бирок сатып алуучуларга баштык үчүн төлөнгөн бир-эки сом чоң мааниге ээ деп ойлобойм. Дагы бир суроо: бул акчалар кайда жумшалат? Супермаркеттердин өкүлдөрүнүн арасынан "Бул каражатты экологияны сактоого жумшайбыз" деп чыкканын дегеле көрө элекмин.

— Бензин менен жүрүүчү унааларды электромобилдерге алмаштыруу зарылдыгын көп айтышат. Буга кандай карайсыз?

— Андай машиналар экологиялык жактан канчалык таза? Алардын бир нече жылда улам алмаштырыла турган чоң аккумуляторлору болот. Алар абдан олуттуу уулуу заттарды камтыйт. Аларды кантип жок кылууга болот? Өзүңүздөр билгендей, бул ааламда ар бир нерсенин артыкчылыгы жана кемчилиги бар. Тилекке каршы, эч кынтыксыз чечим болбойт. 

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Нурзат Абдырасулова: биздин изилдөөлөр боюнча турак жайлар жылытылган энергиянын 70 пайызы жок болот. Башкача айтканда, маңызында биз көчөнү жылытабыз

— Бишкекте автомобиль ашкере санда экендиги сезилеби сизге?

— Ооба, бул боюнча баары коңгуроо кагышууда. Андан тышкары, күйүүчү майдын сапаты коркунуч туудурат, ошондой эле өлкөгө эски унаалар ташылып келүүдө. Экологиялык ченемдердин сакталбай жатканы турган иш.

Бир нерсени аңдоого тийишпиз: Бишкек — машиналар үчүн ылайык калаа эмес! Эмнеге шаардын борборуна унаалардын киришин чектебейбиз? Министрлик жана мекемелер үчүн баш калаанын чет жакасынан бир эле чоң имарат куруп, борборду бир аз бошотууга эмнеге болбосун? Казакстанда бул ишке ашты го!

Мурунку автомобилдердин түтүнүнөн кысылбай тургандай элге сейилдөөчү, көлөкөлүү аймактар, велосипед үчүн жол тилкелери зарыл.

Тема боюнча

Окуучу кезимде акчаны белиме байлап, шаардан товар ташычумун. Ишкер аял менен маек
Алымбаева: бизнестин башкы мыйзамы — убакыт жана каражат
Белгилер:
зыян, экология, энергия ресурстары, Европа, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ