Нуржан Мелисбек уулу: атамдын трагедиясынан кийин "көкбөрү ойнобо" дешкен

© Sputnik / Табылды КадырбековИгрок национальной сборной по Кок бору Нуржан Мелисбек уулу
Игрок национальной сборной по Кок бору Нуржан Мелисбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуржан Мелисбек уулу мыкты көкбөрүчүлөрдүн катарын толуктайт. Чоң мелдештерге Таластын "Ынтымак" командасы менен аттанып, Кыргызстандын курама командасында дагы өлкө намысын коргоп келет.

Быйыл Көчмөндөр оюндарында ал тай казанга урунуп кабыргасы кайрылып, Оштогу өлкө чемпионатында кара кушу менен жыгылып, ат басып калган. Ал тургай атасы кырсыктагандан кийин туугандары "көкбөрү ойнобо" дешкен. Бирок ага эч ким, эч нерсе тоскоол боло алган эмес.

"Кара дөө" кайманы аты менен таанымал көкбөрүчү Sputnik Кыргызстан агенттигинин коногу болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековНуржан Мелисбек уулу: Таластын "Ынтымак" командасында 2014-жылдан бери ойном
Игрок национальной сборной по Кок бору Нуржан Мелисбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Нуржан Мелисбек уулу: Таластын "Ынтымак" командасында 2014-жылдан бери ойном

— Маегибизди Ошто өткөн Кыргызстандын чемпионатынан баштагым келди. Анда күчтүү делген Талас облусунун командасы үчүнчү орунга татыды. Баш байге колдон чыгып кетишине эмне себеп болду?

— Жетекчилер "Ынтымак" менен "Бакубат Талас" командасындагы жаштарды сынап көрөлү деп 18ден 25 жашка чейинкилерди алып барган. Арасында тажрыйбалуулары деле болду, бирок жаштар көп эле. Жарым финалда Чүй облусу менен кездештик, катуу даярданган экен, үстөмдүк кылып коюшту. Күчтүү улакчылары жүрдү, жок дегенде алтоо Кыргызстандын курамасында ойной тургандар.

— Ал эми Көчмөндөр оюндарында баары кыргыз-казак улакчыларынын беттешин күткөн. Негизги атаандашыңар финалга чыкпай калышын кандай кабыл алдыңыз?

— Өзбекстандыктар аламан улак тартып, көкбөрүнү ойногон эмес да. Казакстандын ошолордон жеңилип калганы мени таң калтырды. Бул Кыргызстанга туш келбөө үчүн жасаган амалы деп ойлодум. Бизден 20-30 упай артта калып уят болгондон көрө Өзбекстанга утулуп коюуну эп көрүшкөн окшойт. Чынын айтканда, коркуп эле Өзбекстанга берип койгондой көрүндү. Биз аларды уруп-соголу деген оюбуз жок, болгону кыргыздар көкбөрүнү кандай ойнорун көрсөтөлү дегенбиз.

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСМелисбек уулу: Ошто катуу жаракат алып калдым. Катуу чаап бараткам, атаандаш бала капталдан чыгып урдурганда жыгылып кара кушум менен тийдим.
Игрок национальной сборной по Кок бору Нуржан Мелисбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Мелисбек уулу: Ошто катуу жаракат алып калдым. Катуу чаап бараткам, атаандаш бала капталдан чыгып урдурганда жыгылып кара кушум менен тийдим.

— Оштогу чемпионатта аттын астында калып кеттиңиз, Көчмөндөр оюндарында дагы тай казанга катуу урунуп көтөрүп алып чыгышкан. Өтө оор жаракат алган жоксузбу?

— Оюн учурунда эч нерсени байкабай жүрө бересиң. Бирок Ошто катуу жаракат алып калдым. Катуу чаап бараткам, атаандаш бала капталдан чыгып урдурганда жыгылып кара кушум менен тийдим. Анда мен аттын астында калып, аргымагым үстүмөн ашып кеткен. Биринчи бөлүктө жыгылдым эле, өзүмө келсем беттеш бүтүптүр. Кызыгы, жыгылгандан кийин кадимкидей эле басып, элге аралашып жүрө бериптирмин. Бирок өзүм эч нерсени билбейм. Дарыгерлер баш сөөк жабыркаганын айтып дарыланууну сунушташты. Жакында Чүй менен Талас облустарынын ынтымак мелдеши болот. Ошону өткөрүп алып анан ооруканага жатам.

Ал эми Көчмөндөр оюндарында улакты салайын дегенде атым бурулуп кетип тай казанга төшүм менен катуу тийдим. Аны тоготпой оюнду уланттым эле 5-6 мүнөттөн кийин дагы урунуп алдым. Ошондо шайым ооп жатып калдым. Акыркы эки мүнөт калганда күч топтоп чыгып бир улак таштадым. Кийин карасам, эки кабыргам кайрылып калыптыр. Бир байкеге барып түздөтүп, бир айдай ооруп, кыйналып жүрдүм. Клубдук оюндарда мындай оор жаракат алган эмесмин. Айылда ойноп жүргөндө буту-колум сынган учур болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековМелисбек уулу: Көк бөрү сырттан кооптуу көрүнгөнү менен оюн учурунда коркунуч сезилбейт
Игрок национальной сборной по Кок бору Нуржан Мелисбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Мелисбек уулу: Көк бөрү сырттан кооптуу көрүнгөнү менен оюн учурунда коркунуч сезилбейт

— Жан кыйналганда көкбөрүдөн кетип калсам деген ой келбейби?

— Эми бул Кудайдын буйруганы да. Адамдар унаадан же жөн эле басып жүрүп деле жаракат алып жатпайбы. Туулган жердин атынан чыккандан кийин элибиз сүйүнсүн, өзүбүз да башты өйдө көтөрүп жүрөлү деп көк беттенип, намыс талашабыз да. Ооба, көкбөрү опурталдуу оюн, бирок мен андан баш тарта албайм. Сырттан кооптуу көрүнгөнү менен оюн учурунда коркунуч сезилбейт.

— Үй-бүлөңүз каршы болбойбу?

Ынтымак командасынын оюнчусу Урмат Раушан уулу Ахиллес аттуу аргымагы менен - Sputnik Кыргызстан
Урмат Раушан уулу: көк бөрүдө "Ахиллес" менен тиреше алчу аргымак жок
— Өзүм алты бир туугандын улуусумун, атам да улакчы эле. Тилекке каршы, оюн учурунда ат басып калып бир омурткасынан жарака кетирип алган. Ошол таасир этип кийинчерээк эки буту баспай калды. Анын азабын тартып жүрүп 2008-жылы дүйнөдөн өтүп кетти. Ошондон кийин жакындарым көкбөрү ойношума каршы болуп жүрүштү. Ага болбой эле кетип кала берчүмүн.

Улактан алыстасын деп Бишкекке жөнөтүп окутууга аракет кылышты. Автожол адистиги боюнча колледжге тапшыргам. Ал убакта үйдөгүлөргө айтпай Таласка барып кечке ойноп, кайра Бишкекке келе берчүмүн. Ошентип колледжди бүткөндөн кийин "университетке тапшыр" дегенде болбой койгом. Жогорку деңгээлдеги мелдештерге чыкканда унчукпай калышты. Азыр апам көкбөрүгө жөнөгөндө кийим, өтүгүмө чейин даярдап берет. Келгенде чечип кирип кетем, жууп-тазалап коёт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМелисбек ууул: Эгер балдарым улак чабам десе каршы болбойм
Игрок национальной сборной по Кок бору Нуржан Мелисбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Мелисбек ууул: Эгер балдарым улак чабам десе каршы болбойм

— "Ынтымак" командасынын курамына кантип кошулуп калгансыз?

— Билсеңиздер керек, Таласта аламан улак өтпөйт. Беш-беш (оюнга бештен оюнчу чыгат — ред.) же болбосо көкбөрү ойнойбуз. Бизде жаңы жылдан кийин эки ай бою 10 күн сайын мелдеш өткөрүлөт. Анда 150-200 баланын ичинен мыкты улакчылар тандалып, "Ынтымак" жана "Бакубат Талас" командасынын курамы түзүлөт. Мен да ушундай жол менен командага кошулгам. Чоң мелдештерге 2014-жылдан тарта чыга баштадым.

— Команда менен жылдык келишим түзүп ойногон улакчылар бар эмеспи. Сиз да келишим менен ойнодуңуз беле?

Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Манас Ниязов: аябай ызаланып калгам, бул мелдешти сөзсүз утуш керек болду
— Өзүм таластык болгондон кийин "Ынтымакта" жөн эле ойнойм. Башка жакка чакыруулар болгон, эми сунуштаган акчасын айтпай эле коёюн. Бирок келишим менен чыккан балдар бар. Аларга жылына 5000ден 10 000 долларга чейин төлөп беришет.

Негизи эле көкбөрүдөн байыган адамды көрө элекмин. Өзүбүздүн кызыкчылык үчүн гана ойнойбуз. Республикалык мелдештен уткан байгебизди бөлө келгенде ашып кетсе 20 миң сомдон тиет. Эки жолу улуттук курама команда менен эл аралык мелдешке катыштым. Былтыр Астанага барганда эки ай машыгууда жүргөнбүз, мамлекет айына 20 миң сомдон төлөп берди. Ал эми Көчмөндөр оюндарында айына 10 миң сомдон алдык, ал эми байгеден 120 миң сомдон тийди.

— Көкбөрүдөн сырткары эмне менен алектенесиз?

— Айылда мал чарбачылыгы менен алектенем.

© Sputnik / Табылды КадырбековМелисбек уулу: Негизи эле көк бөрүдөн байыган адамды көрө элекмин. Өзүбүздүн кызыкчылык үчүн гана ойнойбуз.
Игрок национальной сборной по Кок бору Нуржан Мелисбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Мелисбек уулу: Негизи эле көк бөрүдөн байыган адамды көрө элекмин. Өзүбүздүн кызыкчылык үчүн гана ойнойбуз.

— Сизди оюн талаасында "Кара дөө" деп таанышат. Бул каймана ысымды ким койгон?

— Айылда ойноп жүргөндө улуу байкелер, досторум ошентип эркелетип коюшчу. Мурда бир аз терикчүмүн. Азыр көнүп калдым, капа болбойм. Келбетиме карап ушинтип коюшкан го.

— Кийин өзүңүздүн балдарыңыз улакчы болушун каалайсызбы?

— Албетте, эгер өзү кызыкса каршы болбойм. Атын багып, барам деген жерине алып барып келем. Кудай ден соолук берсе, өзүм да мүмкүнчүлүк болгонго чейин ойной берем. Командага кошулбасам да айылда ат чабам го.

— Көкбөрүгө жөнөп жатканда апаңызга окшоп кийим, өтүктү даярдап бере турган айымды үйүңүзгө качан алып келейин деп жатасыз?

— Негизи быйыл үйлөнөйүн деп ойлоп жүргөм. Үй-бүлөлүк себептерден улам кийинки жылга калды. Учурда сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Ал да көкбөрүгө кызыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0