Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет 12-ноябрдан 18-ноябрга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

Уборка от снега дороги Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрү быйылкы кышта реагенттер менен тазаланабы? Мэриянын жообу
Ага ылайык, 12-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып бир катар оорчулуктарды жаратышы мүмкүн. Жолдор тоңуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.

13-ноябрда көпчүлүк аймактарга кар түшөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бурганактап кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

14-16-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 17-18-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт жана абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0