09:57 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив

Вице-премьер: ноябрдан тарта майып балдардын ата-энелери айлык ала баштайт

© Sputnik / Наталья Селиверстова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Айтурган Сатиева
477 0 0

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өлкөдөгү билим берүү жаатындагы көйгөйлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлчү камкордуктардын келечеги, үй-бүлөсү жана социалдык тармактарга болгон мамилеси тууралуу айтып берди.

Ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп, ушул жылдын апрель айында вице-премьер-министрликке дайындалган.

— Алтынай Сейитбековна, депутат болуп турганыңызда ЖОЖдорго көз карандысыз тестирлөө системасын киргизүү демилгесин көтөрүп чыгып, эл өкүлдөрү тарабынан мыйзам долбоору колдоого алынбай калды эле. Эми өкмөт тарабынан бул маселени алып чыгуу ниетиңиз барбы?

— Учурда өкмөттө Улуттук баа берүү системасы иштелип жатат. Ал система ишке кирсе, билим деңгээлди кандай баалоо туура болору белгилүү болот. Мурдагыдай эле "2" ден "5" ке чейин баа коебузбу же упай менен санайбызбы, болбосо ЖРТ сыяктуу система киргизебизби, кайсынысы натыйжалуу болору билинет. Менин оюмча, Улуттук системанын ишке кирүүсү менен биз ал мыйзамга сөзсүз кайтып келебиз. Жакында эле бул боюнча Борбордук Азиядагы Америка университетинин ректору менен сүйлөштүм. Алар буюртма болсо жаш окумуштууларды тартып, гранттык негизде изилдөө жүргүзүүнү сунуштап жатышат. Баамымда мындай социалдык изилдөө керек. Биз учурда өзүбүздүн системабызды таба элекпиз. Ошондуктан алдыда аталган изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деген ойдомун.

Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алтынай Өмүрбекова: ата-энелер фондусу милдеттүү түрдө акча которулсун деп түзүлгөн эмес. Мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер балдары окуган мектептерге жардам көрсөтүүнү кааласа, фондго акча берсе болот. Бирок анын ишмердүүлүгүн мектеп директорлорун аралаштырбай, ата-энелер өздөрү көзөмөлгө алышы керек болчу.

— Баалоо системасынан сырткары да билим берүү тармагында көйгөйлөр көп. Алардын бири — муктаждык күч болсо да ЖОЖдордо археологдордун даярдалбагандыгы. Эгемендүү Кыргызстанда бул кесипке бир да окуу жайы окутпайт экен. Тез арада абалды кантип оңдосо болот?

— Эгер республикада бул кесипке муктаждык болсо, мамлекеттик заказ аркылуу башка өлкөлөргө жиберип окутуу жолу менен адистерге ээ болсок болот. Ошондой эле окутуучулар курамын кыска мөөнөттө даярдоо курстарынан өткөрүп, өзүбүздөгү ЖОЖдордо тарых факультеттеринде атайын адистик катары окутуу менен археологдорду даярдап чыга алабыз. Учурда Кыргызстанда такыр эле археолог-педагог жок деп айтуу туура эмес. Бар мугалимдерди пайдалануу менен да алгачкы адистерди даярдап алуу мүмкүнчүлүгү өзүбүздүн колдо. Чынында акыркы жылдары өлкө аймагында чоң-чоң археологиялык ачылыштар болуп, аларга чет мамлекеттерден адистер тартылууда. Бул маселени мен да өз алдымча сураштырып көрөйүн. Биз Улуттук археологиялык мектебибизди өстүрүп чыгышыбыз керек.

— Мектептердеги ата-энелер фондуларында миллиондогон акчалар айланып, аны директорлор өздөрү көзөмөлгө алары бир нече мектептин мисалында коомчулукка белгилүү болуп калды. Абалды кантип жөнгө салса болот?

— Негизи бул фондулар милдеттүү түрдө ата-энелер акча которсун деп түзүлгөн эмес. Мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер балдары окуган мектептерге жардам көрсөтүүнү кааласа, фондго акча берсе болот. Бирок анын ишмердүүлүгүн мектеп директорлорун аралаштырбай, ата-энелер өздөрү көзөмөлгө алышы керек болчу. Тилекке каршы, сиз айткандай көйгөйлөр жаралгандан кийин биз бул маселени иликтеп көрдүк. Жыйынтыгында мындай фонддор Бишкек жана Ош шаарларында гана бар экен. Биз жакын арада бул боюнча тиешелүү тармак өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүп, маселени чечели деп жатабыз. Азыр эле жоюп салабыз деп айта албайм, бирок келечекте ата-энелер фонду болбойт.

— Билишибизче ноябрь айынан баштап майып балдардын ата-энесине маяна төлөнүп баштайт экен…

— Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине айлык төлөө боюнча маселе 6-7 жылдан бери талкууланып келген. Эми ноябрдан баштап I топтогу майып балдардын ата-энелери ай сайын 4962 сомдон маяна алып турушат. Бул үчүн бюджеттен жылына 400 миллион сом каражат керектелет. Кийин ал ата-эне ушул алган маянасынын негизинде пенсияга чыгат. Мындан сырткары, 2011-жылы биздин өлкө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого алуу боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Ал мыйзамдуу түрдө иштеп кетүүсү үчүн парламенттен ратификацияланышы керек болчу. Бирок ар кандай себептерден улам ратификацияланбай келген. Айрымдары аны аткаруу үчүн 30-32 миллиард сом керек деп жүрүшкөн. Биз бардыгын санап, анализ жүргүзүп, анчалык деле каражат керектелбей турганын аныктадык. Эми бул ишти аткаруу үчүн 10 жылдай убакыт керек. Учурда ЖКга ратификациялоого жөнөтүлдү. Ратификациядан өткөн соң 180 миң адамга жеңилдик жаралат деп күтүп жатабыз. Ошону менен катар мунун жоопкерчилиги да жогору. Биз дүйнөлүк стандарттарды арткаруу боюнча кепилдик алып атабыз.

Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Вице-премьер: ноябрдан баштап I топтогу майып балдардын ата-энелери ай сайын 4962 сомдон маяна алып турушат. Бул үчүн бюджеттен жылына 400 миллион сом каражат керектелет. Кийин ал ата-эне ушул алган маянасынын негизинде пенсияга чыгат.

— Конвенцияны ишке ашырууда мамлекет бир топ талаптарга жооп бериши керек болот. Ошол эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кам көрүү. Буга өкмөт даярбы?

— Бул ратификацияны ишке ашыруу боюнча алдыңкы үч жылга план түзүп жатабыз. Башкы маселе — турак жайга муктаж болгондорун үй менен камсыздоо. Биз мурда ар кандай жатак үйлөрүнө жайгаштырып турчубуз, эми заманга жараша коомго аралаштыруу каралган. Азыр ушул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деп изденүүдөбүз. Бул маселелер чечилген соң кийинки үч жылдыкка дагы башка көйгөйлөр каралат. Мына ушундай баскыч-баскычы менен пландар ишке ашып жүрүп отуруп, бул жаатта биз эл аралык талаптарга жооп берген мамлекетке айланабыз деп ишенем.

— Сүйүнчү пул кубантарлык долбоор болду. Бирок аны алуу жолдору татаал, чаржайыт болуп ата-энелерге бир топ кыйынчылыктарды жаратууда деген нааразычылыктарды өзүңүз деле угуп атсаңыз керек?

— Ооба, андай нааразычылыктар, тилекке каршы, айтылып жатат. Бул долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бирге аткарат. Азыр талап кылынчу документтердин саны кыскарып, акча 2-7 күндүн ичинде колго тийип жатат. Биз берилчү сүйүнчү пулду баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү менен кошо берилсин деп сунуштадык. Учурда шарттары, механизмдери иштелип жатат.

— Маегибизди өзүңүздүн жеке жашооңузга бурсак. Сиздин вице-премьерлик кызматыңызга үй-бүлө мүчөлөрү кандай карайт?

— Жолдошум, ата-энем, бир туугандарым, бала-чакам жоопкерчиликти мени менен кошо сезип жатышат. Өзүм да кандай жоопкерчиликтүү кызматты аркалап жатканымды, эл менден эмнени күтүп жатканын түшүнүп турам. Ал эми үйдө мен да кадимкидей эле жубай, энемин. Мурдагыга салыштырмалуу бир аз убакыт тар болуп калганы болбосо, эч нерсе өзгөргөн жок. Мурдагыдай эле үй жумуштарын өзүм жасайм. Эч качан кызматкер жалдап көргөн эмесмин. Жумуштан кийин түнкү 12лерге чейин үй иштерин бүткөргөнгө жетишем. Айрым учурда гана иш сапарларда болуп калсам, апам келип балдарыма тамак жасап берет.

Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өмүрбекова: Мурдагыдай эле үй жумуштарын өзүм жасайм. Эч качан кызматкер жалдап көргөн эмесмин. Жумуштан кийин түнкү 12лерге чейин үй иштерин бүткөргөнгө жетишем. Айрым учурда гана иш сапарларда болуп калсам, апам келип балдарыма тамак жасап берет.

— Балдарыңыз жеке менчик мектепте окуйбу же мамлекеттикпи?

— Мурда кызым №13 мектепке барчу. Кийин жашаган дарегибиз алмашкандыгына байланыштуу жеке менчик мектептен билимин улантууда.Үйгө жакыны ошол окуу жай болуп калды.

— Социалдык тармактарды колдоносузбу?

— Ооба, Facebook баракчасын колдоном. Жаңылыктарды атайын ачып окуп, укканга убакыт жок учурда бир сыйра барактап алсаң, аз да болсо маалыматка ээ болот экенсиң. Ушунусуна кызыгып колдонуп жүрөм. Бирок, тилекке каршы, кечкисин гана көз жүгүрткөнгө убакыт болот. Мени менен көптөр Facebook аркылуу байланышат. Мен ачык адаммын, келген суроолорго убакытым болгондо жооп бергенге аракеттенем. Instagram тармагында да бармын. Бирок ал жерде активдүү эмесмин.

— Кичинекей кезиңизде ким болгуңуз келчү эле?

— Бардык эле балдардай мугалим, дарыгер болууну эңсечүмүн. Каалоом аткарылды деп айта алам, анткени мен кесибим боюнча тарых мугалимимин.

Тема боюнча

Өмүрбекова: мектептердеги ата-энелер фондун жоюуга аракет кылабыз
MegaCom компаниясынын мурдагы жетекчиси айына 12 миң доллар айлык алып турган
Өмүрбекова: I топтогу майып балдардын ата-энесине айлык төлөнүп баштайт
Белгилер:
саясат, үй бүлө, майыптар, билим берүү, интернет, Алтынай Өмүрбекова
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ