БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош аэропортунда учуу алдында дөңгөлөгү жарылган учактын жүргүнчүлөрү тогуз сааттан кийин Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Эске салсак, жекшемби күнү саат тогуздар чамасында AviaTraffic компаниясынын Ош — Москва каттамы менен бара жаткан учагы учуу тилкесинен дөңгөлөгү жарылган. Мындан улам каттам убактылуу токтотулган.
Акышевдин айтымында, 147 жүргүнчүнү салган аба кемеси саат 17.54тө Москва шаарына учуп кетти. Ал эми буга чейин социалдык тармактарда "жүргүнчүлөр аэропортто эле күтүп жатат" деген маалыматты директор төгүндөдү.
"Бул калп. Анткени каалоочулардын бардыгы мейманканага жеткирилген. Албетте аэропортто эле күтөбүз дегендер болгон. Ал жерде башка каттамдарды күтүп жаткандар деле бар да", — деди Акышев.
Буга чейин дагы AviaTraffic компаниясынын учактары каттамын токтотууга мажбур болгон окуялар катталган. Биринчи окуя 29-июлда, экинчиси 5-августта болгон. Экөөндө тең учактар абага көтөрүлгөндөн кийин кайра кайтып келишкен.