Дасторкон үстүндө жай баракат отурган кыргыздын каймактары. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Дасторкон үстүндө баарлашып (солдон оңго) отурган жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, драматург Касымалы Жантөшев, акын Абдыкалык Чоробаев, манасчы Саякбай Каралаев, жазуучу Аалы Токомбаев, акын Кубанычбек Маликов жана адабиятчы Өмүркул Жакишевдин сүрөтү 1959-жылдары Тогуз-Тородо тартылган.

Ошол жылдары "Манас" эпосун басылмадан чыгаруу маселеси көтөрүлүп адабиятчы, окумуштуулар ишке бел байлаган.

Ал кезеңди белгилүү манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү инсандар бири-бири менен жакшы катышып, конокко бат-баттан барып турушчу. Аларды чыгармачылык жана "Манас" эпосун изилдөө байланыштырып турган. Көпчүлүгү эпосту кагазга түшүрүүдө өз салымдарын кошкон. Саякбай манасчы болсо үйүнө турбай мейманга көп барып, кайра аларды үйүнө чакырып турчу экен. Аны жазуучулар дагы жакшы көргөн. Анткени манасчы жөнөкөй, тамашакөй жан болгон. Ал кезде филармонияда иштеген жалгыз Саякбай Каралаев эле. Шаарда азыркыдай театр жакшы иштебейт эле. Ошондуктан мейманга баруу алардын эрмеги болчу", — деди Бакчиев.

1960-жылдары жазуучу, адабиятчы жана окумуштуулардын аракетинин аркасында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0