00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как джиу-джитсу стало популярным в Кыргызстане и чего ждать от турнира в Бишкеке
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көчмөндөрдүн дүйнөсү: VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жаңы багыты, даярдыктар
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Илим жана инновация: Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өсүүдөбү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чайпалып басат, KG номер керек. Икрамов эмнеси менен элдин эсинде калган

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Тазабек Икрамов
Депутат ЖК Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тазабек Икрамов кандай демилгелерди көтөрүп жана кайсы жерде оозунан жаңылып элдин эсинде калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жекшемби күнү Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти менен телефондо сүйлөшүп жатып аны "келесоо" деп кемсинткен

Кабарчы 20-сентябрда болгон окуяга байланыштуу депутат айдоочусуна чара көрөбү же жокпу деген суроого жооп алуу үчүн телефон чалган болчу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кабарчыны "келесоо" деп атаган депутат буга чейин эмнеси менен элге таанылып, дагы кайсы жерде "балп" эткенин эске салууну эп көрдү.

Депутатты тааныткан KG номер

Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эл менен жолугушуу үчүн аймактарга барганда аларга ким келгенин билбей жатканын жана эл өкүлдөрү жолдо баратканда эч ким тоскоолдук кылбашы керектигин айткан

Икрамов: КG номерлер кайтарылбаса өкмөт өкүлдөрү дагы жөнөкөй номерде жүрүшү керек

"Биз аймакка чыкканда эл депутаттын келгенин билип, көбүрөөк чогулушу үчүн жана жолдо бара жатканда депутатка тоскоолдуктар болбошу үчүн мурдагы КG номерлерди кайтаруу керек болуп жатат. Мейли кызматтык унааны кайтарбай эле коелу. Бирок КG номерлер керек", — деп маселе көтөргөн.

Муну уккан коомчулук "депутат КG номери менен эмес, иши менен таанылсын" деп катуу сынга алган.

Жолдон чайпалып өткөн жөө адамдар

Парламенте мас абалда жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуну өмүр бою унаа айдоо укугунан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда Тазабек Икрамов жөө адамдарды сындаган

Тазабек Икрамов: жөө баскандар жолдон чайпалып өткүчө тыгын жаралууда

"Кайгуул милиция (МАИ) кызматкерлеринде видео байкоо сөзсүз болушу керек. Туура эмес кармаган кызматкерлер жазаланышы зарыл. Жол чырак күйсө эле адамдар да өтүп жатат. Буларга өзүнчө жол ачышыбыз керек да. Оң жакка бурула турган белги күйгөндө адамдар да кошо басып, тыгын пайда болууда. Азыркы жөө жүргөн жарандарыбыз дагы чайпалып, телефон менен сүйлөшүп бир канча убакытты алууда", — деп айткан.

Кийин социалдык тармактардын колдонуучулары эл өкүлүнүн "чайпалып" деген сөзүн азил-тамашага салып, бир далай постторду жазышкан

Көлөмү чөнтөк блокнотундай объектиге ээлик кылат

Икрамов 2015-жылдагы декларациясына аянты 1784 чарчы метрлик үйгө ээлик кыларын көрсөткөн. Мындан сырткары, чарбалык курулушу бар экенин да белгилеген. Кызыгы анын аянты болгону 0,20 чарчы метр экени айтылат. Эсептей келгенде анын көлөмү чөнтөк блокнотунун көлөмү менен барабар.

Мегатонн же мегаватт?

Депутат Жогорку Кеңештин трибунасында айтчу сөзүн таппай туталанып калганы да элдин эсинде калды.

Икрамов катардагы жыйындардын биринде шаардыктарга электр энергиясынын тарифин кымбаттатуу боюнча сүйлөп жатып ыңгайсыз абалга кептелген.

Ал видеосу социалдык тармактарга тарап кетип Икрамов интернет колдонуучуларынын күлкүсүнө калган.

Кесиптеши менен "кагышканда"

Мектеп көйгөйлөрү боюнча болгон талкуу Икрамовдун кесиптеши менен кер-мур айтышуусу менен коштолгон. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында ал Евгения Строкова менен баланы мектепке кабыл алуу көйгөйүн талкуулап жатканда айтыша кеткен.

Алардын кер-мур айтышуусу экөөнүн бири залды таштап чыгып кетүүсү менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0