02:13 21 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Моргдогу өлүк. Архив

Келемиштер өлүктөрдү тиштеп, кемирип... Бишкектик дезинфектологдун маеги

© AFP 2018 / JEFF PACHOUD
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
201510

Бир кездери борбор калааны келемиштер каптап кеткен. Аны элүү жылдык тажрыйбасы бар дезинфектолог Бермет Солпиева жакшы билет. Алааматтын айынан жумуштан да кетип калсамбы деген, себеби уу дарыны жеп сүткө түшкөн келемиштер элди кырып салабы деп корккон.

Эгер ошондой жамандык болуп кетсе, Солпиеваны өзү айткандай түрмө күтүп турмак. Эми ал күндүн баары артта калды, бирок кылчайып сабак алчу нерселер бар деп эсептейт.

Врач-дезинфектолог Бермет Солпиева во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эркин Садыков
Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгер дезинфектологу Бермет Солпиева

Союз убагындагы жалгыз кыргыз дезинфектолог — Солпиева

1970-жылдары Фрунзедеги медициналык училищенин санитардык-фельдшерлик бөлүмүн бүтүрүп, андан соң улуттук университеттин биология факультетин сырттан окудум. Жумуш жоктугунан дезинфекциялык станцияга орношуп, жалгыз кыргыз кызматкер болдум, себеби андай жерде башка, анын ичинен орус улутундагы адистер көбүрөөк иштечү эле. Станцияда отуздай бригада бар экен, анын бирине жетекчи кылып коюшту.

Биздин жумуш уулуу дары-дармектер менен курт-кумурскаларды (мисалы, кантала, бүргө, чымын-чиркей, таракан), чычкан, келемиштерди жана микроб, инфекция болгон жерлерди жок кылуу менен алектенүү эле.

Илгери борбордун бардык жерин тейлечүбүз, бир да жер көмүскөдө калчу эмес. Жумуш ал убакта өтө активдүү болчу. Ар бир мекеме дезинфекциялык борбор менен келишим түзүп аймагын тазалатып турууга милдеттүү эле.

Келемиштер баш көтөрүп…

1987-жылдан тарта Бишкекте келемиштер көбөйдү. Мурда-кийин келемиш менен иштеп көрбөгөндөн кийин, булардан арылуунун жол-жобосун издеп кыйналдык. Китептерди окуп, программа түзүп, саламаттыкты сактоо министрлиги менен жолугушууларды уюштурдук.

Келемиштин өңү-түсүн көрөйүн деп атайын эки күн Ташкентке барып келдим. Абдан акылдуу болушат экен. Олжолуу жерди байкап калышса, алгач бирөө чалгынга барат, жагып калса калганы жайылып, каптап келет. Ачка болсо, бири-бирин жеп койгондон кайра тартпайт. Астындагы эки тиши ар дайым өсүп турат. Тишти учтап туруу үчүн ар нерсени кемирип, тиштеп, керектен чыгарышат. Ии, анан кыжылдап көбөйгөнүн айтпагыла. Үч жарым ай сайын 7-12ге чейин төлдөшөт. Абдан баласаак келишет. Кокус ийинден балдарын кармап өлтүрүп же уурдасаң, сага секирип, тиштеп, кол салгандан кайра тартпайт. Келемиштер кадимки чычкандан эки-үч эсе чоң болот.

Орто Азияда байырлаган келемиштер кара жана боз түстө болду. Кара түстөгүлөрүн башка өлкөдө "караблдик" келемиш деп аташат, себеби алар сууда сүзө алат. Кыйын чыкканы боз келемиш болду, ал башкаларына салыштырмалуу чоңураак жана акылдуу келет экен.

Врач-дезинфектолог департамента профилактики заболеваний и Госсанэпиднадзора при Министерстве здравоохранения Кыргызстана Бермет Солпиева.
© Фото / Жумагул Усубалиева
Солпиеванын дезинфектология тармагында 50 жылдык тажрыйбасы бар. Ал бир кезде борборду каптаган келемиштердин окуясын жакшы билет.

Санаа кылган сүт заводу, балдарды бөөдө ажалга кириптер кылган тарбиячы

Жардам сурап кайрылган кишилер көп болду. Бригада менен кечки саат ондорго чейин иштеп жаттык. Көбүнчө келемиштер шаар четиндеги суу жээктеринде, таштанды төккөн жерлерде, мал баккан, чочко кармаган жайлардан чыкты. Алар кыязы ошол жерлерге уюктарды жасап алган.

Бир күнү Жибек Жолу көчөсүнүн ылдый жагында жайгашкан шаардык сүт заводунан арыз түштү. Ал завод Бишкектиктерди бакчу. Алгач келемиштерге капкан койдук, себеби уу дары бергенден корктук. Кокус келемиш сүт куюлган аппараттарга түшүп кете турган болсо, аны ичкен эл ууланмак, а бизди түрмө күтүп турмак…

Ага чейин Алматыда үрөй учурган окуя болгон. Бала бакчадагы тарбиячы мискейге түшүп кеткен чычканды калкып ыргытып ийип, ичиндеги сүттү балдарга куюп берип койгон. Анан отуз бала бөөдө өлбөдүбү. Көрсө, чычкан мурда уу дары жеген экен.

Негизи уу дарылардын көбү чычканды дароо өлтүрбөйт. Адатта 3-4 төрт күндөн кийин натыйжасын берип баштайт. Ошондо чычкандар кан тамыры жарылып же ичи көөп өлөт.

Капкан койгонубуз деле дароо жардам берген жок. Капкандын учуна майга чыланган нанды коюп келемиштерди күтүп отурдук. Алар болсо капкан кармагычакты азыкты шап алып кетип, бизди убайымга салып жатты. Ылдамдыгын карабайсыңарбы?

Алдыга "келемиштер кайдан чыкты?" деген суроону койдук. Заводдун ичин түрө карап, тышын бир чарчы жерин калтырбай, тинтип чыктык.  Көрсө,  сүттүн иштетилип бүткөн суюк калдыгы түтүкчөлөр аркылуу имараттын алды менен сууга кое берилчү экен. Аны суу деп деле атаганга болбойт, сасыган көлмөгө айланып калыптыр. Ошол жакта келемиштер эбак чардап алышкан экен. Жетекчилерине айттырып айланасын тазалаттыргандан кийин, өх-хх… дегендей болдук.

Заводдун айланасында эки үй бар экен. Келемиштер ал жакты эбак байырлап алыптыр. Кожоюндар "түндө үстүбүздөн чуркап өтүп, дүпүлдөп ойношот" деп көнүп калгандыгын айтышты.

Ажаткана менен өлүкканадан чыккан келемиштер

Адаттагы иш күн. Колбаса чыгарган цехтегилер келемиштер иштетпей калды деп даттанышты. Жайды аралап жүрүп эт сактаган камераны ачып жүрөгүбүз түшүп калды. Тимеле аркайган, аркайган кабыргалар турат десеңиз, эттерин эбак келемиштер мүлжүп кетиптир. Алар көрсө суукту да сезбейт экен. Булар кан менен этти абдан сүйөт. Ошондо уу дарыларды малдын ич этине аралаштырып туурап кошуп берип өлтүргөнбүз.

Дагы бир эсте калган окуя. Кесиптеш кыз диссертациялык ишин жазууга келемиш издеп калды. Ага тирүүсү да, өлүгү да керек экен. Ошондо таштанды челегинде тургандарын рогатка менен мээлеп атып бергеним эсимде. Эми бул жумушумдагы кызыктуу, түйшүктүү ирмемдердин бири.

Келемиштер тамак-аштан бардык түрүнөн тарта жер-жемишке чейин жейт,  жогоруда айтып кеткендей бөтөнчө эт менен канды сүйөт. Илгери шаардагы моргдогу өлүктөрдү  жеп, кемирип  кетип жатат деп чакыртышты. Бирок ал жактан келемиштен арылтуу оңой эле болду. Дары-дармек, капкан дегендерди кооптонбостон койдук. Пивага уу кошуп бердик. Баса, келемиштер пива ичет. Кемиргенге пластик бөтөлкөлөр ыңгайсыз болуп, тишине илинбей жатса, куйругу менен тешип ийишет. Анан да тортту шумдук жешет, кондитердик фабрикадагы кыздар торттор оюлуп кетти деп ыйлап эле жатчу.

Шаар четиндеги тургундар ажатканадан келемиш чыгып атат деп кайрылышты. Жер тамдын ажатканасы эшикте жайгашыптыр. Сүрүштүрө келсек ошол жактагы орус үй-бүлө үйүндө жылан кармачу экен, анан келемиштерди аларга азык катары алып келчү экен. Мэриянын өкүлдөрү менен көйгөйдү чечтик. Тиги үй-бүлөгө жылан артык окшойт, жаныбарын көтөрүп алып башка жакка көчүп кетишти. Келемиштерди дары берип, ал жерден кырып жок кылдык.

Келемиштердин адам баласына тийгизген зыяны санап отурса көп. Эң оболу тамак-аш аркылуу оору жуктурат, айыл чарбасына оңбогудай зыян алып келет. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин тарыхында келемиштер электр зымдарын кырчып далай кырсыктарга кириптер кылган.

Ошентип Бишкек келемиштер менен 1990-жылдарга чейин активдүү күрөштү. Чынын айтсам, ошол учурларда жоопкерчиликтин жүгүнөн жадап жумуштан кетип калгым келчү. Андан соң Совет мезгилинин доору бүтүп, заман алмашты. Бир сыйра чаржайыт жашоону баштан кечирдик. Дезинфектологдорго жумуш жок, бир канча бөлүмдөр жабылып калды. Биз эмес, бизден башкасы иш таппай куураган учур болбодубу. 1998-жылы дезинфекциялык станциядагы бөлүм башчылык жумушумдан кетип, азыркы учурга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде эмгектенип жатам.

Врач-дезинфектолог Бермет Солпиева во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эркин Садыков
Солпиева: Бишкек келемиштер менен 1990-жылдарга чейин катуу күрөштү. Чынын айтсам, ошондо жоопкерчиликтин жүгүнөн чарчагандыктан, жумуштан кетсем дечүмүн.

Келемиштер кайрадан күч алганда…

2000-жылдары келемиштер кайрадан пайда болуп, эки жыл ичинде эле республикага жайылып кетти. Келемиштер менен күрөшүү үчүн токтомдор иштелип чыкты. Ошонун негизинде олуттуу иш алып барабыз. Майда-чүйдө жобосуна чейин жазылган. Маселен, бир тоголок дарыдан берип эсептеп турабыз. Биздин күйпөлөктөп жатканыбыздын да себеби бар.

Илгери бала бакчадагы тарбиячы келемиш үчүн полдун тешигине салынган дарыны чукуп сумкасына салып коет. Эмне максатта алганы түшүнүксүз. Небереси аны таап жеп алат да, чарчап калган. Мындай окуялар бизге сабак болушу керек.

Учурда келемиштер мурдагыдан аз. Жогоруда айтып кеткендей таза эмес жерлерди байырлап калышат.

6-7 жыл мурда Бишкектеги Жаза аткаруу жайлардын бирине  — түрмөгө бардык. Чынын айтсак, иштешүүгө кыйылып жатып макул болдук. Себеби андай жерди келемиштен арылтуу азап да. Кээде дарыларды эксперимент жасап,  анан колдонгонго болот. Биз ушундай максатты көздөп макулдук бердик. Абакка кирип чыгышың эле азап, түшкө чейин уруксат кагаздарын толтуруп чыгасың.

Биринчи күнү барганда тамак-аш сакталган жайга уу кошулган азыктарды коюп кеткем. Эртеси түрмөдөгү кызматкерлердин бири чалып "бизде  кызыл-кыргын" болуптур деди. Жетип барсам, жердин баары кан. Кыязы, келемиштер тамак талашып бири-бирин жыра тарткан же уудан улам кан тамырлары жарылган деген бүтүм чыгардык. Булардын чыккан жайын табыш керек болду. Абактын ичи-тышын тинттик, көрсө имараттын артында таштанды жай, капталында чочкокана бар экен. Жетекчисине кат жаздырып жатып таштандыны чыгарттырып, тазалыкты сактоону өтүндүк да, ишке кайтып келдик.

Бермет Солпиева кан шимирип, түнү уйку бербеген кантала тууралуу да жакшы билет. Каскактан арылуу жана алдын алуу тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берген.

Тема боюнча

Кан шимирип, түнү уйку бербеген кантала. Каскактан канткенде арылабыз?
Жансыз бейтапты кучактап ыйлап, кечирим сурадым... Хирургдун маеги
Белгилер:
келемиш, маек, дарыгер, Бермет Солпиева, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ