Кан шимирип, түнү уйку бербеген кантала. Каскактан канткенде арылабыз?

© AFP / STAN HONDAБорьба с клопами
Борьба с клопами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түн ичинде ар кайсы себеп менен уйку көрбөй чыгышыңыз мүмкүн. Алардын бири — кантала азабы. Аты айтып тургандай кантала бир гана кан менен азыктанат. Көп учурда адамдын каны менен азыктанат же айласы кетсе мышык, ит, келемиш, чымчыктардыкын ичет.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана  санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгер-дезинфектологу Бермет Солпиева канталанын жашоосу, азыктануусу жана андан арылуунун жол-жобосу тууралуу айтып берди. 

© Фото / Жумагул УсубалиеваВрач-дезинфектолог Бермет Солпиева
Врач-дезинфектолог Бермет Солпиева - Sputnik Кыргызстан
Врач-дезинфектолог Бермет Солпиева

Кан соргуч кантала Бишкекке кантип келген?

Дезинфектолог Бермет Солпиева кантала Кыргызстанга 70-80 жылдары өтө көбөйгөнүн айтып, андан соң басаңдаган дейт. 2000 жылдары кайрадан катары калыңдаган. Муну адис миграция маселеси менен байланыштырды. Кантала сырттан кийим-кечек,  буюм-тайымдар аркылуу келет. Азыр жатаканада, эски батирлерде жана абактарда көп. Айыл жергесинде көп жашабайт.

Жылуулукту сүйгөн кантала. Тукум улашы тууралуу

Лечение кори в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Балдар неврологу: эмдөөдөн баш тартуу тукумсуздукка алып келиши толук ыктымал
Канталанын түрү көп, эң көп таралганы төшөктөгү кантала. Курт-кумурска, каскактардын катарына кирет (омурткасыз майда жандыктар. — ред.). Кантала бат көбөйөт. Жашоосунда 500гө чейин жумуртка таштайт. Курттун көбөйүшү жылуулукка байланыштуу. Маселен, үй мелмилдеп жылуу болсо бир күндө 12ге чейин жумуртка таштайт. Жумурткадан личинканын (баласыныны) чыгышы да ысыкка байланышкан. Маселен, 37 градус жылуу болсо 4-7 күндө, 29 градус болсо 8-9 күндө, 18 градус болсо 15-30 күндө чыгат. Бир кантала бир жыл өмүр сүрөт. Өтө ысыкка же муздакка чыдай албайт. Маселен, чилдедей суук болсо 24 сааттан кийин жан берет, ысык болсо да дал ушундай көрүнүш.

Чоң кантала 7 грамм кан ичет же кантип азыктанышат?

Кантала жарыкты жактырбайт, караңгыда, түн жарымда сыртка чыгат. Жашаган жери кычык-кучук жерлер. Төшөк, жууркан, килем, эмерек сындуу буюмдардын чекесинде болот, эгер шейшеп же жаздыкта айрык болсо ичинде кирип жашай берет да, түнү уйку бербейт. Кантала бир мүнөттө бир метрге чейин жылат.

Кантала болушунча теринин жумшак жерин чакканга аракет кылат. Ал үчүн колтук, сан, курсак, кан тамыр жерлерден азыктануу ыңгайлуу. Ошол себептен жаш балдар менен аялдарды көбүрөөк чагат.

Кантала чаккандан кийин суюктукту бөлүп чыгарат. Ал ууну баса турчу нерсе. Ошол себептен адам чаккандан кийин 20 мүнөттөн соң сезет. Шишиктин формасы узатасынан кеткен жол сыяктуу, кызарып дөмпөйөт.

Кантип арылууга болот?

Прививки - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар кызылча оорусу жөнүндө эмнени билиши керек? 8 суроого жооп
Кыргызстанда булуң-бурчунда жалпысынан 54 мамлекеттик дезинфекциялык бөлүм бар. Ошто жана Бишкекте атайын борбор да ачылган. Ал жакта иштеген дезинфектологдор уулуу дары-дармектер аркылуу курт-кумурскаларды, чычкан, келемиштерди жана микроб, инфекция болгон жерлерди жок кылуу менен алектенишет. Баалары атайын түзүлгөн прейскурант боюнча эсептелинет. Ошондой эле өлкөдө бир канча жеке дезинфоктологиялык борборлор бар.

Көп адамдар кантала менен үй шартында күрөшүп келет. Дарыгер бир нече кеңеш сунуштайт:

1. Кантала чаккандан кийин терини спирт менен сүртүп, курт-кумурскалардын уусуна каршы майларды  сүйкөсөңүз болот.

2. Кычыштырган жерди тырмап ырбатып ийген болсоңуз дарыгерге кайрылыңыз.

3. Көбү үйдү таза кармап, кайра-кайра жыйнасам канталадан арылам деп ойлойт. Эң жакшысы сырттан келген буюм-тайымдарга этият болуңуз.

4. Эгер өз алдынча уулуу заттар менен канталадан арылам десеңиз, дарыга уугуп калбай абайлап себиңиз жана бир-эки күн үйгө түнөбөй туруңуз. Бирок адистин жардамы жок кантала менен күрөшүү ойдогудай жыйынтык бербейт жана ден соолукка кооптуу.

5. Маалы менен килем-кечек, жууркан төшөктүн кырын кадимки чаң соргуч (пылесос) менен сордурсаңыз бир топ канталаны капканга түшүрөсүз.

6. Жуулган шейшеп менен кийимдерди ысык үтүк менен басып чыгыңыз.

7. Канталанын өңү күрөң же кочкул кызыл түстө болот. Кокус түн ичинде канталаны кармап калсаңыз шейшептин үстүнөн эле өлтүрүп жибербеңиз, себеби ичинин баары канга толгон болот да, оокат-кечени булгайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0