08:52 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Көл шаарында жайгашкан Рысбеков атындагы оорукананын жамааты менен жолугуп жатып медициналык кызматкерлердин айрым категориясы үчүн айлык акыны жогорулатууга каражат изделип жатканын айтты

Абылгазиев: айрым дарыгерлердин гана айлыгы жогорулайт

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
48030

Өкмөт башчы түштүк регионго жумушчу сапары менен бүгүн барган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Көл шаарында жайгашкан Рысбеков атындагы оорукананын жамааты менен жолугуп жатып медициналык кызматкерлердин айрым категориясы үчүн айлык акыны жогорулатууга каражат изделип жатканын айтты.

Өкмөт башчы  Жалал-Абадга жумушчу сапары менен бүгүн барган. Аны коштоп барган саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев медициналык мекеменин аймагында кызматкерлер үчүн көп батирлүү үй курула баштап, кийин токтоп калганын айтты.

"Социалдык объектинин аймагына турак жай курууга тыюу салынган. Мындан улам имаратты администрациялык жана тиричилик муктаждыктарга ыңгайлаштыруу каралган. Курулуш иштерин аяктоо үчүн 7 миллион сомдун тегерегиндеги каражат керек", — деди министр.

Премьер-министр аталган курулушту кийинки жылдын бюджетине киргизүүнү тапшырды.

"Ушу тапта Саламаттык сактоо министрлиги структурасын жакшыртуу боюнча иштерди аткарып жатат. Муну менен бирге медициналык кызматкерлердин айрым категориясы үчүн айлык акыны жогорулатууга акча изделүүдө", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы Кара-Балта — Суусамыр жолунун оңдолушу менен да таанышмакчы.

Дарыгерлердин айлыгын көтөрүлөрүн президент Сооронбай Жээнбеков да айткан.

Тема боюнча

Премьер Абылгазиев Жалал-Абадды кыдырат
Жээнбеков: дарыгерлердин айлык акысын көбөйтүү каралып жатат
Белгилер:
турак-жай, оорукана, Кара-Көл, Жалал-Абад облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ