11:49 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов

Жигиттин гүлү элең... Sputnik агенттигинин Исмаил Мамытовду эскерүүсү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
266341

19-июль күнү Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул күн Sputnik агенттигинде кара менен жазылып калды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин эмгек жамааты Исмаил Мамытовдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын агенттик үчүн жасап кеткен иштерин, өзгөчө сапаттарын эскерди. 

Портрет ведущего радио и журналиста информационного агентства Sputnik Кыргызстан Исмаила Мамытова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
19-июль күнү Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Елена Череменина:

Исмаил, наш Исма. Его речь всегда лилась легко, уважительно, прямо из сердца. Он говорил быстро-быстро, будто боялся, что не успеет сказать все, что хочет, все, что нужно, все, что должен… Он шел по дороге жизни, не позволяя себе остановиться, чтобы отдохнуть, шел к поставленным целям, шел к своему счастью. Миллиарды людей в мире не заметят его ухода. Но мы, близкие люди, друзья и коллеги, будем помнить о нем всегда.

Эркин Алымбеков:

Это наша общая беда и каждого в отдельности. Наш Исма был настоящим мужчиной. На ногах боролся со страшной болезнью. Терпел и не хотел подводить близких, коллектив. Как бы я хотел сейчас обнять его и сказать это ему самому. Но не получилось… Очень большая потеря! Крепитесь, родные и близкие Исмаила!

Михаил Рогожин:

Своей основательностью, обоснованностью речи и поведения, да и лицом он мне казался старше, чем был по паспорту. Есть такие люди, они чуть не с детства сознательные, взрослые, всегда на своем месте… Единственное, что выдавало его совершенно юный возраст — ведь всего 25, какой же это возраст! — это рост. Выдавала его иногда некая горячность — когда увлекался поздравительной речью или в попытке что-то доказать, мог начать тараторить с немыслимой скорострельностью, превышающей достижения самой быстрой установки системы Гатлинга. Да так, что даже отлично понимающие язык не успевали за многими поворотами и нюансами его мысли. Говорит как пишет и пишет как говорит — это про него. Так редко встречающиеся умения в одном человеке: и на страницах сайта, и в радиоэфире он был своим. Он был нашим. Он был серьезным, но мог смущаться и улыбаться… Наш Исма. Вечная тебе память.

Батыр Мамыркулов:

Покойся с миром, Исма. Всегда вежливый и всегда в работе. Меня всегда удивляли и восхищали твои голос, дикция, стремление жить здесь, сейчас, отдаваться работе на все 100! Ты завтракал тогда, когда остальные уже ложились спать. Ты жил работой. Таким я тебя буду помнить всегда. Прости, что не сказал тебе об этом раньше… А еще ты мне обещал, что в среду придешь на нашу тренировку. Мы ждали тебя…

Нурзат Усебаев:

Исмаил, Исма! Человек с большой буквы. Ушел из жизни таким молодым, неожиданно. Он был талантливым, не по годам мудрым, целеустремленным парнем, патриотом, интересным человеком, верным другом. Несмотря на то что Исма был намного моложе меня, у него можно было многому поучиться. Я ни секунды не сомневался, что у него светлое будущее, что он станет личностью, которая будет служить своему народу. Но на все воля Бога. Пусть земля тебе будет пухом. Жаткан жерин жайлуу болсун! 

Ведущий радио и журналист информационного агентства Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Канышай Бешбаева: өзүң айткандай дайым менин жанымда, жадымда болосуң… Арманым…

Канышай Бешбаева:

…Сен баарын көрүп, билип, сезип, туюп жатасын, мен билем аны. Жароокерим, жөн билгим. Жаныма жакын жан элең, жаркыраган жылдызым… Жакшы киши ушинтип талашка түшөт турбайбы. Өзүң айткандай дайым менин жанымда, жадымда болосуң… Арманым…

Нургүл Максутова:

Жибек оңбос болсочу, жигит өлбөс болсочу … Исма, мен сени жаркылдаган, жылмайган, абаны жара, тишин кашкайта каткырган, алтын үндүү, башкача бир адам катары тааныдым, дал ошондой эстеп калам.

Кош бол! Көңүлүңдү ооруткан болсок, байкабай пендечилик кылсак, кечир. Сени кандай адам эле деп сурашса, таанып-билгендердин баары "жакшы адам эле" деп айтышаарын бөркүмдөй көрөм. Бир келдиң да, шашкан тейде зыпылдай кайтып кеттиң…

Жаткан жериң жайлуу болсун, иним, кесиптешим, Исма.

Таалай Ороскулов:

Не хочу говорить страшное слово "был". Исмаил останется для меня замечательным коллегой, профессиональным ведущим и просто хорошим парнем. Он был младше моего сына на несколько лет, но не по годам взрослым. Ребячество в нем выдавали лишь непосредственная улыбка и взгляды максималиста. Всегда стремился учиться, хотя сам уже преподавал. Для меня он просто уехал в длительную командировку и когда-нибудь обязательно встретит и скажет: "Кандайсыз, Таалай байке?".

Айида Батырбекова:

Исмаил, Исма, кесиптешим менин, сенин дүйнө жаңыртканыңа дагы деле ишене албай турам. Редакциядагы ордуң бошогону менен сен тарапты карасам эле жылмайган элесиң түшөт. Рамкага салынган сүрөтүңдү көргөн сайын жүрөгүм эзилип кетип жатат. Сен тууралуу жакшы сөздөрдү жакшылыктарыңда айтсам кана. Айла жок, эмне кылабыз… Кош, Исмаил! Жаның жаннаттан болсун! 

Вадим Осадченко:

Есть люди, которые Человеки. И не сразу замечаешь большую букву Ч, не потому, что человек незаметен, а потому, что кажется — ну, ведь это нормально — быть человеком? И живешь, работаешь рядом с таким Человеком, а потом он ушел, и ты оглядываешься и думаешь: " Как же? А где?! Ну вот же он был рядом!"

Исмаил был как раз тем человеком, большим человеком, настоящим. Кому-то трудно школу окончить, кто-то с высшим образованием возится и не может получить, кто-то профессию выбрать не может. И далеко не каждому удается стать Человеком. Тем более за такой короткий срок. С Исмой было удивительно просто. Дают нам задачу, я подходил, говорил: "Исмаил, нам надо вот так и так сделать". Он так коротко, быстро взгляд бросал и всегда говорил: "Хорошо!"

Надо ли было дотянуть время до конца часа (вы же знаете, как это не всегда просто бывает), он это делал как-то легко, не скажу играючи, но органично. Садился перед микрофоном и… говорил, говорил. Интересно говорил, и слушатели ему верили, и звонили, и говорили с ним.

Исма — потрясающий человек. Не был — остается им, потому что все, что он делал — основательно, неторопливо, с каким-то достоинством, не свойственным многим молодым людям, — останется в памяти людской, в нашей памяти, памяти коллег. Он был одним из тех немногих молодых людей — 25 всего, — кто должен был как раз стать новым Человеком новой страны, которую мы все так жаждем увидеть яркой, честной, открытой, дружелюбной, человечной.

Спасибо Исмаилу за то, что показал, какими мы все должны быть.

Бегимай Бакашева:

Исма, Исмуля… Сен жөнүндө суук кабарды уккандан бери бир да мүнөт оюмдан кеткен жоксуң. Айлабыз кеткенде Таалайгүл экөөбүз "мунун баары тамаша болчу, эмне эле болуп атасыңар?" деп кирип келсе кана деп үшкүрүнүп коебуз. Бирок кайдан? Ушинтип дагы тамашалачу беле? Улам-улам сенин ордуңду карап коюп отурабыз. Кош бол, Исма! Оорудум деп кабак бүркөгөн жок элең, эсибизде шайдоот бойдон кала бересиң.

Михаил Дудин:

Когда такое случается, никогда не верится. Очень тяжело принять, что можно уйти таким молодым. Исмаил был талантливым журналистом и радиоведущим, мог стать замечательным отцом и мужем… Глубокие соболезнования родным и близким, крепитесь.

Айтурган Сатиева:

Исманын өзгөчө жоопкерчиликтүү, сабырдуулугу таң калтырчу мени. Ойчул, мекенчил, боорукерлиги бөтөнчө болчу. Таңкы эфирлерди алып барып жатып аңгеме-дүкөн куруп калганыбызда көбүнесе "эмнеге жашоодо тиги маселе мындай, бул иш тигиндей" деген сыяктуу философиялык пикир алмашуу жүрөөр эле ортобузда. Ар бир нерсеге өзүнүн өзгөчөлөнгөн көз карашы, терең оюу бар эле. Адамдык мамилеси абдан жогору, интелекти бийик анан да жүрөгүнүн тээ түпкүрүнө каткан кыялкечтиги бар эле. Түз эфир учурунда студиянын коногу маекти кайсы багытка буруп жатканын же мындан кийин кандай суроо беришибиз керектигин айттырбай, көз карашыбыздан түшүнөөр элек. Радио эфирлерге бир идея жаралса, Исмаил да так ошондой ойлонгонун айтып, оюбуз бир жерден чыккан кесиптик көпүрө түзүлгөндөй иштештик. Аттиң, жигит өлбөс болсочу…. Ушул кыска убакытта сени менен биртуугандай жакын болуп калганыбызды эми сезип отурам. Эртең менен студияга кирип, томсоргон микрофон менден сени сурачудай, жан дүйнөм кысылып, көзүмдөн жаш акты. Жараткан жакшы адамдын өмүрүн кыска кылат тура. Эми сенин бейишиңди тилегенден башка аргабыз жок! Кош, Исмаил! Сенин жаркын элесиң ар дайым биз менен кала берет!

Досхан Нусупбеков:

Исма был обаятельным, искренним и открытым для всех. Всегда понимал, мог и умел доказывать свою точку зрения, жил очень активной жизнью. Любил окружающих, относился ко всем с уважением. Мне он запомнится улыбающимся, честным, порядочным и просто хорошим человеком.

Таалайгүл Усенбаева:

Исмаил, кыргыздын кыраан жигити элең. Уккан кулагыбызга дагы деле ишене албай турабыз. Сенин бир гана Sputnik агенттигинде эмес, эл ичинде ордуң чоң болчу. Мен эле эмес, сага көп адам суктанчу болуш керек. Себеби 25 жаштагы айрым балдар дагы деле ата-энесинин кучагынан чыга элек. А сенчи? Сен бир эле убакта радиодо алып баруучу, юрист, журналист, тамада, акын болуп баарына жетишчүсүң. Эмнегедир сени көп адам келечектеги саясатчы катары элестетчү. Баары кеч…

Сенин ордуңду эми эч ким толтура албайт. Баары бош калды. Ээсин күтүп иш столуң да ээнсиреп турат…

Исма, кесиптеш, биртууганым тынч укта!

Бакыт Толканов:

Исмаил запомнится мне как человек, который старался делать все качественно. Он был неразговорчивым, но, если брал слово, говорил дельно, ясно и красиво. Мы немало материалов вместе написали, на него можно было всегда положиться, и это касалось не только работы.

Асель Минбаева:

Я вижу твой рабочий стол и не могу поверить, что больше никогда тебя не увижу. Всегда подтянутый, в неизменной синей жилетке в кыргызском стиле — именно таким я тебя запомню. Мне больно думать, как много ты не успел сделать: с женой не пожил, ребенка своего не обнял… Но самое главное — за свою короткую жизнь ты успел стать настоящим человеком. Прощай, Исма! Я тебя не забуду.

Азамат Аралбаев:

25 лет… Друг мой, ты очень мало прожил. У тебя было бы замечательное будущее, ты должен был быть счастлив со своей семьей, с коллегами и родными. Теперь тебя нет… Ушел безвозвратно. Возможно, мы в свое время не смогли с тобой поговорить по душам о многом, чем-то поделиться. Одно знаю точно: ты был добрым, отзывчивым и прекрасным человеком. Всегда улыбался. Был настоящим профессионалом и работягой. Покойся с миром, мой друг! Прости, если где-то тебя обидел.

Асель Акматалиева:

Эх, Исма! Сизге минтип эскерүү катын жазам деп эч ойлободум эле. Мындан ары арабызда жок экениңизди, чогуу эфир алып барбай турганыбызды, жаныбызда жүрбөй турганыңызды эстегенде жүрөк тилинет. 25 жаш деген эмне?.. Жакшы адамдар о дүйнөгө эрте кетет деген ушулбу?.. Алдыга койгон максаттарыңыз, сиз жасачу жумуштар эми эмне болот?.. Өтө жакшы адам элеңиз. Мындай учурда эмне деп жазарыңды да билбей калат экенсиң. Жаныңыз бейиштен орун алсын!

Алимджан Валиев:

Всегда чувствовалось твое рвение к работе. Я только недавно размышлял о том, что тебя ждет хорошее будущее, потому что ты, как мне кажется, всегда знал, чего хочешь добиться. Твое место в офисе сейчас пустует. Никогда прежде в Sputnik не было такой тяжелой атмосферы, как 19 июля 2018 года.

Табылды Кадырбеков:

В моем архиве тысячи и тысячи фотографий, и большинство из них портреты людей. Многие из них затерялись на жестком диске или гуляют где-то в Сети. А сейчас я перебираю архив в поисках фотографий Исмаила. Я его фотографировал очень много, он все время просил сфотографировать его. Даже на частые мои отказы улыбался и говорил: "Ну тогда потом".

У меня очень много его фотографий, хотя найти смог всего около двадцати, и помню, как был сделан каждый кадр. А сейчас смотрю на его фотографии и не могу поверить в то, что его больше нет. Тяжело разглядывать и вспоминать моменты перед нажатием кнопки спуска затвора, ведь перед каждым кадром он мог причесаться, надеть пиджак, встать на фоне радиостудии и напрячь мышцы. Я всегда над этим смеялся и подкалывал его, поэтому на всех кадрах он улыбается или под серьезным задумчивым взглядом прячет улыбку.

Мы с ним должны были сделать еще очень много портретов, планировали сделать фотосессию для Love story, снять его свадьбу, смонтировать все слайдом, но судьба распорядилась иначе… Последнее сообщение, которое я получил от него: "Состояние очень тяжелое, прости меня, друг". Он покинул нас, и это трудно принять, но в моих кадрах он останется живым, улыбчивым, отзывчивым.

P.S. Прости меня, друг.

Бактияр Бердибеков:

Исмаил адамкерчиликтүү, боорукер, акылдуу жигит эле. Жүзүндө ар дайым жылмаюу бар болчу. Менин жанымда отурчу элең, аттиң, сенин жогуңа дагы деле ишене албай турган чагым. Кош бол, досум!

Гүлдана Талантбекова:

Исмаил байке дипломат адам болчу. Тил табышканды, алака түзгөндү абдан жакшы билчү. Мен анын ушул сапатына суктанып, үйрөнгүм келчү. Аны менен сүйлөшкөн жакчу. Саясатты да, маданиятты да, спортту да мыкты билчү, айтор бардык темада баарлаша берчүбүз. Бир ирет "Гүлдана, бир нерсеге батына албай, тартына бересиң, журналистте андай сапат болбошу керек" дегени эсимде. Эми агам мага кеңеш бере албайт… 

Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов в офисе редакции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаткан жериң жайлуу болсун, Исма!

Светлана Федотова:

Сейчас поняла, что мало мы с тобой разговаривали. Хотя тебя было классно слушать. Знаешь, мне казалось, что ты говоришь со скоростью света, особенно тосты. Твои поздравления на "днюхах" коллег в офисе были традиционно-праздничным завершением маленького праздника. Это всегда получалось у тебя очень красиво, словно тебя в этот момент снимала камера. Но ты просто всегда говорил красиво и громко, даже на планерках.

Я битый час пыталась вспомнить, что сказала тебе, когда видела в последний раз. Мне кажется, мы просто попрощались после работы. Прости, если когда-то обидела тебя.

Тема боюнча

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Артыңда жок дегенде туяк калсачы…
Белгилер:
эскерүү, Sputnik Кыргызстан, Исмаил Мамытов

ЭҢ МААНИЛҮҮ