Көрсөңөр айтып койгулачы? Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 6 жашар баланын сүрөтү

Жазылуу
Бөбөктүн кайда экендигин көргөн билгендер болсо, (0555) 42-45-52, (0553) 42-45-52 телефон номерлерине кабарлоону суранышты.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Чоң Чүй каналынан алты жашар бала изделип жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөктөн тууганы Светлана Волкова (аты өзгөртүлдү) билдирди.

© Фото / из семейного архива Пропавший в районе Большого Чуйского канала шестилетний мальчик
Пропавший в районе Большого Чуйского канала шестилетний мальчик - Sputnik Кыргызстан
Пропавший в районе Большого Чуйского канала шестилетний мальчик

Анын айтымында, бала 13-июлда жоголгон.

"Кошунанын баласы Миша бутун жууйм деп кетип, сууга түшүп кеткенин айтты. Бизге ӨКМдин беш куткаруучусу жана бир суучулу жардам берип, издеп жатышат. Милицияга да кайрылдык", — деди Волкова.

Жоголгон бала футболка жана чолок жинсы, башына кепке кийип жүргөн. Чачы саргыч. Бөбөктүн кайда экендигин көргөн билгендер болсо, (0555) 42-45-52, (0553) 42-45-52 телефон номерлерине кабарлоону суранышты.

Бишкек шаардык милициясынан Sputnik Кыргызстан агенттигине баланы милиционерлер да издеп жаткандыгын айтышты. Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери аталган жерди тинтип издеп жүргөндүгүн кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0